Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:54

Православдардын ыйык майрамы


Бишкектеги чиркөө, 7-январь, 2016-жыл
Бишкектеги чиркөө, 7-январь, 2016-жыл

Бүгүн бардык православ чиркөөлөрүндө Иса пайгамбардын туулган күнүнө арналган майрамдык иш-чаралар өттү. Христиан динин тутунган кыргызстандыктардын үйлөрүндө да бул күнү дасторкон жайылып, майрамдар болууда.

Чиркөөгө келип сыйынып жаткандардын курагы ар түрдүү. Сегиз жаштагы балдардан баштап сексен жаштагы карыяларга чейин бар. Алардын бири - быйыл 80 жашка караган Раиса Дроздова майрамдык маанайы менен бөлүштү:

- Биз, айрыкча абышка-кемпирлер бул майрамды чыныгы адамдык ыйык сезимдер менен майрамдайбыз. Ар бирибиз Кудайды эстеп, сыйынуу жөрөлгөлөрүн аткарабыз. Жүрөгүбүздө мээрим балкып, колдон келишинче ар бир адамга жакшылык кылгыбыз келет. Албетте, адамдар үчүн майрамдарда гана эмес, мындай жөн-жай күндөрдө деле жакшылык кылганга умтулушубуз абзел. Бүгүн жер шарында эң чоң майрам. Ушул күнү Иисус Христос бул жарык дүйнөгө келген. Ал биздин коргоочубуз. Ал бизди күнөөдөн арылтуу үчүн өз эрки менен өлүмгө барган. Азыр да бизди сүйөт.

Раиса Дроздова жыл сайын ушул күнү чиркөөгө келип шам жагып, Кудайга жалынып кечирим сурап, изги тилектерин айтарын кошумчалады.

Людмила Погребная болсо ушул чиркөөнүн алдында уюшулган мектепте англис тилинен сабак берет. Ал майрамдын шаң-шаанисин ирети менен түшүндүрүп берди:

- Майрам Исанын туулган күнүнө бир күн калганда башталат. Ага чейин православдар 40 күн эт, жумуртка, балык сыяктуу оор тамактардан баш тартууга тийиш. Тамактарга чектөөлөр 6-январь күнү кечинде асманда биринчи жылдыз көрүнгөндөн кийин гана токтотулат. Бул күнү православдар майрамдын урматына дасторкон жайып, бири-бирине конокко барышат. Жакындарга белек-бечкек беришип, жакшы каалоолорду арнашат. Майрамдык дасторконго сөзсүз түрдө күрүчтөн жасалчу кутю деген тамак даярдалат. Кутю - бул күрүч менен балды аралаштырып, жүзүм, жаңгак кошкон таттуу тамак.

Людмиланын айтуусунда, учурда жаштар арасында динге, дегеле аруулукка сыйынуу аракети күчөй баштаганы байкалат. Окутуучу бул көрүнүштү жалпы эле адамзаттын тазаланууга жасаган изги аракеттеринин бири деп эсептейт.

Чиркөө кызматкери Андрей Курявин да акыркы жылдарда бул майрамдын урматына чиркөөгө сыйынуу үчүн келгендердин саны арбып баратканын белгилеп кетти:

- Бул күнү адамдар Кудай менен сүйлөшүүдөн, ага кызмат кылуудан рухий жыргалчылык эле албай, дилин да тазартат. Жакындары менен бир дасторкондо отуруп, бири-бирине мээрим төгүп, бири-бири менен чын жүрөгүнөн ачылып сүйлөшөт. Ошол эле учурда кырк күн өзүн тамак-аштан чектеп, дене боюн да тазалайт. Кудайга жалынып, тилектерибизди айткандан кийин наристелердин жаңы жылдык оюн-зоогун көрүп кубанабыз. Айтор, ушул майрам бизге жалаң гана жакшы маанай тартуулай турган ыйык күн.

Андрей Курявин Иса пайгамбардын туулган күн майрамынын урматына бардык адамдарга боорукерлик каалап, жаштарды диний радикалдык кадамдардан сак болууга чакырарын билдирип кетти.

Майрамга карата чиркөөнүн алдындагы мектепте өтүп жаткан балдардын жаңы жылдык оюн-зоогуна социалдык өнүктүрүү жана эмгек министри Кудайберген Базарбаев да барган экен:

- Биздин министрлик балдарды кароого милдеттүү. Бул жакта ар кайсы улуттагы балдар жүрөт. Арасында орустар, кыргыздар жана башка улуттар бар. Биз бардыгыбыз дайыма ынтымакта болушубуз керек. Мен ишенем, биздин Мекенибизде балдардын келечеги ачык, кең болот. Алар кайсы улуттан, кайсы динден экенине карабай бири-бирине жакшы, жагымдуу мамиле жасаганга умтулушат.

Кудайберген Базарбаев жеткинчектер ушундай майрам, кечелерде чогуу болуп, бала кезинен эле Кыргызстанда ар бир коомдун кызыкчылыгына бирдей, тең мамиле жасаларын үйрөнүп, билип алышы зарылдыгын белгиледи.

Иса пайгамбардын туулган күнүн Орусиядагы, Болгариядагы, Сербиядагы жана дагы бир катар православ чиркөөлөрү эски Григориан жылнаамасы боюнча 7-январда белгилешсе, жаңы Юлиан жыл эсебин карманышкан католиктер 25-декабрда белгилешет.

Кыргызстанда православ багытындагы христиан динин тутунган атуулдардын саны болжолдуу түрдө 500 миңге жакын экени айтылып келет.

Бишкектеги Рождество майрамы
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:20 0:00

  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG