Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:41

Милиция жаш баланы атасынан күчтөп ажыраттыбы?


Ички иштер министрлигинин кызматкерлери 6 жашар баланы атасынан казакстандык апасына күчтөп тартып берген болушу мүмкүндүгү айтылууда.

Бул тууралуу баланын атасынын адвокаты билдирип, өз негиздерин келтирип жатат. Ички иштер министрлиги мындай дооматтарды четке кагуу менен окуяны башка өңүттө чечмелөөдө.

Кыргызстандын жараны болгон алты жашар наристенин ушу тапта кайда экендиги белгисиз. Адвокаттын айтымында, аны 20-февралда Ички иштер министрлигинин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери атасынан күчтөп тартып алып, белгисиз адамдарга берип жиберген.

Бала кайда?

Адвокат Бакай Албановдун бүгүнкү маалымат жыйынында билдиришинче, баланы атасы экөөсүн Бишкек шаарындагы жеке менчик “Эврика” мектебинен тартип коргоо органдары ИИМге алып кеткен.

- 20-февраль күнү милициянын кызматкерлери мен жактап жаткан кишинин алты жаштагы баласы экөөсүн мектептен алып кетип, кылмыш иликтөө башкы башкармалыгындагы ар башка кабинеттерге киргизип, саат бештен он бирге чейин алты сааттай кармашкан. Бул адам саат кечки 11де ал жерден чыгып, баласынан ажырап калды. Ал эми баланы укук коргоо органдары кимге бергенин биз билбейбиз. Апасына бердиби, же башкаларга бердиби белгисиз.

Бакай Албанов наристенин да, анын атасынын ысмын да ачыктаган жок. Анын белгилешинче, 2006-жылы Бишкек шаарындагы №1 төрөт үйүндө төрөлгөн бул наристенин ата-энеси 2011-жылы ажырашкан. Ошондон тарта бала атасы менен чогуу жашап келаткан болчу. Ал эми баланын апасы кошуна Казакстандын жараны, Алматы шаарында турары айтылууда.

- Баланын кайсы жерде жашай турганын сот гана чечиш керек. Сотко чейин кандайдыр бир ишти кылууга укук коргоо органдарынын укугу жок болчу. Анткени, азыр апасына берип салса, бизди сотко кайрылуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратат. Бала казак өлкөсүнө кетсе, анда Казакстандын сотуна кайрылыш керек болот. Бирок казак мамлекетинде сотко берүү кыйын болот.

“Кабар” маалымат агенттигинде болгон маалымат жыйыны жарым саат кечигип башталып, ага наристенин атасы катышуудан баш тартканын белгилешти. Укук коргоочу Олег Казаковдун айтышынча, ички иштер министрлиги бул маалымат жыйынынын өтүшүнө мүмкүн болушунча тоскоолдук кылды.

- Баланын атасына жана чоң ата, чоң апасына кысым болуп жатат. Алар бул маалымат жыйынына келүүдөн баш тартты, абдан коркуп калышкан. Болгондо да биздин тартип коргоо органдарынан коркуп жатышат.

ИИМ: Дооматтар суу кечпейт

Ошентип укук коргоочу Олег Казаков бул окуяны баланы уурдап, сатып жиберүү фактысы катары сыпаттады. Ал эми ички иштер министрлиги укук коргоочунун айткандарын төгүнгө чыгарууда.

Аталган министрликтин маалымат кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев буларды билдирди.

- Олег Казаковдун айткандары чындыкка дал келбейт. Анткени кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын балдары наристени тартып алып, бирөөгө сатып жиберген эмес. Бул кайдан чыккан сөз билбейбиз. Ошол эле кезде бул иш боюнча башка да фактылар чыгып жатат. Эртең кененирээк маалымат беребиз. Дагы бир айта кетүүчү нерсе, бул баланын ата-энеси мыйзамдуу никеде турган эмес. Анан Олег Казаков айкандай, 2011-жылы кантип ажырашмак эле?

Анткен менен тартип коргоо органдары кандай негизде баланы атасынан күчтөп тартып алганы азырынча белгисиз. Алты жашар наристе азыр апасынын колундабы, андай болсо чек арадан кандай негизде өткөн, бул жагы да табышмак бойдон калууда.

XS
SM
MD
LG