Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:26

Оторбаев: Цзинпиндин сапары тарыхый болду


Кытай лидеринин Кыргызстандагы мамлекеттик сапары тууралуу суроолорго биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев жооп берди.

- Кытай-Кыргызстан стратегиялык өнөктөштүк боюнча декларацияга кол койду. Бул эки өлкө ортосундагы алакаларга эмне артыкчылык берет? Буга чейин Кыргызстан Орусия кызматташтыгында гана ушундай макам бар эле да?

- Биз Кытай Эл Республикасы менен көп жылдан бери алака-катышыбыз бар. Кытай менен саясий да, экономикалык да кызматташтыгыбыз мыкты деңгээлде өнүгүп жатат десек болот. Мисалы, Си Цзинпиндин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарында он документке кол коюлуп, жалпы инвестициялардын көлөмү 3 млрд. долларга чейин жетип калды. Инфраструктура, жол курганга, энергетика, Түркмөнстандан газ түтүкчөсү да биз аркылуу өткөнү турат, Бишкектеги ТЭЦти оңдоого да 400 млн. доллар инвестициялык кредит алып жатабыз. Дагы 400 млн. долларга Кыргызстанга ооруканага куруп бермей болушту. Бул жардамдардын көлөмүн алып караганда деле стратегиялык деп айтууга болот. Кытай лидеринин бул сапары тарыхый болду деп айта алам.

- Баш аягы он документке кол коюлган экен. Ал долбоорлор качан башталат? 1-этапта башталчу долбоорлор кайсылар, буларга каражат бөлүндүбү?

- Каражат бөлүнүп жатат, көпчүлүгү Кытайдан келип жатат. Бүгүнкү келишимдерге тиешелүү каржы, экономика, энергетика министрлери кытайлык кесиптештери менен сүйлөшүү жүргүзүп, иштеп башташты.

- Буга чейин айтылып келген Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолу тууралуу кеп болгон жок окшойт. Муну айрым эксперттер Орусиянын басымынан улам деп боолгоп жатышкан экен. Анткени темир жол курулса Орусия миллиондогон кирешеден кур калат деп жазгандар болду?

- Андай эмес, биз темир жолду башкы приоритет катары карап, сөзсүз курушубуз керек. Жолугушууда бул тууралуу сөз болду. Бирок каражат булактарын табыш үчүн убакыт керек болуп жатат.
  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG