Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:46

Эки мамлекеттик жетекчиге иш козголду


Кыргызстанда мурдагы министр менен министрдин бир орун басары коррупциялык иштерге аралашканы шектелүүдө.

Мурдагы айыл чарба министри Чыңгызбек Узакбаевге Башкы прокуратура инисине мыйзамсыз насыя алып бергени үчүн кылмыш ишин козгоду. Ал эми cаламаттыкты сактоо министринин орун басары Кубанычбек Чойбеков мыйзамсыз лицензия бергени үчүн камакка алынып, бирок баш коргоо чарасы үй камагына өзгөртүлдү.

Узакбаев кылтакка илинди

Мурдагы айыл чарба жана мелиорация министри Чыңгызбек Узакбаев кызмат абалынан кыянат пайдаланган деп айыпталууда. Ал министр болуп турган кезде бир тууган инисинин мал чарбасына 419 миң доллар суммадагы материалдык насыя алып берген.

Башкы прокуратуранын маалымат кызматынын өкүлү Алмамбет Абдраманов буларга токтолду:

- Чыңгыз Узакбаев министр болуп туруп, өзүнүн кызмат абалынан кыянат пайдаланган. “Бапа” дыйкан чарбасы “Айылдык товар өндүрүүчүлөргө товардык-материалдык түрдө мамлекеттик насыяларды бөлүштүрүү жана берүү тартиби жөнүндөгү” жобо боюнча насыя алуунун талаптарына жооп бербегенине карабастан, өз кол алдында иштегендерге аны насыя алуучулардын тизмесине кошууга көрсөтмө берген. Натыйжада өзүнүн иниси С.Узакбаев башкарган “Бапа” дыйкан чарбасы 419 миң доллар суммасындагы кредит алган.

Аталган насыя АКШнын USAID программасынын каржылоосу менен болуп, бир катар чарбаларга Америкадан асыл тукум торпоктор келген. Экс-министр Чыңгызбек Узакбаев кызматынан ушул жылдын январь айында өз каалоосу менен кеткени айтылган. Ал министрлик кызматка 2012-жылдын сентябрь айында Жогорку Кеңештеги “Ар-намыс” фракциясынын сунушу менен дайындалган болчу.

Аталган фракциянын депутаты Талант Узакбаев экс-министрдин бир тууган агасы. Депутат 5-мартта парламентте сүйлөп жатып, инисин коргоду:

- Үч күндөн бери менин үч бир тууганыма иш козгошту. Өзүмдүн артынан да түшүп, укук коргоо органдары Мамлекеттик каттоо кызматына жана башка органдарга жазып, “депутат Узакбаевдин канча мүлкү бар, канча малы бар” деген маалыматтарды издеп жатышат. Ушул жерге келишсе аларга мен өзүм деле айтып бермекмин. Кечээ Чыңгызга да иш козгошту. Укук коргоо органдары “дыйкан чарба асыл тукум чарбасы эмес болчу” деп жазышыптыр. Бирок документтерде “насыя жаңы асыл тукум чарбаларын түзүү үчүн берилет” деп жазылып турат. Кыргызстандын тарыхында Америкадан биринчи жолу “абердин ангус” деген мал келип жатса, анан кантип андай асыл тукум уруктандыруу чарба бул жерде болмок эле.

Депутат Узакбаев кредитти бөлүштүрүү министрдин эмес, өкмөттүн токтому менен ишке ашкан деп эсептейт.

Министрдин орун басары кармалды

Ал ортодо саламаттыкты сактоо министринин орун басары Кубанычбек Чойбековго кылмыш иши козголуп, ага жеке компанияга мыйзамсыз лицензия берген деген айып коюлууда.

Бирок саламаттыкты сактоо министри Динара Сагымбаева Чойбековду таза адам катары сыпаттап, лицензия берүү иши атайын ушул кишиге тапшырылганын айтты:

- Мен бул кишинин такыр эле күнөөсү жок деп ойлойм. Тергөө иштери да аныктап, иштеп жатат. Мен алар туура жана калыс карайт деген ишенимдемин. Мен бу адамга ишенгеним үчүн лицензия берүү иштерин атайын ушул кишиге дайындаган болчумун.

Бийлик өкүлдөрү коррупцияга күрөш жарыялаганын айтканы менен жогорку кызмат адамдары биринин артынан бири коррупциялык аракеттерге айыпталууда.

Коррупция маселелери боюнча эксперт Эркайым Мамбеталиева андан натыйжа чыкпай жатканын саясий эрктин жоктугунан деп эсептейт:

- Ар бир мамлекеттик органдын саясий эрки болсо, коррупцияны тез убакыттын ичинде эле жоюп койсо болот. Анткени ар бир жетекчи мекемеде кандай коррупциялык схемалар бар экенин өздөрү жакшы билишет. Анан президенттин, Коргоо кеңешинин жана Жогорку Кеңештин деңгээлинде талкуулап, бирок мамлекеттик органдардын жетекчилери буга эч кандай салымын кошпосо, анда бул узакка созулуп, күрөш аягы көрүнбөгөн ишке да айланат.

Эл аралык “Трансперенси интернешнл” уюмунун эсеби боюнча, Кыргызстан эң коррупциялашкан өлкөлөрдүн катарында. Аны менен күрөшүүгө Коргоо кеңешинин атайын жыйыны арналып, жумушчу топтор да түзүлгөнү менен мамлекеттик органдардагы жемкорлуктун багынып берер түрү көрүнбөйт.
XS
SM
MD
LG