Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:09

Өкмөт кабары көмүрдүн баасын көтөрдү


Бишкек. Көмүр саткан жер. 25-август.
Бишкек. Көмүр саткан жер. 25-август.

Кыргыз өкмөтү электр энергиясын көмүр аркылуу үнөмдөө чакырыгы менен чыкканы базардан көмүр сатып алгандар көбөйдү.

Адистер Кыргызстандын өзүндө өндүрүлгөн көмүр кыштан чыгууга жетет, баасы көзөмөлдөнөт деп ишендирсе, айрым эксперттер көмүрдүн баасы кескин өсүп кетип, элдин жашоо-тиричилигине олуттуу залака тийгизет деп эскертишүүдө.

Бишкек шаарында көмүр сатып иштеген Үсөн акыркы эки жумадан бери кардарлар көбөйдү дейт.

- Азыр көмүрдү тытып алып жатышат. Эл кышкыга быйыл эрте камданып жаткан өңдүү. Электр жок болот дегенгеби айтор, билбейм. Биз Кара-Кечеден көмүр алып келебиз, ал жерден алып чыгыш азап. Мындай аракет улана берсе, көмүрдүн баасы сөзсүз кымбаттайт. Азыр көп алса кабын 170 сомдон беребиз, кышында ал 300 сомго чыгат го.

Электрге чектөө кирет дегени кыргызстандыктар кыштын камын эртелей көрүп жатышкан өңдүү. Көмүр саткан жайларда алармандардын аягы үзүлбөйт. Алардын бири Сабыр буларды айтты:

- Өкмөт айтып жатса, абал белгилүү да, свет болбойт деп жатышат. Анан тезек, көмүр жагабыз. Азыр Кыргызстанда абал белгилүү эмеспи. Анын эмнесин айтасыңар?

Ал эми Баткенде эмитен эле көмүрдүн тоннасы сегиз миң сомго чыкканын айтып жатышат. Баткендик Толкун Умаров кыш түшкүчө көмүр камдап алсам деген ниети барын, бирок чамасы чак экенин айтты:

- Азыр көмүр камдай элекмин. Эми азыр базардан келдим, килограммы 10 сомдон деп турат. Акча жок, кыш түшкүчө алып алсам жакшы болмок. Бирок акча жок, азыр ала албайбыз го.

Баткенде өндүрүлгөн көмүр Тажикстанга сатылып, ошол себептүү аймакта көмүргө болгон баа жогорулап кетери айтылып жүрөт. Ал эми өлкөдөгү ири көмүр кени саналган Кара-Кечеде ар кандай башаламандыктардан көмүр өндүрүүдө иштер солгун жүрөт. Бир жылда Кыргызстанга эки миллион тоннага жакын көмүр керек. Бул сумманын негизги бөлүгү Казакстандан сатып алынат.

Жалпысынан Кыргызстанда 117 компания көмүр казууга лицензия алган. Иш жүзүндө алардын кыркка чукулу гана иштегени белгилүү. Алардын онго жетпеген компаниясы мамлекет карамагында.

Көмүргө болгон талап өстү
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:39 0:00

Монополияны жөнгө салуу агенттиги коюп берген баа боюнча быйыл мамлекетке тиешелүү ишканалар көмүрдүн майдасын 1200, кесегин 1300 сомдон сатууга тийиш. Аталган агенттиктин жетекчиси Болсунбек Казаков буларды айтты:

- Азыркы базардагы баа экинчи рынок да. Аны мыйзам боюнча биз көзөмөлдөй албайбыз. Бирок быйылкы абалды эске алып, жер-жерлерге жергиликтүү бийлик топ базаларды ачса, анан аларды биз көзөмөлдөйлү деп жатабыз.

Кыргызстан боюнча беш жүздөн ашык көмүр сатуучу база ачылып, аларды Монополияны жөнгө салуу агенттиги көзөмөлгө аларын өкмөт билдирип келет. Бирок баа көзөмөлдөнөт дегенге анча ынана бербегендер да көп. Алардын бири - жарандык активист Качкын Булатов:

- Көмүрдүн баасы өсөт, анан тартыш болот да. Монополияны жөнгө салуу агенттиги 20 жылдан бери эч нерсеге көзөмөл кыла албай эле келе жатпайбы.

Өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев калкка кайрылуу менен чыгып, 3 фаза өчүрүлөрүн билдирип, жылуулуктун башка булагына өтүүгө чакырган. Кыргызстанда азырынча көмүр гана кеңири колдонулуп келет.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG