Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:52

Окууга өтүүгө канча акча төлөдүңүз?


Кыргыз бийликтери көптөн бери коррупцияга каршы күрөш жарыялап келатат. Анын натыйжасы жалпы коомду өзгөрткөнү байкалбайт. "Азаттык" жалпы журтчулукту бул күрөшкө салым кошууга чакырып, "Коррупциометр" деп аталган жаңы долбоор ачты.

"Коррупциометр" - кыргыз коомундагы кайсы бир проблемага арналып, коомчулукка утур-утур бир собол таштап турат. Аны азыр кызуу жүрүп жаткан жогорку окуу жайларга кабыл алуу өнөктүгүнө байланыштуу суроо менен баштоону эп көрдүк.

Окууга өтүүгө канча акча төлөдүңүз?

Өзүңүз же кимдир бирөө окуу жайга өтүү үчүн пара бергенине күбө болсоңуз, "Азаттыкка" кабарлаңыз. Бизге сүрөт/видео жиберип, кат-кабар жазыңыз. Бул маселе боюнча ой-пикириңизди да жазып туруңуз. "Азаттыктын" Бишкек кеңсесиндеги (312) 316165 автожооп телефонго чалып, үнүңүздү жаздырып койсоңуз болот.

Бизге жөнөтүлчү файлды ушул жерден жүктөңүз

Жалпы эрежебиз менен таанышып алыңыз

XS
SM
MD
LG