Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:17

Москвада ташталган ымыркайлар алынып келди


Москвадан алынып келген ымыркайлар
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:39 0:00
Түз линк

Москвада ташталган ымыркайлар алынып келди

Кыргызстандык ата-энелери Москванын балдар үйүнө таштап кеткен алты наристе бүгүн таңга жуук Бишкекке жеткирилди.

Аларды Кыргызстандын социалдык кызматкерлери менен дарыгерлер алып келишти. Бул үчүн кыргыз өкмөтү бир миллион сом бөлүп берген. Алты наристе тең Бишкектин ымыркайлар үйүнө жайгаштырылды.

Буга чейин да Москвада ташталган бир нече ымыркай мекенине жеткирилген. Жалпысынан Москванын ымыркайлар үйүндө элүүгө жакын кыргызстандык наристе багылып жатканы айтылган.

Орусияга иштегени кеткен кыргызстандык келиндер бала төрөп, таштап кеткен учурлар башка шаарларда да бар экени айтылганы менен азырынча расмий статистика жок.
  • 16x9 Image

    Улан Асаналиев

    "Азаттыктын" Бишкек бюросунун видео-журналисти, фотограф. "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун фото-сынагынын жеңүүчүсү. 2006-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетин аяктаган.

  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

XS
SM
MD
LG