Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:45

Ийилчээк кыз Украинага жөнөп кетти


Чынара Мадимкулова.
Чынара Мадимкулова.

Кыргыз циркинде буту менен жаа аткан Чынара Мадимкулова январда “Украина менин таланттарым-6” эл аралык конкурсунун жарым финалын жеңип, калган жарым финалын багынтуу үчүн Украинага жөнөп кетти.

Чынара 20 жашында жаа атуу искусствосун жогорку чеберчиликте аткарып, дүйнөлүк рекорддор китеби Гиннеске катталган Аида Акматованын шакирти.

Тогуз жашында кыргыз циркинин босогосун аттаган Чынара Мадимкулова Таластын Бакай-Ата районунун Кызыл Октябрь айылында туулган. Телевизордон көргөн бул өнөр аны абдан кызыктырып калган экен:

-“Баракелде” теледолбоорунан Мырзайым деген кызды көргөм. Ал аябай ийилчээк болчу. Аны көрүп мен деле ушундай кыла алам, барам деп чоң атама ыйлагам.

Убада берип койгон чоң атасы небереси улам сурай бергенинен көңүлүн кыйбай акыры циркке ээрчитип келет.

- Башта Аида Акматова мени менен машыгып жүрдүм. Аида эже гастролго кетээринде мени Жыпар эжеге таштады. Ошо менен Жыпар эженин кызы болуп калдым, - деди Чынара.

Кыргыз циркинде 36 жылдан бери иштеп келаткан Жыпара Шамырова, мурда аба гимнасты экен. Азыркы учурда үч, кээде төрт кыздан турган топту машыктырып иштейт. Дагы бир кызы - Алымкан Волгоградда өтө турган “Дельфа оюндары” эл аралык жаштар фестивалына баратыптыр. Буга да абдан тандалмалар барат деди Жыпара Шамырова:

- Бул жерде менин эмгегим бар. Номерди толугу менен өзүм коюп даярдагам. Өзүм авторумун. Кийинки окуучум Чынара Мадимкулова. 2012-жылы “Кыргызстан менин таланттарым” аттуу долбоорго катышып, супер финалистка болгон. Андан кийин Украинадан чакыруу келип, январь айында биринчи турдан өтүп келдик. Украинада кырдаал курч болуп жатпайбы, ал жакка чакырганда кооптонуу билдирдик. Бирок уюштуруучулар долбоорубуз план боюнча эле өтүп атат, тынч эле дешти. Кудай сактасын.

Чынара мурда чоң атасы менен дене көнүгүүлөрүн жасап, ийилип-чоюлчу экен. Циркте жаңы машыга баштаганда анын пайдасы тийиптир. Ийилчээк кыз бат эле жаа атканды үйрөнүп, алгач “Кулун” деген балдардын фестивалына катышып, кийин Кыргызстандын “Таланттар конкурсунда” супер финалист болгон.

Ошентип Чынара Мадимкулова Украина телевидениесинен 17-майда түз эфирден чыгууга даярданып жатат.

Чынара сегизинчи класста окуйт. Келечекте врач болгусу келет экен. Кыргызстанды буга чейин жаа атуу искусствосу боюнча Светлана Козубекова, Аида Акматова таанытып келген.
XS
SM
MD
LG