Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:07

Жаш шахматчыларды тарбиялаган борбор ачылды


Бактыгүл Тиленбаеванын шахмат борборунун кенже тайпасынын тарбиялануучулары.
Бактыгүл Тиленбаеванын шахмат борборунун кенже тайпасынын тарбиялануучулары.

Бишкек шаарында балдардын шахмат борбору ачылды. Эки кабаттуу жеке турак жайда орун алган бул борбордо 4 жаштан 14 жашка чейинки 200гө жакын балага шахмат үйрөтүүгө шарт бар.

Аны Эл аралык шахмат федерациясынын (ФИДЕ) инструктору, Кыргызстандын атынан дүйнөлүк чемпионатка сегиз жолу катышкан Бактыгүл Тиленбаева негиздеди.

11 жаштагы Мээрим Калмурзаеванын шахмат ойной баштаганына 1 айдан ашуун убакыт болду. Ал шахмат ойноо мектепте математика сабагын мыкты өздөштүрүүгө өбөлгө болот деп ишенет.

- Мурда шашки ойночумун. Эми шахматты ойноону өздөштүрүп жатам. Учурда башталгыч тайпасында билим алуудамын. Шахмат ойноо математика сабагын терең өздөштүргөнгө жардам берет.

Эл аралык шахмат федерациясынын (ФИДЕ) инструктору, балдардын шахмат боюнча машыктыруучусу Бактыгүл Тиленбаева 1989-жылдан бери окуучуларга шахмат ойноону үйрөтүп келет. Алгачкы окуучуларынын бири Альгис Шүкүралиев эл аралык мелдештердеги жетишкендигинин натыйжасында гроссмейстер наамын толтурган. Альгистин атасы Рысбек Шүкүралиев учурда 4 жаштагы небересин дагы шахмат ойноого үйрөтүү үчүн Бактыгүл Тиленбаеванын шахмат борборуна алып келген.

- Уулум Альгис Кыргызстандын 2 жолу чемпиону болду. Гроссмейстер наамын толтурду. Кызым Нарцисс 18 жашка чейин Кыргызстандын бир нече жолу чемпионатын жеңип окууга тапшырып, учурда илим менен алектенүүдө. Ушул тапта Альгистин уулу, менин неберем атасынын жолун жолдоп Бактыгүл Тиленбаевадан шахмат ойноону үйрөнүп жүрөт. Буйруса атасы жетишкен ийгиликтерге ал да жетишет деп ойлойм.

ФИДЕ инструктору Бактыгүл Тиленбаева.
ФИДЕ инструктору Бактыгүл Тиленбаева.

Бактыгүл Тиленбаеванын шахмат борбору 2 кабаттуу жеке турак жайда жайгашкан. Турак-жай демөөрчүлөрдүн жардамы менен 10 жылдык мөөнөткө банк аркылуу насыяга алынган. "Ата-энелердин суроо талабы ыңгайлуу шарты бар жеке мектеп ачууга түрткү болду",- дейт Бактыгүл Тиленбаева:

- Мурда шахматты балдарга дзюдо мектебинин бир бөлмөсүндө үйрөтчүмүн. Бир имаратта дзюдочулар ызы-чуу болуп машыгышса, бир бөлмөдө биз шахмат ойночубуз. Ошондон улам ата-энелер мага кайрылып, балдарга шахмат үйрөнүүгө аталган жай ыңгайсыз болуп жаткандыгын айтышкан жана кымбат болсо да бир имаратты ижарага алуумду суранышкан. Изденип жүрүп, эки кабаттуу үйдү таптым. Мирлан Муратов деген жаш бизнесмен жана "Оптима" банкынын көмөгү менен 10 жылга насыя алып, үйдү сатып алып борбор ачтым. Негизги максат дүйнөнүн, Азиянын чемпиондорун чыгаруу. Масштабдуу тилек кылсаң кудай ишке ашырат дейт эмеспи.

Бактыгүл Тиленбаева Кыргызстандын кыз-келиндер курама командасынын катарында 8 жолу дүйнөлүк шахмат олимпиадасына катышкан. Ал мелдештерде кыргыз командасы бир жолу жааттык эсепте 90го жакын мамлекеттин арасынан 15-орунга ээ болушса, дагы бир жолу жааттык эсепте топтук жарышта 1-орунду алып, кичи алтын медалды тагынышкан. Учурда анын жолун жолдогон шакирттери бир катар эл аралык мелдештерде Кыргызстандын намысын коргоп келишет. 10го жакын шакирти Азия чемпиондугунда алтын, күмүш, коло байгелерди тагынышып, жогорку жетишкендиктерди камсыздашкан. Көпчүлүгү Кыргызстандын чемпиондугунда дагы алтын байгеге негизги талапкер болушууда.

Алардын катарында Дария, Амир жана Батырхан Ли аттуу бир туугандар бар. Жаш шахматчылардын апасы Айгүл Алыгулова талыкпай машыгуулардын натыйжасында эл аралык мелдештерде байгелерге ээ боло баштаганын айтат.

Бактыгүл Тиленбаеванын шахмат борборунун ачылыш аземинде.21-июль,2015-ж. Бишкек шаары.
Бактыгүл Тиленбаеванын шахмат борборунун ачылыш аземинде.21-июль,2015-ж. Бишкек шаары.

- Шахмат борборунун ачылышына абдан кубанычтабыз. Менин үч балам 6 жылга жакын убакыттан бери Бактыгүл Тиленбаеванын жетекчилигинде шахмат ойноп жүрүшөт. Кызым Дария 12 жашта, Шри-Ланкада болгон Азия чемпиондугунда 2-орунду алып келди. Грецияда болгон дүйнө чемпионатында кичи алтын медалды тагынды. Уулум Амир 10 жашта. Ал Кыргызстандын курама командасынын катарында Индияда болгон Азия чемпионатында жааттык эсепте коло байгеге татыды. Кичүү уулум 4 жашта. Ал жаңыдан гана шахматты үйрөнө баштады. Буйруса балдарым келечекте дагы жакшы жетишкендиктерге ээ болот деп ишенем.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов жашоосундагы жетишкендиктеринин көпчүлүгүн шахматты ойноону билгендигине байланыштырат. Ал учурда көпчүлүк ата-энелер балдарын шахматты үйрөткөн ийримдерге берип жатканын белгилеп, бул жакшы саамалык экенин айтууда:

- Бактыгүл Тиленбаева шахмат жаатында менин биринчи мугалимим. Устатымдын шахмат борборунун ачылышына кубанычтамын. Учурда ата-энелер балдарына шахматты үйрөтүү үчүн көп аракет кыла баштаганы кубандырат. Шахмат адамдын интеллектуалдык жөндөмүн арттырат. Адам кичинесинен шахмат ойносо, чоңойгондо окуусуна, иштеген ишине жакшы таасирин тийгизет.

Бактыгүл Тиленбаеванын шахмат борборунда учурда 4 жаштан 14 жашка чейинки жаш курактагы 200гө жакын бала билим алат. Окуучуларга 6 машыктыруучу сабак берет. Машыгуу жумасына 2 жолу өтөт, акысы айына 1500 сом. Эл аралык мелдештерде байге утуп жогорку разрядга ээ болгон жаш шахматчылар борбордон бекер билим алышат.

  • 16x9 Image

    Эмилбек Чекиров

    2009-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин агрономия факультетин аяктаган. 2007-жылы УТРКнын алдындагы “ТВ Академия” эксперименталдык чыгармачылык борборунан оператор- режиссер курсун бүткөн.

XS
SM
MD
LG