Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:06

Кыргызстан – Кытай: кызматташуунун жаңы кадамы


Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев жубайы менен Бээжин аба майданында. 4-июнь, 2012.
Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев жубайы менен Бээжин аба майданында. 4-июнь, 2012.

4-июнда Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин Кытайдагы расмий сапары башталды.

Шанхай кызматташтык уюмунун алкагындагы бул сапардын жүрүшүндө Кытайдын саясий жетекчилиги менен өз ара достук жана кызматташтык багытында декларацияга кол коюлуп, бир катар эки тараптуу экономикалык ири долбоорлор талкууга алынат.

Илгери үмүттөгү сапар

Мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев расмий сапардын алкагында Кытай Коммунисттик партиясынын төрагасы Ху Цзинтао менен жолугушат. Андан соң Кытайдын Министрлер кабинетинин башчысы Вэнь Цзябао баштаган жетекчилик менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт. Сапардын жүрүшүндө өз ара кызматташтыкты тереңдетүүгө багытталган төрт макулдашууга кол коюлаары күтүлүүдө.
Кытай азыр дүркүрөп өнүгүп жаткан мамлекет. Биз өзүбузчө эле үркө бербей, бизге пайдалуу шартта кызматташууга барышыбыз керек. Алданбай туруп, кылдат иш алып барсак эмнеге болбосун.
Ишенбай Абдразаков


Алгач өз ара достукту жана кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча декларация кабыл алынат. Андан ары “Датка-Кемин” электр алкагын каржылоо, Кыргызстандын бюджетине гранттык колдоо жана ал жакта соттолгон кыргыз жарандарын экстрадициялоо сыяктуу документтерге кол коюлмакчы.

Президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысынын орун басары Мухамед Өсөров буларга токтолду:

- Мына ошондой бир нече документтер даярдалып жатат. Сүйлөшүүлөрдөн кийин ошол документтерге кол койулат. Сүйлөшүүлөрдүн учурунда айрым бир жаңы сунуштар, демилгелер кошулуп, кандайдыр бир жаңы жагдайлар да болуп калышы мүмкүн. Ошондуктан ал документтерге кол коюлуп бүткөнгө чейин мына ушундай гана болот деп алдын-ала айтыш кыйын.

Мындан сырткары Атамбаев Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын жыйынына да катышмакчы.

Темир жолдун тагдыры чечилеби?

Кийинки учурда Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол долбоорун куруу демилгеси көтөрүлө баштады. Бул боюнча эксперттик деңгээлде эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн. Чыгыш менен Батышты байланыштырууда Орусия аркылуу өтчү “ТрансСибирь” темир жол магистралына атаандаш боло турган ал долбоорду ишке ашыруунун шарттары да, сүйлөшүү учурунда талкуулана тургандыгы айтылууда.

Дипломат-окумуштуу Ишенбай Абдразаков бул багытта натыйжалуу кызматташуу зарылдыгын белгиледи:

- Биз эгемен өлкө болгондон кийин кайсы жерде кызыкчылыгыбыз болсо ошол жердеги бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдонушубуз керек. Бирок ошого каршы болуп жаткан тышкы күчтөр болуп жатат. Биздин өз алдыбызча тышкы саясат жүргүзгөнүбүз аларга жакпайт. Бардыгы биз аркылуу маселе чечилсе деген саясатты жайылтып жатат. Мына ошондуктан биздин өлкөнүн ичинде деле жанагы темир жол курулуш долбооруна каршы чыгып, “Кытай каптап кетет” дегендер болуп жатпайбы. Кытай азыр дүркүрөп өнүгүп жаткан мамлекет. Биз өзүбузчө эле үркө бербей, бизге пайдалуу шартта кызматташууга барышыбыз керек. Алданбай туруп, кылдат иш алып барсак эмнеге болбосун.
Кытай менен кызматташуу боюнча биздин тышкы саясат күчтүү болсо жакшы болмок. Ошондо жанагы калыптанып калган чочулаган жагдайлар да болбойт эле.
Чынара Эсенгул


Кытайдын экспорттук-импорттук банкы буга чейин өлкөнүн түштүк айагмындагы “Датка” көмөк чордонун курууну каржылаган. Эми “Датка - Кемин” жана “Кемин” көмөк чордондорунун курулушун каржылоо менен Кыргызстандын энергетикалык көз карандысыздыгын камсыздоо боюнча макулдашуу бекитилгени турат.

Талдоочулар буга чейин Кытай тарабы башкалардан айырмаланып, насыя берүү маселесинде кандайдыр бир катуу талаптарды койбогондугун белгилешет. Эл аралык мамилелер боюнча адис Чынара Эсенгул Кыргызстандын тышкы саясатында Кытай өзгөчө көңүл бурууну талап кыла турган багыт экенине токтолду:

- Кытай менен кызматташуу боюнча биздин тышкы саясат күчтүү болсо жакшы болмок. Ошондо жанагы калыптанып калган чочулаган жагдайлар да болбойт эле. Анткени дүйнө эконмикасын багындырып турган Кытайдан көп нерсени үйрөнүп, көп нерсе алсак болот. Башкасын айтпаганда да Кытай азыр дүйнөдөгү жеңил шартта насыя берүүчү өлкөгө айланды. Анын капиталы ашып-ташып жаткандыктан жаңы рынокторду ээлегенге аракеттенип жаткан учуру. Мындай шартта биз ири инвестициялык долбоорлорду сунуштап, эконмиканы көтөрүүгө чоң мүмкүнчүлүк тартсак болот эле. Мында биздин өкмөттүн жана дипломаттардын аракети күч болушу кажет.

Кытай Кыргызстандын көз каранды эместигин биринчилерден болуп тааныган мамлекеттерден. Өткөн жыйырма жыл аралыгында өз ара дипломатиялык жана соода-экономикалык мамилелер калыптанып, Кытай Кыргызстандын негизги өнөктөшү катары аталып келатат. Соңку беш жыл аралыгында өз ара соода жүгүртүүнүн көлөмү жылына 4,5 миллиард АКШ долларына чейин жеткен учурлар катталган.

XS
SM
MD
LG