Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:54

“Кудайбергенде” соода кылгандардын митинги


“Кудайбергендин” соодагерлери митингге чыкты
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:33 0:00

Машина тетиктерин саткан Бишкектеги «Кудайберген» базарында соода кылган 200дөй адам 28-апрелде Бишкек шаарынын мэриясына экинчи ирет нааразычылыкка чыкты.

Алар базар ээси соода орундары үчүн ижара акысын эки эсе көтөрүп жатканына каршы. Митингчилер менен жолуккан шаар жетекчилиги эки аптанын ичинде бул маселе боюнча бир жаңсыл чечим чыгарууну убада берди.

Турдубек Өмүров
унаа тетиктерин саткан “Кудайберген” базарында 16 жылдан бери соода кылат. Ал базардын ижара акысы эки эсе көтөрүп жатканына нааразы болуп, мэриянын алдына чыккан эки жүздөй кишинин бири.

- Мурда мен 3,5 сомдон төлөп жатсам, азыр 7 миң кылганы жатат. Бул эң азы, 20 миң сомго чейин көтөрүлүп жаткан орундар да бар. Мисалы алганда, 5 же 6 миң сомдон төлөп келгендер эми эки эсе төлөй баштайт.


Биргелешкен кыргыз ишкерлер профсоюзунун төрагасы Нурлан Данияровдун айтымында, базардын кожоюну Эльвира Сурабалдиева жеке ишкерлердин жана соодагерлердин пикири менен эсептешпестен, ижара акысын эки эсе көтөргөнү негизсиз. Ал жаңы баага каршы чыккандарды каалабаса базардан чыгып кетүүгө чакырып, коркутканын кошумчалады:

- Соодагерлерди бир-бирден чакырып алып коркутууда. “Эгер сен төлөбөсөң, контейнериңди ыргытып жиберем, сен кимсиң, сен деген эч ким эмессиң” , -деп айтып жатат бизге. Мындайча айтканда жеке ишкерлердин укугу тебеленүүдө. Бул маселени көтөрүп жатсак, кайра эле ИИМ буларды калкалоодо.


Митингчилер менен Биринчи Май районунун акими Аскербек Алиев жолукту. Ошондой эле аларды Бишкек мэри Кубанычбек Кулматов кабыл алды. Жыйынтыгында шаар жетекчилиги эки жуманын ичинде бул маселе боюнча бир жаңсыл чечим кабыл алууну убада берип, ага чейин ижара акысы эски баа боюнча гана төлөнөрүн айткан. Базар өзү борбор калаанын батышындагы Кызыл-Аскер аймагы тарапта жайгашканы менен базар жайгашкан жер Биринчи Май районунун менчигине карайт.

Аталган райондун акими Аскербек Алиевдин билдиришинче, бул маселе боюнча эки тарапты угуп, анан чечим чыгарылмакчы.

- “Кудайбергендин” ээлери менен да жолугушуп, бул маселени талкуулап, бир келишимге келгичекти күтүп туруу жагы макулдашылды. Анткени бул маселени эки тарап менен кеңешип чечпесе болбойт.


Ушул эле күнү Бишкек мэриясы шаардагы бардык тиешелүү мамлекеттик органдар менен “Кудайберген” базарынын тегерегиндеги маселени талкуулады. Ал эми Монополияга каршы агенттик ижара акысын негиздебестен туруп көтөрүү мыйзамдарга каршы келерин билдирип, базар ээсине эскертүү берген.

Агенттиктин статс-катчысы Айбек Мамыралиевдин айтымында, бааны көтөрүү алдын-ала макулдашуу менен жүрөт.

- Бааны көтөрүүдөн мурда анын долбоорун бизге бериши керек. Ал долбоорду карап чыгып, экономикалык негиздемеси бар-жогуна карап, биз “макул” же “каршыбыз” деп жооп беребиз. Учурда эч кандай 100 пайыз көтөрүү болгон жок. Азырынча көтөрүү боюнча сөздөр гана болуп жатат.


“Кудайберген” базарынын ээси ишкер айым Эльвира Сурабалдиева буга чейин ал социалдык тармактагы жеке баракчасында соода орундарына баа акыркы жолу 2009-жылы көтөрүлгөнүн билдирип, соодагерлердин аракеттерин негизсиз деп баалаган.
XS
SM
MD
LG