Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:47

Провис: Коррупциянын бир себеби - тууганчылык


Австралиялык изилдөөчү Рене Провис өз диссертациясын тууганчылык жана алыш-бериш темасына арнап, Кыргызстанда бир жылдан бери изилдөөлөрүн жүргүзүүдө.

Сиднейдеги New South Wales университетинин докторанты Рене Провис анын илимий иши Кыргызстандагы коррупцияны түшүнүп, ага каршы тагыраак кадамдарды ойлоп табууга жардам берет деп ишенет.

“Азаттык”: Эмне үчүн Кыргызстанды тандап алдыңыз?

Рене Провис: Кыргызстан өтө кызыктуу өлкө. Эгемендик алгандан бери көп окуялар болуп өттү, өлкө жаңы Конституция кабыл алды, дүйнөдө мындай кызыктуу өлкө табуу кыйын.

“Азаттык”: Иликтөөңүз коррупция темасына арналыптыр, эмнеге өзгөчө көңүл бурдуңуз?

Рене Провис: 2010-жылы бийлик алмашкандан бери коррупцияга каршы күрөш приоритет болуп келе жатат, президент Алмазбек Атамбаев коррупцияга каршы өнөктүк жарыялады.

Мен тууганчылык түшүнүгүн изилдеп жатам. Себеби үй-бүлө деген сөз Батышта жана Чыгышта таптакыр башкача кабыл алынат. Кыргызстанда үй-бүлө деген сөз көп-көп туугандарды өзүнө камтыйт. Мен кыргыз элинин менталитетин түшүнгүм келип жатат, бул туура же туура эмес деп акыл айтуудан алысмын. Биз канчалык бир нерсени түшүнсөк, ошондо гана ал проблема менен иштей алабыз.

“Азаттык”: Тууганчылык деп жатасыз, кененирээк токтолосузбу ушуга?

Рене Провис: Мисалы, Австралияда деле үй-бүлө бар. Биз деле ата-энебизди, бир туугандарыбызды жакшы көрөбүз. Бирок Кыргызстанга салыштырмалуу жоопкерчилик ала турган, кам көрө турган адамдардын саны аз. Кыргызстанда болсо бирөө кызматка орношсо, ага көптөгөн туугандар кайрыла алышат жана аларга жок деп жооп кайтаруу аябай кыйын, кээде мүмкүн эмес.

Австралияда, Америкада, Европада деле туугандар бар, бирок мынчалык басым жасоо же жардам күтүү калыптанган эмес. Кыргызстандагы тууганчылык түшүнүгү коррупцияны так аныктоого жардам берет.

“Азаттык”: Макул, тууганчылыкты жакшы түшүнөлү, бирок бул коррупция менен күрөшкө кандайча жардам берет?

Рене Провис: Мисалы, жумушка алып жатканда эрежелерди киргизсе болот. Бир жакшы ыкманы Кыргызстандагы микрокредиттик ишканалар колдоно башташты. Маселен, өзү туулуп-өскөн аймакта иштеп жаткан киши сөзсүз башка аймакка жөнөтүлөт. Башка облуста анын туугандары келип, башын оорутушпайт.

“Азаттык”: Тууганчылыктан башка дагы кандай мамилелер коррупцияга байланыштуу?

Рене Провис: Алыш-бериш салты. Бул да кызык. Мен дагы бир жолу кайталайын, салттарды, менталитетти сындагым келбейт. Алардын мамлекеттик башкарууга тийгизген таасирин даана көрүшүбүз керек. Мисалы, алыш-бериш адамдарды аябай жакындатат, карым-катнаш түзүүнүн бир жолу. Бирок мамлекеттик башкарууга келгенде, белек берүү салты коррупцияга жол ачышы мүмкүн. Кээде белектер акча түрүндө берилип, аны алган адам кайра ошол адамга өзгөчө мамиле жасап калат.
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

XS
SM
MD
LG