Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:49

Дин башкармалыгы Ош, Жалал-Абадда кадрдык өзгөртүүлөрдү жүргүзөт


Муфтий Чубак ажы Жалилов
Муфтий Чубак ажы Жалилов

Кыргызстандын Дин башкармалыгы өлкөнүн айрым аймактарында кадрдык өзгөрүүлөрдү пландоодо. Бул тууралуу өлкөнүн муфтийи Чубак ажы Жалилов “Азаттыкка” айтып берди.

“Азаттык”: Дин башкармалыгы өлкөнүн айрым аймактарында, өзгөчө Ошто кадрдык алмашууларды пландап аткан экен. Ага эмне зарылчылык болду? Өткөндө Ош шаарында өткөн террорчу деп шектелгендерге каршы операцияда мечиттин имамы жок кылынганына байланышы барбы?

Чубак ажы Жалилов: Биссмиллахи рахмаани рахиим! Кечээ “Акипресс” агенттигине чыккан маалымат бир аз калпыстык менен чыгып кеткенине байланыштуу биз атайын толуктоо, оңдоолорду жөнөттүк. Биздин айтайын дегенибиз, ошол Ош шаарындагы мечиттердин жетекчилеринин 93-94 пайызы бир гана өзбек тектүүлөрдөн тургандыктан мына ошол жерде улут аралык ынтымакты сактоо максатында, өз ара бири-бири менен кызматташууну жөнгө салуу максатында, эгер имам өзбек улутунан болсо орун басарын кыргыз улутунан, же имам кыргыз улутунан болсо орун басарын тажик улутунан кылып, аралаштырып, ушундай иш-чараларды ишке ашыра баштаганбыз.

Бирок бул иштердин бардыгы алмашып аткан имамдардын кайсы бир нерсе үчүн күнөөлүү экендигинен кабар бербейт. Болгону келечектеги улут ынтымагына өзүбүздүн да салымыбызды кошолу деген таризде жасалып атат. Анан мурдагы күнкү болуп өткөн каргашалуу окуяда окко учкан имам Ош шаарында имам болуп иштеген. Бул киши да кызматтан алына турчу имамдардын катарында эле. Бирок ошол иштен алынат болчу деген сөз менен ал кишиге биз эч кандай күнөө коё албайбыз. Ажылык сапар келип калганы үчүн гана аны кызматтан албай, убактылуу токтотуп турганбыз.

Мындай иштер Ош шаарында, Ош жана Жалал-Абад облустарынын кээ бир жерлеринде ишке ашмакчы. Анан негизги чоң өзгөрүүлөрдү айтсам, Жалал-Абад жана Нарын облустарынын казыларын алмаштырдык. Себеби бул аймактарда казылардын милдетин аткаруучулар убактылуу иштеп турушкан. Ошол себептүү азыр атайын казыларды дайындадык. Мурда убактылуу иштеп турган казылар деле кайсы бир нерсеге жараксыз же шектүү болгону үчүн эмес, балким казы болуп мурда иштебегени үчүн гана алмаштырдык.

“Азаттык”: Бул ошол Кыргызстандын айрым эле жерлеринде болуп атабы? Сиз айткандай Ош, Нарында?

Чубак ажы Жалилов: Ооба. Массалык түрдө эмес. Мисалы, өткөндө журналисттер да сурашты, “эмне үчүн өзбектер жашаган жердеги мечитте кыргыздар намаз окубайт?”, “эмне үчүн кыргыздар жашаган жердеги мечитте өзбектер намаз окубайт?” деп. Сырттан караган эл ушинтип шектенип сурай беришет. Анан мен айттым эле “эмне үчүн Бээжинде кытайлар окуп, кыргыздар окубайт?” дегендей суроо болуп калат деп. Бирок ошого карабастан адамдарды аралаштырсак, маданиятты аралаштырсак, ошону менен адамдардын ортосундагы ынтымак иш жүзүнө ашабы деген аруу тилек, изги максаттар менен ушундай иштерге барып атабыз.

“Азаттык”: Операция учурунда жок кылынган Фурхат Нурматов деген мечиттин имамы кызматтан алынмак дедиңиз. Ал эмне себептен кызматтан алынмак эле? Бул кишинин ошол кызматка отуруп калышы кандайча болгон, аны ким дайындаган?

Чубак ажы Жалилов: Ал киши мен азыркы жумушка келгенге чейин эле ошол жерде иштеп турган. Анан биз Ош шаарындагы имамдарды улуттук өзгөчөлүгүнө жараша аралаштырып койсок дегенде, бул кишинин ордуна башка адамдарды коюу планы келип чыккан. Кийин ажылык сапар башталып калып токтолуп турган.

“Азаттык”: Анда ал кишини кызматтан алуу планы анын кандайдыр бир кемчиликтерине же ишмердүүлүгүнө байланыштуу эмес экен да?

Чубак ажы Жалилов: Ошол себептен гана. Бул сөзүм менен мен бу кишини актап же жектеп жибергенден алысмын. Ар кандай себептер болушу ыктымал. Бирок биздин максатыбыз, ал кишини ошол максатта гана кызматтан алууну көздөгөнбүз.

“Азаттык”: Рахмат.
XS
SM
MD
LG