Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:55

Чикагодогу кыргыздар жөнүндө 44 чындык


1. Чикагодогу кыргыздар абдан ынтымактуу, алар түндүк-түштүк болуп бөлүнгөндү билишпейт.

2. Алардын түнкүсүн иштегендерин үкүлөр, таңында жумушка баргандарын торгойлор деп коюшат.

​3. Чикагодо 20-30 жаштагы кыргыздар басымдуу.

4. Көпчүлүк ойлогондой, алардын бардыгы таксист болуп иштебейт.

5. Эгер сиз үй-бүлөлүү болсоңуз, анда сизге карата мамиле да өзгөчө. Тар чөйрөдө сиз тууралуу "байке, анын үй-бүлөсү бар" деп урматтоо менен кеп кылышат.

6. Көбү үйүндө тамак даярдабайт, анткени Чикагодо кыргыздардын жети ашканасы бар.

​7. Жалгыз тамак жеп жаткан кыргыз абдан сейрек учурайт. Адатта алар бири-бирине алдын ала телефон чалып, чогуу тамактанышат.

8. Тамак үстүндө алар кызык окуялардан кеп салышат.

9. Ар биринин кеби ширин, уккан сайын уккуң келет.

10. Дээрлик баары бири-бирин жүзүнөн тааныйт жана "ассалам алейкум" деп учурашат.

11. Достор англисче саламдашат, мындайда алар “what’s up или how ya doin’?” деп сурашат.

12. Кыргызстанда орусча кошуп сүйлөшсө, чикаголуктар кыргызча сүйлөп атып англисче бир сөздү кыпчый кетишет. Же англисче сүйлөшүп атып эле эне тилин кошуп кеткенин көрөсүң.

13. Алардын башка штаттагы кыргыздар түшүнбөгөн өз термини жана жаргондору бар.

14. Чикагодо кыргыздар дайыма барып, тамак-аш, адал эт, шоколад, атайын эмерек сатып алган соода түйүндөр бар. 24 саат бою иштеген Western Union, машине оңдоп, жууган жайлар ж.б. жетиштүү.

15. Кыргыздардын көбү Fogo de Chao аттуу бразилиялык ресторанда даам татып көрүшкөн.

16. Чикагого келген кыргыз шаардын Willis Tower деген атактуу имаратынын 103-кабатынан сүрөткө түшөт. Cloud gate же Bean, Michigan Avenue bridge дагы алар сүйгөн орундар.

17. Чикагого барган кыргыздар жашоо-шартка бат эле көнүп кетишет жана шаардын коен жатагынан бери билишет. Навигаторду болсо көчө тыгындарын текшерүү үчүн гана колдонушат.

18. Көпчүлүк кыргыздар 2011-2014-жылы чыккан жаңы машине айдайт.

19. Алардын көпчүлүгү Кыргызстанга жок дегенде бир автоунаа жөнөткөн, айрыкча Lexus маркасын.

20. Көпчүлүк студенттер Миссури штатынын Сент-Луис шаарында билим алат.

21. Linux жана Oracle окуган студенттер да көп.

22. Негизи эле Чикагодогу жаштар абдан жигердүү, алардын арасынан таланттууларды, атактуу спортчуларды кездештиресиң.

23. Курсак байлаган кыргыз сейрек кездешет, көпчүлүгү фитнеске, спорт клубдарга барып, ден соолугун чыңдашат.

24. 60 пайызга жакыны жок дегенде жумасына бир жолу футбол ойнойт.

25. Англиянын футбол клубунан кем калбаган чакан футбол командасы бар.

26. Кыргыздар арасындагы Американын футбол чемпионатында Чикаго командасы дайыма көч башында, бирок финалга жеткенде эле көп утулат. Көптөр аны Германия командасына окшоштурат.

27. Бул жылы Германия Дүйнөлүк чемпионатта жеңүүчү болсо, Чикагодогу кыргыздардын футбол командасы “Ынтымак кубогун” утуп алды.

28. Чикагодогу кыргыздар улуттук жана диний майрамдарды унутта калтырбай, сөзсүз белгилейт.

29. Дегеле Чикагодогу кыргыздар ыймандуу. Жума күнү же айт намазда алардын көбүн мечиттен жолуктурасың.

30. Кыргыз ашканаларынын баарында намаз окуган бөлмө бар.

​31. Акыркы жылдары жаштардын саны өстү, ага жараша үйлөнүү тойлор да бат-бат өтүп турат.

32. Эгер бирөө менен жолугуп жүрсөң, баары андан кабардар. Анан жолугуп калсаң “той качан?” деп сурай беришет.

33. Баары бири-бирин жакшы тааныйт. Атын билбесе да, машинесинин номерин жатка билишет.

34. Көпчүлүк машинелерден кыргыз эн белгилерин көрүүгө болот. Ал кичинекей сувенир же KG, KGZ, IKYRGYZ д.у.с жазуулар.

35. Жайында улуттук оюм же кыргыз желегинин сүрөтү түшүрүлгөн футболка кийиген кыргызды көп көрөсүң. Бул Кыргызстандан келген досторунун белеги.

36. Чикагодо кулакчын (наушник) тагынгандарды көп учурайт. Адатта көбү бир гана кулагына кийип алган болот.

37. Жумушта алар дайыма достору менен байланышта болушат. Жок дегенде үч-төртөө интернетте конференция түзүп сүйлөшөт.

38. Көбү экиден телефон көтөрөт, бирөө жумуштуку, экинчиси жеке өзүнүкү.

39. Чикагодогу кыргыздар абдан мээнеткеч, кээде дем алышсыз иштейт.

40. Кыш келип, суук түшкөндө бир-эки жумага тыныгуу алып Американы кыдырууга кетишет.

41. Жаңы жылдан кийин эки-үч күнгө лыжа базасына барып, эс алышат.

42. АКШда шарт жакшы болсо да, кыргыздардын 95% мекенине кайтып келет.

43. Чикагодо жүрүүнүн орточо мөөнөтү үч-төрт жыл.

44. Чикагодон таанышкан кыргыздар мекенге келгенде да катташып, кол үзүшпөйт.

P.S. Бул пост тамаша иретинде жазылган, бирок көпчүлүгү чындык. Аз да болсо Чикагодогу кыргыздардын турмушу менен тааныштырууну чечтим.

Чындыгында эле Америкадагы кыргыздардын эң чоң диаспорасы Чикагодо. Ал жакта жүргөндөр Кыргызстандын экономикасына салым кошууда. Алар үй салып, квартира сатып алып, машина жөнөтүп, чакан жана орто бизнес менен алектенип, инвестициялык фонд түзүп, кайрымдуулук акцияларын өткөрүп, бул жактагы туугандарына акча салып жатышат. Мен алар мекенге барганда да алакан жайып отурбасын билем. Тескерисинче, АКШдан алган билимин, тажрыйбасын колдонуп, коомдук турмушка жигердүү аралашарына ишенем. Муну мен өзүмдөн, досторумдан, дегеле бул чоң, керемет шаарда таанышкан мекендештерден улам билем.

Замирбек Нуров

XS
SM
MD
LG