Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Июнь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:19

Сайма - энеден үйрөнгөн ыйык өнөр

Нагима Аламанова
Нагима Аламанова

Жыл сайын Италияда өтүүчү Саймачылардын бүткүл дүйнөлүк көргөзмө фестивалы быйыл да сентябрь айында он бешинчи ирет Валтопина шаарында өткөн атат. Ага Кыргызстандан биринчи жолу саймачы Нагима Аламанова катышмакчы.

Саймачылардын сынагынан жеңип чыгып, Италияга жолдомо алган Нагима ийне кармагандан тышкары сүрөт тартып, чопо менен дагы иштейт.

Нагима Аламанова Бишкектеги Көркөм сүрөт академиясынын Керамика бөлүмүн окуп бүткөндөн кийин аспирантурага тапшырып, көркөм өнөр илими боюнча кандидаттыгын жактаган.

Нагима сайма сайганды апасынан үйрөнгөн экен. Сүрөтчү бул өнөрдү чыгармачылык менен өркүндөтүп жатканы тууралуу мындайча кеп курду:

- Апам айткандай, кыргыздын кызы болгондон кийин, ар бир зайып ийнени колуна кармаганды билип, чоркок болбошу керек. Сайма деле искусствонун бир түрү. Сүрөттү ар түрдүү түстөр менен боёп чыксаң, саймада ал боёкторду жип менен кездемеге түшүрөсүң. Ар кандай кооздукту жаратсаң болот.

Гүлсана Сарногоева
Гүлсана Сарногоева
Нагиманын, Италиядагы Валтопина шаарында өтө турган Саймачылардын бүткүл дүйнөлүк 15-көргөзмөсүнө чакырылуусуна, көп жылдардан бери Италияда жашаган Гүлсана Сарногоева себепчи болгон экен.

Белгилүү Эл акыны Байдылда Сарногоевдин кызы Гүлсана Сарногоева Италиядагы Улуттар үйү уюмунун Кыргызстан боюнча өкүлү. Ал көптөгөн мамлекеттердин өкүлдөрүн кыргыз маданияты жана тарыхы менен тааныштырып, “Кыргыз кечелерин” өткөрөт. Бир күнү ал кечеге Саймачылардын бүткүл дүйнөлүк көргөзмөсүнүн жетекчисинин жардамчысы Мария Манчини да келип калат:

- Мария Манчини мага кайрылып "Сеньора Гүлсана, биз, эмки жылкы саймачылардын көргөзмөсүнөн Кыргызстанга да орун берели. Катыша тургандар болсо тандап, алып келиңиз”, - деп айтып калды. Мен дароо эле Фейсбук аркылуу бир топ саймачылар менен таанышып чыктым. Андан кийин интернет аркылуу конкурс жарыяладым. Эрежеге ылайык, бир эле саймачы келиши керек экен. Өзүмдүн шыгым болбогондугума байланыштуу, тандоо милдетин саймачыларга жүктөдүм.

Ит таман же илме жаймасы
Ит таман же илме жаймасы
Ошентип, көптөгөн өнөрлүү кыз-келиндердин арасынан татыктуу деп тандалып алынган Нагима Аламанова жез оймок чеберлерин катарын арттырды. “Уядан эмне көрсө, учканда ошону алат” дегендей, Нагима эс тартканы сүрөт тартып, мүйүздөн, териден түрдүү буюмдарды жасап, салбуурундап ит агытып, куш салган таекелерин көрүп өскөн. Үйдө, өз апасынын сайма сайып, кийим тигип, курак курап, тери ийлеп, ичик-тон тиккенин, шырдак, ала кийиздерге оюуларды түшүрүп, не бир сонун буюмдарды өз колу менен жаратып аткандарын кошо кармашып, үйрөнүп, чеберчиликти эртелеп өздөштүргөн экен.

- Негизи, апамды тарткам. Үйдө жөн эле отура албайм. Ар түрдүү буюмдарды жасайм. Бирок, мага баарынан сайма жакыныраак сезилет да. Анткени, кыргыздын кыз-келиндери илгертен эле түрлөп сайма сайып келатат. Керамика бизге кийинчерээк келген да. А сайма болсо байыртадан келаткан өнөр. Андыктан, саймачылык менин жандүйнөмө жакыныраак.

Нагиманын көркөм өнөр жаатында билим алуусуна бала кезинде шаардан келген бир сүрөтчү шыктанткан экен. Ушундан улам ал 7-классты бүтөрү менен Бишкектеги №4 жатагы бар көркөм өнөр мектебине окууга кирет.

- Азыркыдай уюлдук телефон эмес, жөнөкөй телефон үйлөргө коюла элек кез эле. Ата-энемди, үйдү сагынганда кусалыктын көз жаштары тамган каттарды боёк аркылуу жазып турчумун. Үйдөгүлөр чогултуп сактап жүрүшүптүр. Кийин аларды ыргытып ийгениме өкүнөм.

Илгертеден муундан-муунга өтүп келаткан бул өнөрдүн касиетин Нагима мындайча белгиледи:

- Апамдын чоң энеси ушунчалык элге таанымал, аябай уз адам болуптур. Бул өнөр апама ошол чоң энесинен калса керек. Апамдан мага өттү, менден кызыма өтсө дейм. Кызым беш жашта. Бирок, азыртан эле мен жасаган нерсенин баарын жактырат, аябай көңүл бурат. Мага ошонусу жагат. Дагы бир аз чоңоюп, колунан келе баштаган кезде үйрөтө баштайм.

Нагима Аламанова, өзүндөй таланттуу балдарга шарт түзүп, дагы деле окутуп аткан Эл баатыры, белгилүү айкелчи Тургунбай Садыков агайына да ыраазы. Балдардын Көркөм сүрөт жатак-мектеби, академиялык жана кандидаттык билимдери анын чыгармачылыгына мыкты пайдубал болуп атканын кошумчалай кетти.

Акыркы жылдары Кыргызстандын кол өнөрчүлөрүнүн иштери чет өлкөлөргө көбүрөөк чыгууда жана да аларга кызыгуу да көп. Кыргызстандын өзүндө буга чейин кол өнөрчүлөрдүн "Оймо" эл аралык фестивалы өткөн.

Саркечтеп сайган саймалар

<span style="font-family: 'Arial Unicode MS', Arial, Helvetica, sans-serif; font-size: 11px; background-color: rgb(247, 247, 247);">&nbsp;Сүрөтчү, чопочу Нагима &ndash; мыкты саймачы дагы</span>
1/16  Сүрөтчү, чопочу Нагима – мыкты саймачы дагы
Нагима Аламанова Тоң районунун Бөкөнбаев айылынан. Быйыл сентябрда Италиядагы Бүткүл дүйнөлүк саймачылардын 15-көргөзмөсүнө Кыргызстандан алгачкы болуп катышканы жатат. Бул да болсо кийинки кезде унутулуп бараткан саймачылык өнөрдүн жаштар арасында жанданып баратканынын күбөсү. Нагима сайма сайууда кыргыздын илгертеден колдонулуп келе жаткан илме, бастырма, тепчип сайуу сыяктуу ыкмаларын колдонот.
&nbsp;Саймачы кыз-аай, саймачы кыз-аай!-деп ырдагыдай саймалар биринен бири өтөт.
2/16  Саймачы кыз-аай, саймачы кыз-аай!-деп ырдагыдай саймалар биринен бири өтөт.
Нагима Аламанова Тоң районунун Бөкөнбаев айылынан. Быйыл сентябрда Италиядагы Бүткүл дүйнөлүк саймачылардын 15-көргөзмөсүнө Кыргызстандан алгачкы болуп катышканы жатат. Бул да болсо кийинки кезде унутулуп бараткан саймачылык өнөрдүн жаштар арасында жанданып баратканынын күбөсү. Нагима сайма сайууда кыргыздын илгертеден колдонулуп келе жаткан илме, бастырма, тепчип сайуу сыяктуу ыкмаларын колдонот.
&nbsp;&quot;Дүйүм чөптөр&quot; бажырайган сайма.&nbsp;
3/16  "Дүйүм чөптөр" бажырайган сайма. 
Нагима Аламанова Тоң районунун Бөкөнбаев айылынан. Быйыл сентябрда Италиядагы Бүткүл дүйнөлүк саймачылардын 15-көргөзмөсүнө Кыргызстандан алгачкы болуп катышканы жатат. Бул да болсо кийинки кезде унутулуп бараткан саймачылык өнөрдүн жаштар арасында жанданып баратканынын күбөсү. Нагима сайма сайууда кыргыздын илгертеден колдонулуп келе жаткан илме, бастырма, тепчип сайуу сыяктуу ыкмаларын колдонот.
Гүлдөргө: &quot;бастырма&quot;, &quot;француз түйүнү&quot;, &quot;илме&quot; ыкмалары аралаш сайылган.
4/16 Гүлдөргө: "бастырма", "француз түйүнү", "илме" ыкмалары аралаш сайылган.
Нагима Аламанова Тоң районунун Бөкөнбаев айылынан. Быйыл сентябрда Италиядагы Бүткүл дүйнөлүк саймачылардын 15-көргөзмөсүнө Кыргызстандан алгачкы болуп катышканы жатат. Бул да болсо кийинки кезде унутулуп бараткан саймачылык өнөрдүн жаштар арасында жанданып баратканынын күбөсү. Нагима сайма сайууда кыргыздын илгертеден колдонулуп келе жаткан илме, бастырма, тепчип сайуу сыяктуу ыкмаларын колдонот.
Бул саймада: &quot;илме&quot;, &quot;бастырма&quot;, &quot;терс кайрык&quot; жана &quot;тепчиме&quot; аралаш сайылган.
5/16 Бул саймада: "илме", "бастырма", "терс кайрык" жана "тепчиме" аралаш сайылган.
Нагима Аламанова Тоң районунун Бөкөнбаев айылынан. Быйыл сентябрда Италиядагы Бүткүл дүйнөлүк саймачылардын 15-көргөзмөсүнө Кыргызстандан алгачкы болуп катышканы жатат. Бул да болсо кийинки кезде унутулуп бараткан саймачылык өнөрдүн жаштар арасында жанданып баратканынын күбөсү. Нагима сайма сайууда кыргыздын илгертеден колдонулуп келе жаткан илме, бастырма, тепчип сайуу сыяктуу ыкмаларын колдонот.
<span style="font-family: 'Arial Unicode MS', Arial, Helvetica, sans-serif; font-size: 11px; background-color: rgb(247, 247, 247);">Бул - &quot;илме&quot;, же &quot;ит таман&quot; ыкмасы.</span>
6/16 Бул - "илме", же "ит таман" ыкмасы.
Нагима Аламанова Тоң районунун Бөкөнбаев айылынан. Быйыл сентябрда Италиядагы Бүткүл дүйнөлүк саймачылардын 15-көргөзмөсүнө Кыргызстандан алгачкы болуп катышканы жатат. Бул да болсо кийинки кезде унутулуп бараткан саймачылык өнөрдүн жаштар арасында жанданып баратканынын күбөсү. Нагима сайма сайууда кыргыздын илгертеден колдонулуп келе жаткан илме, бастырма, тепчип сайуу сыяктуу ыкмаларын колдонот.
&quot;Күн. Тоолор. Бактар.&quot; түшкөн сайма.
7/16 "Күн. Тоолор. Бактар." түшкөн сайма.
Нагима Аламанова Тоң районунун Бөкөнбаев айылынан. Быйыл сентябрда Италиядагы Бүткүл дүйнөлүк саймачылардын 15-көргөзмөсүнө Кыргызстандан алгачкы болуп катышканы жатат. Бул да болсо кийинки кезде унутулуп бараткан саймачылык өнөрдүн жаштар арасында жанданып баратканынын күбөсү. Нагима сайма сайууда кыргыздын илгертеден колдонулуп келе жаткан илме, бастырма, тепчип сайуу сыяктуу ыкмаларын колдонот.
&quot;Көчөттөр жана көпөлөк&quot; &nbsp;сайылган сайма.
8/16 "Көчөттөр жана көпөлөк"  сайылган сайма.
Нагима Аламанова Тоң районунун Бөкөнбаев айылынан. Быйыл сентябрда Италиядагы Бүткүл дүйнөлүк саймачылардын 15-көргөзмөсүнө Кыргызстандан алгачкы болуп катышканы жатат. Бул да болсо кийинки кезде унутулуп бараткан саймачылык өнөрдүн жаштар арасында жанданып баратканынын күбөсү. Нагима сайма сайууда кыргыздын илгертеден колдонулуп келе жаткан илме, бастырма, тепчип сайуу сыяктуу ыкмаларын колдонот.
&nbsp;&quot;Илме&quot;, &quot;бастырма&quot;, &quot;терс кайрык&quot;, &quot;тепчиме&quot; ыкмалары аралаш сайылган гүлдөр.
9/16  "Илме", "бастырма", "терс кайрык", "тепчиме" ыкмалары аралаш сайылган гүлдөр.
Нагима Аламанова Тоң районунун Бөкөнбаев айылынан. Быйыл сентябрда Италиядагы Бүткүл дүйнөлүк саймачылардын 15-көргөзмөсүнө Кыргызстандан алгачкы болуп катышканы жатат. Бул да болсо кийинки кезде унутулуп бараткан саймачылык өнөрдүн жаштар арасында жанданып баратканынын күбөсү. Нагима сайма сайууда кыргыздын илгертеден колдонулуп келе жаткан илме, бастырма, тепчип сайуу сыяктуу ыкмаларын колдонот.
Жандуу түспөлүн берүү үчүн ичине калып коюп сайылган бул чымчык менен көпөлөктүн канаттары кыймылдайт, ар кандай кыймылга келет. &quot;Бастырма&quot; жана &quot;илме&quot; ыкмасы менен коралл шурулары кошуп сайылган жана
10/16 Жандуу түспөлүн берүү үчүн ичине калып коюп сайылган бул чымчык менен көпөлөктүн канаттары кыймылдайт, ар кандай кыймылга келет. "Бастырма" жана "илме" ыкмасы менен коралл шурулары кошуп сайылган жана
Нагима Аламанова Тоң районунун Бөкөнбаев айылынан. Быйыл сентябрда Италиядагы Бүткүл дүйнөлүк саймачылардын 15-көргөзмөсүнө Кыргызстандан алгачкы болуп катышканы жатат. Бул да болсо кийинки кезде унутулуп бараткан саймачылык өнөрдүн жаштар арасында жанданып баратканынын күбөсү. Нагима сайма сайууда кыргыздын илгертеден колдонулуп келе жаткан илме, бастырма, тепчип сайуу сыяктуу ыкмаларын колдонот.
Нагима жакшы эне дагы, кызы Адеми да чебер уз кыздардан болуп чыкса дейт.
11/16 Нагима жакшы эне дагы, кызы Адеми да чебер уз кыздардан болуп чыкса дейт.
Нагима Аламанова Тоң районунун Бөкөнбаев айылынан. Быйыл сентябрда Италиядагы Бүткүл дүйнөлүк саймачылардын 15-көргөзмөсүнө Кыргызстандан алгачкы болуп катышканы жатат. Бул да болсо кийинки кезде унутулуп бараткан саймачылык өнөрдүн жаштар арасында жанданып баратканынын күбөсү. Нагима сайма сайууда кыргыздын илгертеден колдонулуп келе жаткан илме, бастырма, тепчип сайуу сыяктуу ыкмаларын колдонот.
Гүлдөр - &quot;бастырма&quot;, &quot;француз түйүнү&quot;, &quot;илме&quot; аралаш сайылган.
12/16 Гүлдөр - "бастырма", "француз түйүнү", "илме" аралаш сайылган.
Нагима Аламанова Тоң районунун Бөкөнбаев айылынан. Быйыл сентябрда Италиядагы Бүткүл дүйнөлүк саймачылардын 15-көргөзмөсүнө Кыргызстандан алгачкы болуп катышканы жатат. Бул да болсо кийинки кезде унутулуп бараткан саймачылык өнөрдүн жаштар арасында жанданып баратканынын күбөсү. Нагима сайма сайууда кыргыздын илгертеден колдонулуп келе жаткан илме, бастырма, тепчип сайуу сыяктуу ыкмаларын колдонот.
Алтын колдуу жез оймок уздарыбыздын кылымдардан бери келаткан чеберчилиги ушинтип уланууда.
13/16 Алтын колдуу жез оймок уздарыбыздын кылымдардан бери келаткан чеберчилиги ушинтип уланууда.
Нагима Аламанова Тоң районунун Бөкөнбаев айылынан. Быйыл сентябрда Италиядагы Бүткүл дүйнөлүк саймачылардын 15-көргөзмөсүнө Кыргызстандан алгачкы болуп катышканы жатат. Бул да болсо кийинки кезде унутулуп бараткан саймачылык өнөрдүн жаштар арасында жанданып баратканынын күбөсү. Нагима сайма сайууда кыргыздын илгертеден колдонулуп келе жаткан илме, бастырма, тепчип сайуу сыяктуу ыкмаларын колдонот.
&quot;Чыраш&quot; ыкмасындагы сайма.
14/16 "Чыраш" ыкмасындагы сайма.
Нагима Аламанова Тоң районунун Бөкөнбаев айылынан. Быйыл сентябрда Италиядагы Бүткүл дүйнөлүк саймачылардын 15-көргөзмөсүнө Кыргызстандан алгачкы болуп катышканы жатат. Бул да болсо кийинки кезде унутулуп бараткан саймачылык өнөрдүн жаштар арасында жанданып баратканынын күбөсү. Нагима сайма сайууда кыргыздын илгертеден колдонулуп келе жаткан илме, бастырма, тепчип сайуу сыяктуу ыкмаларын колдонот.
Нагима боёк сүрөттөрү менен катышкан Малайзиядагы &ldquo;Арт Малайзия&rdquo; 2- эл аралык көргөзмөнүн уюштуруучусу-Лю Киан Яп менен.&nbsp;
15/16 Нагима боёк сүрөттөрү менен катышкан Малайзиядагы “Арт Малайзия” 2- эл аралык көргөзмөнүн уюштуруучусу-Лю Киан Яп менен. 
Нагима Аламанова Тоң районунун Бөкөнбаев айылынан. Быйыл сентябрда Италиядагы Бүткүл дүйнөлүк саймачылардын 15-көргөзмөсүнө Кыргызстандан алгачкы болуп катышканы жатат. Бул да болсо кийинки кезде унутулуп бараткан саймачылык өнөрдүн жаштар арасында жанданып баратканынын күбөсү. Нагима сайма сайууда кыргыздын илгертеден колдонулуп келе жаткан илме, бастырма, тепчип сайуу сыяктуу ыкмаларын колдонот.
Нагима айылында атактуу &quot;жез оймок&quot; чебер апасы жана бала кезинен берки алгачкы &quot;устаты&quot; - Акунова Роза менен.&nbsp;<br />
16/16 Нагима айылында атактуу "жез оймок" чебер апасы жана бала кезинен берки алгачкы "устаты" - Акунова Роза менен. 
Нагима Аламанова Тоң районунун Бөкөнбаев айылынан. Быйыл сентябрда Италиядагы Бүткүл дүйнөлүк саймачылардын 15-көргөзмөсүнө Кыргызстандан алгачкы болуп катышканы жатат. Бул да болсо кийинки кезде унутулуп бараткан саймачылык өнөрдүн жаштар арасында жанданып баратканынын күбөсү. Нагима сайма сайууда кыргыздын илгертеден колдонулуп келе жаткан илме, бастырма, тепчип сайуу сыяктуу ыкмаларын колдонот.
Артка
Алдыга
Куржундар
XS
SM
MD
LG