“Азаттык”: “Аткезчиликке чек арачылар түздөн-түз аралашат, бул алардын пайда табуу ыкмасы” деген пикирлер канчалык негиздүү?
Айкынов: Мен өзүм жашап жаткан Баткен жөнүндө айта турган болсом, 2010-жылдан кийин мыйзамсыз кара май ташуу боюнча бир топ сөз чыккан. Бир күндө жүздөн ашуун жүк унаасы бензин ташыганы, анын айынан жолдор бузулуп жатканы эл арасында нааразылыктарды туудурган. Учурунда жашоочулар жолду тосуп алган окуялар катталган. Биз жакта кыргыз-тажик чек ара тилкелери толук тосулбагандыктан, аткезчиликке чек арачылар да аралашат деп кесе айтууга толук негиз жок.
“Азаттык”: Бирок чек арасы толук аныкталган кыргыз-казак өткөрүү пунктунда аткезчиликке байланыштуу чуулгандуу билдирүү чыкты. "Актилек" көзөмөл-өткөрмө бекетинин мурдагы башчысы Талгат Аланов аткезчиликти аныктаганы үчүн иштен алынганын айтты. Сиздин оюңузча өкмөт чек арадагы аткезчиликти чечүүдө кандай кадамдарга барышы керек? Маселени жоюуга кандай тоскоолдуктар бар?
Айкынов: Каттоо, өткөрүү иштеринде адам фактору роль ойногон учурда бул маселени чечүү мүмкүн эмес деп ойлойм. Андыктан өткөрүү бекеттеринде жаңы технология колдонулушу шарт. Өнүккөн эле заманда жашап жатабыз, ишти компьютерлер менен, аппараттар жасашы керек. Ар бир өткөн жүк, унаа жөнүндө маалымат ыкчам түрдө техникалык базага түшүүсү абзел.
“Азаттык”: Кыргызстанда сиз айтып жаткан ыкманы ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү кандай?
Айкынов: Муну жасаса болот. Жүктү чек арачыдан тышкары бажы кызматкери да карайт. Талгат Алановго байланыштуу окуя териштирилмейинче, бир нерсе айтуу кыйын. Эгер чын деп эсептей турган болсок, бул ачыкка чыгып калган бир гана окуя болуп жатпайбы. Анын билдирүүсүнө каршы бүтүндөй бир система иштеп жаткандай түр да бар. Ошондуктан, технологияны гана колдонуу керектигин айтып жатам. Шайлоо учурунда аймактарда берилген добуштар деле Бишкекке, башкы компьютерге келип түшүп жатпайбы. Ушул сыяктуу тармактык техника ыкмасын колдонуу абзел.
“Азаттык”: Чек ара өткөрүү пункттарына чек арачы, бажы кызматкеринен тышкары, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин өкүлү да көз салып турат. Бирок ошондо да мыйзам бузуу боло бериши канчалык негиздүү?
Айкынов: Кыргызстан коррупция деңгээли жогору экенин жокко чыгара албайбыз. Бул чындык. Демек, өз ара макулдашуу, тил бириктирип иштөө сыяктуу жагдайлар да роль ойношу ыктымал.