Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:33

“Элдик лотерея” боюнча кылмыш иши козголду


Кыргызстан боюнча 15 компанияга лотерея билеттерин ойнотуу боюнча лицензия берилген. (Иллюстрация)
Кыргызстан боюнча 15 компанияга лотерея билеттерин ойнотуу боюнча лицензия берилген. (Иллюстрация)

Милиция 11-февралда “Элдик лотерея” компаниясынын Бишкектеги башкы кеңсесин тинтүүгө алды.

Анын алдында Башкы прокуратура аталган компанияга лицензия мыйзамсыз берилген деген айып менен кылмыш иш козгоду.

Адистердин айтымында, Кыргызстанда лотерея оюнун уюштуруп, өткөрүү дээрлик көзөмөлдөнбөйт. Былтыр мындай компанияларга талаптарды катаалдаштырган мыйзам долбоорду Жогорку Кеңеш кабыл албай койгон эле.

Бишкекте лотерея билеттери эл көп жүргөн коомдук жерлерде, базар, соода жайларда жана борбордук көчөлөрдүн кесилиштеринде байма-бай сатылат. Кардарлардын саны деле азайбайт. Биз кепке тарткан Мээрим аттуу шаардын тургуну такай ойной турганын айтууда:

- Эки жолу 200-300 сомдон уткам. Уткан, утпаганың буйруктан да. Мен бул жолу утпасам, кийинкисинде утам деп үмүттөнүп эле ала берем. Күмөн деле санабайм.

Азыр Кыргызстанда “Элдик лотерея” компаниясынын билеттери көп ойнотулуп жатат. Башкы прокуратура бул компанияга лицензия мыйзамсыз берилген деген айып менен кылмыш иш козгоду. Учурда ишти Ички иштер министрлигинин Тергөө башкы башкармалыгы тергеп жатат.

Аталган министрликтин маалымат катчысы Бакыт Сейитов иликтөө иштеринин алкагында 11-февралда “Элдик лотерея” компаниясынын Бишкектеги борбордук кеңсеси тинтүүгө алынганын маалымдады:

- Аталган компания кандай документтердин негизинде иш жүргүзгөн, ишинде кандай кемчиликтер бар деп текшерүү үчүн кечээ түнкү саат 1ге чейин материалдардын баарын карап чыктык. Мындай иштер бүгүн да улантылып жатат. Себеби баштапкы лицензиясы туура эмес, кыргыз мыйзамдарын бузуу менен берилгени тууралуу кылмыш иши козголгон. Учурда “Элдик лотерея” фирмасынын лицензиясы боюнча документтердин баарын алып, тергөө жүргүзүп жатабыз.

Бакыт Сейитов бул кылмыш ишти иликтеп-тергөө учурунда “Элдик лотереянын” иши токтотулбай турганын белгиледи.

“Элдик лотерея” компаниясы болсо бул окуяга байланыштуу комментарий берүүдөн баш тартты.

Доомат көп, маалымат жок

Расмий сайтындагы маалыматка ылайык, “Элдик лотерея” “Райдер Ассошиэйтс Лимитед” ачык акционердик коомуна таандык жана 2013-жылы түзүлгөн. Бейрасмий булактардын билдиришинче, компанияны түрк ишкери ачкан.

Азыр “Элдик лотерея” жалпысынан беш түрлүү билет ойнотот. Анын экөө нускалуу лотерея деп аталат, башкача айтканда, сатыкка чыгарылган билеттердин номерлери менен бир айда бир ойнотулат. Бул оюндар коомдук телеканалда түз эфирде көрсөтүлөт. Ал эми үчөө болсо утуп-утпаганы дароо билинген билеттер. “Элдик лотерея” байма-бай рекламаланат.

Лотерея ойноткон компанияларга лицензияны Каржы базарын көзөмөлдөө жана жөнгө салуу мамлекеттик кызматы берет. Аталган кызматтын маалымдашынча, “Элдик лотерея” лицензиясын 2014-жылы февралда алган. Лотерея билеттери боюнча түшкөн арыздардан улам былтыр октябрда компанияда күтүүсүз текшерүү жүргүзүлгөн. Ишиндеги кемчиликтер табылып, 100 миң сом айыппул салынган.

“Элдик лотереяга” доомат көп айтылып жүрөт. Маселен, ири өлчөмдөгү акчалай утуштар бар айрым билеттер ойнотулбай калат. Андай номурлуу билеттер сатылган, же сатылбаганы ачык айтылбайт. Ошондой эле канча билет чыгарылганы, канчасы сатылганы тууралуу да маалымат жок.

Көзөмөл күчөтүлөбү?

Былтыр Жогорку Кеңеште лотерея ойноткон компанияларга талапты катаалдаштыруу тууралуу маселе көтөрүлгөн. Мындай мыйзам долбоорду “Ар-намыс” фракциясынын депутаты Дастан Бекешов даярдап чыккан. Бирок көпчүлүк депутаттар колдобой, мыйзам долбоор өтпөй калган эле. Ал долбоордо лотерея оюндарында утушка спирт ичимдиктерин койбоо, билеттерди жашы жете элек балдарга сатууга тыюу салуу, байге фондунун көлөмүн бир канча эсе чоңойтуу өңдүү жоболор камтылган.

Дастан Бекешов лотерея оюндарын жөнгө салуу, талаптуу катаалдаштыруу боюнча жаңы мыйзам долбоор керек деген пикиринен кайта элек:

- Биз бир жума мурун эле лотерея компанияларын чогултуп, талкуу уюштурдук. Келгиле, чогуу киришели, азыркы мыйзам долбоор эскирип калды, актуалдуулугун жоготту. Казакстанда көп реформа жасап жатат, жаңы мыйзам долбоор иштеп чыгалы деп сүйлөштүк. Алар макул болушту. Алар жөн эле кагаз чыгарып, аны рекламалап эле акча жыйнап жатат. Көз боёмочулук көп. Ошол эле “Элдик лотерея” өзүнүн билеттерин байма-бай, катуу рекламалап жатат. Менимче, жарандарды мындай оюндарга азгырбоо керек. Бул жөн гана математикалык ыкма. Жарандардын 98 пайызы утулуп калат. Оюнга катышкан эки пайыз гана адам утат. Ушундай математиканын теориясы бар.

Кыргызстан боюнча 15 компанияга лотерея билеттерин ойнотуу боюнча лицензия берилген. Жалпысынан 35 ар түрдүү билет ойнотулат. Андан сырткары региондордо чакан топ арасында лотерея ойноо көрүнүшү кеңири жайылган. Мисалы, ушундай жол менен унаасын сатып жиберүү өзүнчө бир ыкмага айланган.

XS
SM
MD
LG