Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:37

"Мекендештер" чар тараптагы азаматтарды чогултат


Быйыл август айында Бишкекте дүйнөнүн чар тарабындагы кыргызстандыктардын башын бириктирген «Мекендештер» аттуу форум өткөнү жатат.

Форумду уюштуруу комитетинин төрайымы Элвира Сариева «Азаттыктын» суроолоруна жооп берди.

- Адегенде бул форумдун максаты тууралуу айтсаңыз.

- Акыркы жылдары өлкөбүздө чоң өзгөрүүлөр болуп өтпөдүбү. Өтө маанилүү чечимдер кабыл алынды, өнүгүүнүн жолуна түшкөндөй болду. Дал ушундай кырдаалда «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду жана кыргыз өкмөтү биргелешип, «Мекендештер» аттуу кыргызстандыктардын биринчи форумун өткөрүүнү чечтик.

Элвира Сариева
Элвира Сариева
Ал 2-3 августта Бишкек шаарында өтөт. Анда дүйнөнүн булуң-бурчтарындагы ийгиликке жетишкен кыргызстандыктар, дегеле мекенибиздин патриоттору катышат. Биздин өлкөнүн маанилүү ресурстарынын бири адам ресурстары экени белгилүү. Ушундай мекендештерибизди форумга чогултуп, андан мурун, кийин деле кичи мекени болсун, жалпы Кыргызстанга болсун жардам көрсөтсүн деген тилек менен өткөрүп жатабыз.

- Форумга кимдер катышат?

- Кыргызстанды көтөрөлү деген максаты бар, кайсы улуттан болбосун биздин өлкөдө мурун жашап кеткен, мекенине жардам берүүнү көздөгөн адамдар катышат. Биз азыр бул форумду жыл сайын өткөрүүнү пландап жатабыз.

- Буга чейин деле кыргыздардын бүткүл дүйнөлүк курултайы сыяктуу ири иш-чаралар өтүп келди эле. Бул форум ал курултайлардан эмнеси менен айырмаланат?

- Форумга улутуна карабай Кыргызстандын өнүгүшүнө салым кошкусу келген мекендештер келет. Кыргызстан көп улуттуу өлкө эмеспи. Мисалы, Нарындан же Таластан көчүп кеткен көп немистер, орустар бар. Мына ушулардын баары форумга катыша алат. Ошолор жок дегенде өз айылына же шаарына жардам бергиси келеттир. Мурдагы жылдарда Кыргызстан үчүн өтө эле татаал болбодубу. Алар жардам бергиси келсе да, жолдор жабык болчу. Эми болсо мындай демилгени өкмөт кошо колго алып, чогуу иштейли, бири-бирибизге көмөктөшөлү деген ниет менен чакырып жатат.

Анан бул форум кызматташуунун жана байланышты орнотуунун, маселелерди чечүүнүн аянтчасы болушу керек. Негизи форумдун программасы төрт бөлүктөн турат. Бизнес, саламаттыкты сактоо, маданият, туризм, илим жана билим. Мына ушул тармактагы маселелерди талкуулап, тажрыйбаларды бөлүшүп, Кыргызстанга жардам берели деген ойлор бар. Негизги биздин чакырыгыбыз, аларды чогултуп акча суроо эмес, алардын тажрыйбасын бөлүшүп, кылып жаткан жакшы иштерин башкаларга өрнөк катары көрсөтүү.

- Четте жүргөн мекендештерибиз кандай жардам көрсөтө алышы мүмкүн?

- Эми азыр четте окуп, иштеп жүргөн жаштарыбыз интернеттеги социалдык тармактарга «мени өкмөт чакырса, кайсы бир министрликке иштейт элем» деп жазып жатышпайбы. Менин оюмча, өкмөт качан чакырат деп күтүп отура бербей, акырындан жардам көрсөтө берсе болот. Маселен, Түркияда окуп жүргөн бир жигит өз айылындагы мектепке бир жылга бекер интернет туташтырып бериптир.

Же болбосо «Google» компаниясынын Орусиядагы өкүлчүлүгүндө иштеген Тилек Мамытов аттуу мекендешибиз өзүнө тиешелүү тармакта 1-августта келип чоң бир форум өткөрүп берейин деген ою бар. Андан сырткары да бир топ мекендештерибиз азыр деле көп жардам көрсөтүп жатышат. Ошол жардамдарды талкуулап, пландарды түзүп, өлкөгө көбүрөөк жардам берсек деген тилек бар.

- Демек жардам дегенибиз материалдык эле жардам эмес, тажрыйбасын бөлүшүп жетишкен ийгилигинин сырын кыргызстандыктарга үйрөтүү да болуп саналат турбайбы?

- Туура, дал ошондой.

- Мындай чоң иш-чараны уюштуруу маселелери кандай чечилип жатат?

Албетте, форум жөндөн-жөн эле өтпөйт. Буга каражат керек. Биз мунун чечүүдө эл аралык тажрыйбаны эске алдык. Ага ылайык, форумга катышууну каалаган жарандар каттоо акысын төлөшү керек. Анын суммасы 50 доллар. Бул акча форумга келгендердин эки күндүк түшкү тамагына жана башка майда-чүйдө чыгымдарга сарпталат. Мындан сырткары кечки маданий программабыз жана сый тамагыбыз бар. Ага катышкысы келсе 100 доллар төлөшү керек. Мунун баарын 10-июнга чейин бүткөрүп, катталышы керек. Эгер бул мөөнөттөн кеч калса, анда бир аз кымбаттайт.

Анан көп мекендештерибиз «форумга чет өлкөлөрдөн келсек, анан каттоо акысын да төлөшүбүз керекпи, демөөрчү тапса болбойт беле?» деген суроолорду берип жатат. Биз бул ишти уюштурууга донорлордон акча сурагыбыз келген жок. Албетте, маалыматтык колдоо, форум өткөрө турган жерде интернет менен камсыз кылуу сыяктуу иштерде өнөктөштөрдү чакырып жатабыз.

Негизинен биздин пикирибизде, каттоо акысын киргизген эле оң болуп турат. Себеби, быйыл демөөрчүлөрдү таап өткөрсөк да, балким эмдиги жылы жок болуп калышы мүмкүн. Анан кийинки жылы «төлөп койгулачы» деп кайра баштайбызбы? Анын үстүнө өмүр бою эле донорлор бизди каржылайт деп жүрө беребизби? Ошондуктан, Кыргызстандын тагдырына кайдыгер карабагандар үчүн 50 доллар төлөп, чогулуп туруп, өз мамлекетибиз үчүн пайдалуу иш жасаганыбыз оң болот деп ойлоп жатабыз.

- Мындай шартка көнүп, кайрылгандар көп эле болуп жатабы?

Ооба, биз 500 делегат катыштырууну пландап жатабыз. Азырынча бизде 200дөй адам каттоодон өттү. Дагы эки айдын ичинде 300дөй адам жазылат болуш керек. Жазылгандардын көпчүлүгү Франция, Германия, Түркиядан болуп жатат. Жапониядан да 1-2 адам бар, анан Казакстандан. Жакын арада сайтыбыз ишке кирсе каттоо акыларын чогултуу башталат. Ошондо иш дагы күчөйт болуш керек.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG