Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:13

Өкмөт автоунаага бажы төлөмүн көтөрдү


Машине базардагы бала. Бишкек, 5-июнь, 2014.
Машине базардагы бала. Бишкек, 5-июнь, 2014.

Кыргыз өкмөтү чет өлкөдөн ташылган жеңил автоунааларга бажы төлөмүн жогорулатты.

22-сентябрдан тарта күчүнө кирчү токтомго ылайык, бажы төлөмдөрү унаа көлөмүнө жараша 100 долларга кымбаттайт.

Бажы биримдигине даярдык...

Булан Кабылбеков Бишкекте жеңил автоунаа сатат. Анын айтымында, өкмөт токтом чыгаргандан кийин базарда баа көтөрүлүп кетти:

- Машине алам дегендер көп эле болууда. Бажы төлөм көтөрүлөт, ага чейин машине алып алайын деп жатышат. Анан Бажы биримдигине кирсек, мындан да кымбаттайт деп алмаштырууга аракет кылып жатышат. Анда бензин кымбаттаганы майды аз ичкен машиненин баасы көтөрүлө баштады.

Кабылбеков айтып жаткан сыртан ташылып келчү жеңил автоунаага бажы төлөмүн көбөйтүү боюнча өкмөт токтому өткөн аптада кабыл алынды. 22-сентябрдан тарта күчүнө кирчү токтомго ылайык, сырттан алынып келген автоунаанын бажы төлөмдөрү көлөмүнө жараша 10 центке көтөрүлөт.

Ал эми жаңы жылдан тарта бажы төлөмү дагы 50 центке көтөрүлөөрүн Экономика министрлигинин соода саясаты башкармалыгынын башчысы Таалай Бекташев “Азаттыкка” билдирди:

- Өкмөт токтомунда жеңил унаага бажы төлөмүн алты этап менен көтөрүү каралган. Ага ылайык, быйыл 22-сентябрдан тарта автоунаанын кыймылдаткычынын көлөмүнө жараша 10 центке кымбаттамакчы. Ал эми жаңы жылдан тарта бул 50 центке жогорулайт. Башкача айтканда, 10 центтен болгондо эгер кыймылдаткычынын күчү 200 миң куб метр автоунаанын бажы төлөмү 200 долларга кымбаттайт. Ал эми 50 цент болгондо бул сан 1000 долларга чейин кымбаттамакчы.

Бекташов кошумчалагандай, бажы төлөмүнүн жогорулашы базардагы автоунаалардын баасына таасир этет. Бирок министрлик өкүлү мындай кадам өлкөгө техникалык талаптарга жооп бербеген эски машинелердин киришине бөгөт коёрун жана Бажы биримдигине кирүүгө даярдык экендигин айтат:

- Биз эмнеге мындай демилгени көтөрдүк? Анткени акыркы кезде Кыргызстанга эски унаалар абдан көп келип жатат. Эгер статистиканы карасак, 2010-жылдан бери өлкөгө келген автоунаалардын 88 пайыздан ашыгы эски автоунаалар болгон. Бул жол кырсыктарынын көбөйүшүн шарттап жатат. Мындан сырткары экологияны булгап, зыяндуу газдарды чыгарууда. Анан Бажы биримдигине кире турган болгондон кийин ага даярдык катары карасак болот.

Депутаттар нааразы

Кыргыз өкмөтү бажы төлөмүн 1-сентябрда жана 1-январда көтөргөндөн тышкары, беш баскыч менен 2019-жылга чейин ар жылы көтөрүп турууну сунуштап жатат. Ошондо заводдон чыкканына он жыл болгон жана кыймылдаткычынын күчү 2 куб машинанын бажы төлөмү 2019-жылы 7 миң доллар болот. Бул бүгүнкү күнгө карата он эсе жогорулайт дегенди түшүндүрөт.

Мындан улам Жогорку Кеңештин депутаттары бажы төлөмдөрү көбөйүшүнө кескин нааразылык билдирип, өкмөттүн маалымат беришин талап кылды. Депутат Улукбек Кочкоровдун айтымында, өкмөт бул маселе боюнча парламенттин макулдугун алышы керек болчу:

- Автоунаага бажы төлөмдөрүн өкмөт өзү билгендей көтөрүп жатат. Муну менен ишкерлерге бут тосуп, элдин нааразылыгын жаратып жатышат. Мындай маселени парламент карашы керек. Ошондуктан бул маселени биз талкуулашыбыз керек.

Өкмөт болсо бул боюнча жакынкы күндөрү депутаттарга түшүндүрмө берерин билдирди.

Кыргызстанда бажы төлөмдөрү төмөн болгондуктан, коңшу өлкөлөргө караганда автоунаа баасы арзан. Өлкөдө автоунаалар үчүн бажы төлөмү акыркы ирет 2008-жылы көтөрүлгөн.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG