Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:20

Электр энергиясын эми Кытайга сатабыз


Кыргызстан -- кытайлык жумушчулар Кемин подстанциясынын пайдубалын түптөөгө арналган салтанатта. Чүй облусу, 1-август, 2012.
Кыргызстан -- кытайлык жумушчулар Кемин подстанциясынын пайдубалын түптөөгө арналган салтанатта. Чүй облусу, 1-август, 2012.

Кыргызстандан электр энергиясын сатып алуу үчүн Кытай өзүнүн эсебинен жогорку кубаттуулуктагы электр линиясын курууга кызыкдар.

Ошондой эле расмий Бээжин Кыргызстандын өнөр-жай тармагына ири көлөмдөгү инвестиция тартуу ниетин билдирген. Президент Атамбаев менен Кытайдын мамлекеттик кеңешинин төрагасы Вень Цзябаонун жолугушуусу учурунда аталган макулдашууларга жетишилген. Бирок экономисттер буга чейин деле ушул сыяктуу долбоорлор жарыяланып келгени менен аны ишке ашырууга Кыргызстан тараптын даярдыгы начар болуп, бир топ тоскоолдуктар бар экендигин белгилешүүдө.

Кытай Кыргызстандан электр энергиясын алууга кызыкдар

Үрүмчү шаарында өткөн ЭКСПО “Кытай-Евразия” көргөзмөзүсүнүн алкагындагы президент Атамбаевдин жумушчу сапарында Кытайдын Мамлекеттик Кеңешинин төрагасы Вень Цзябао менен кызматташууну күчөтүү маселеси талкууланды. Анда негизинен расмий Бээжин Кыргызстандан электр энергиясын сатып алууга кызыкдар экендигин белгилеп, ал үчүн эки өлкө ортосунда жогорку кубаттуулуктагы электр линиясын өзүнүн эсебинен куруу демилгесин көтөргөн.

Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков аталган курулуш долбоору эки тараптуу негизде иштелип чыгаарын билдирди:

- Кытай өкмөтүнүн башчысы алар Кыргызстандан электр энергиясын импорттоого муктаж экендигин айтты. Биздин мамлекет башчы ал сунушту кабыл алып, биздин өкмөткө ал боюнча тапшырма бере тургандыгын белгиледи. Жакында аталган долбоордун техника-экономикалык негиздемеси иштелип чыкса, эки тараптуу келишимге кол коюлмакчы.

Бул долбоорду Кыргызстанда “Датка” электр линиясын курууга көмөктөшүп жаткан кытайлык ТВЕА корпорациясы ишке ашырмакчы. Бул боюнча Кыргызстандын “Электр станциялары” менен аталган корпорациянын ортосунда меморандумга кол коюлду.

Бирок мындай долбоордун ишке ашышынан күмөн санагандар да бар. Анткени экономист Улук Кыдырбаевдин айтымында, өткөн жыйырма жылда буга окшогон долбоорлор жарыяланганы менен анын көпчүлүгү үзгүлтүкө учурап келген:

- Кыргызстандын гидроэнергетикалык мүмкүнчүлүгү аябай кеңири. Анан калса эки өлкө кошуна болуп турбайбы. Бирок биз кытайдын инвестициялык мүмкүнчүлүгүн пайдалана албай келеатабыз. Анткени биздин бийликте талап кылынган даярдык жана жаратмандык жетишпейт. Мына ошонун айынан 20 жылдан бери кандайдыр бир ири курулуштарды баштайбыз деп эле, бирок ошонун бирин дагы ишке ашыра алган жокпуз. Бир четинен бийликте дагы туруктуулук болбой жатат. Туруктуулук болбогон жерде кесипкөйлүк болбойт.

Темир жолду баштоо тездейби?

Мындан сырткары жолугушууда Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол курулушун баштоону тездетүү маселеси көтөрүлдү. Аталган темир жолдун каттамы боюнча Кыргызстандын позициясы колдоого алынгандыгы белгиленди. Ошондой эле аталган долбоордун техника-экономикалык негиздемеси 2013-жылдын апрель айына даяр болмокчу.

Сапар Исаков мына ошондо гана курулуштун жалпы долбоору бекитиле тургандыгын айтты:

- Мына ушул долбоордун техника-экономикалык негиздемеси иштелип чыкканга чейин биз эки маселени чечип алышыбыз керек. Биринчиси - долбоорду каржылоо механизми жана темир жолдун туурасынын өлчөмү боюнча бир пикирге келишибиз керек. Ал эми жанагы кайсы багыттар боюнча темир жол курулушу керектиги боюнча маселе жанагы негиздеменин шарты боюнча расмий аныкталат.

Ошондой эле Ош - Баткен - Исфана автожолунун экинчи фазасын ишке ашыруу үчүн Кытай тарап 100 миллион доллар жеңилдетилген насыя берүүгө убада берген. Мындан сырткары азот жер семирткичин өндүрүү, айыл чарба техникасын чыгаруу жана пахтаны кайра иштетүүчү текстиль ишканаларын ачууга Кытай тарап кызыкдар экендиги белгиленди.

Экономика илимдеринин доктору Айылчы Сарыбаев өлкөдө коррупция азайбаса, инвестиция тартуу кыйын деп эсептейт:

- Сырттан инвестиция келе турган болсо эле биздин бийликтегилер мына ошол ишкер долбоорлордун кожоюндарынан акча талап кылып, болбосо тоскоол боло башташат. Анан ошентип отуруп канча инвестор буга чейин Кыргызстандан качты. Бул жолу бизде мына ошол инвестицияга тоскоол боло турган ошол көрүнүштөрдү оңдой албасак, анда реалдуу түрдө бизден инвесторлор кача беришет.

Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташтык боюнча аталган меморандумдар эки тараптуу өкмөттүк макулдашуулар аркылуу бекемделмекчи.

XS
SM
MD
LG