Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:56

Футбол: Кыргызстан менен Өзбекстан беттешет


23-июлда Ташкентте футболдон 2014-жылкы дүйнө чемпионатына талапкерлерди иргеп алуу оюндарынын алкагында Кыргызстан менен Өзбекстан командалары беттешет.

23-июлда Ташкенттин “Пахтакор” стадионунда 2014-жылы боло турган дүйнөлүк чемпионатына талапкерлерди иргеп алуу оюндарынын алкагында Кыргызстан менен Өзбекстандын тандалма командаларынын биринчи беттешүүсү болот.

Жооп иретиндеги экинчи беттешүү 28-июлда Бишкекте өтөт.

Футбол федерациясынын басма сөз катчысы Канат Асеновдун “Азаттыкка” билдиргенине караганда, Өзбекстандын командасы чет өлкөлөрдө даярдыктан өтүп, курамына 10 жалданма футболчуну да кошуп алышты.

Мына ушундай маанайдагы пикирди футболдон Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Бообек Кадыркулов билдирип, Өзбекстандын командасы Азия континентиндеги мыкты футболчулар деди.

Ташкентке барган кыргызстандык 17 футбол оюнчунун экөө дарбазачы, 6 коргоочу, 5 жарым коргоочу жана 3 чабуулчудан турат. Алардын баары жергиликтүү “Дордой”, “Абдыш-Ата” жана “Нефтчи” футбол клубдарынын оюнчулары.

Кыргызстандын командасынын катарында бир дагы жалданма оюнчу жок. Ал түгүл “кара кыргыз” аталган “Дордойдун” чабуулчусу Дэвид Тетте да команданын катарына кошулган жок.

Футбол федерациясынын басма сөз катчысы Канат Асеновдун айтымында, жаракат алган Максим Агапов, Фарух Абитов жана Рустам Усанов команданын катарына кирбей калышты.

Ошондой эле кыргызстандык мыкты футболчулар Владимир Харченко менен Павел Матяш жакында эле Орусиянын жарандыгын алышып, алар да четке чыга беришти. Ал эми Карим Израилов учурда Түркиянын футбол клубдарынын сыноосунда жүргөндүктөн Ташкенттеги беттешүүгө катыша албай калды.

Өзбекстандын курама командасынын катарын 22 футболчу түзөт. Алардын 3 дарбазачысы, 6 коргоочусу, 8 жарым коргоочу жана 5 негизги чабуулчусу бар.

Алардын көбү футбол өнүккөн Түштүк Корея, Австрия, Орусия, Казакстан, Азербайжан, Катар жана Сауд Аравия мамлекеттеринин футбол клубдарынын катарында ойногон, такшалган оюнчулар.

“Заман Кыргызстан” гезитинин футболдук баяндамачысы Табылды Асыгалиевдин пикиринде, өзбекстандык футболчулардын деңгээли жогору жана даярдыгы мыкты.

- Алардын жаштар командасы дүйнө чемпионаттарында ойноп жүрүшөт. 1994-жылы Хиросимада өткөн 12-Азия оюндарында Өзбекстан биринчи орунду ээлеген. Азия чемпионаттарында 4-орунга чейин жетишкен. Кыргызстан менен Өзбекстандын командасын салыштырууга болбойт. Ошондуктан Ташкентте ири эсеп менен утулбай келсе дурус болоор эле.

Мына ушундай эле маанайдагы божомолду өлкөнүн кичи футбол федерациясынын өкүлү, улуттук калыс Ырыскелди Мусаев да айтты.

- Ташкентте алар артыкчылык кылышат. Оюн 2:0 же 3:1 эсебинде өзбекстандыктардын пайдасына аяктайт го деп божомолдойм.

Футбол күйөрманы Кеңеш мырза Өзбекстандын бийлик өкүлдөрү илгертеден эле футбол ышкыбозу экенин белгилеп, Кыргызстандагы жетекчилер спортко көңүл бурбаганын сынга алды.

23-июлдагы беттешүү Өзбекстан убактысы боюнча кечки саат алты жарымда башталат. Кыргызстандык футбол күйөрмандарынын үмүтүн өчүрбөй, оюнчулар болгон аракетин жумшап, өлкө намысын колдон келишинче татыктуу коргойт деп ишенип туралы.
XS
SM
MD
LG