Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:46

Ишкер Алкановго кол салуунун жагдайлары


Райкан Алканов Кыргызстандагы эң бай адамдардын бири. “Алканов жана компания” деген жоопкерчилиги чектелген коомду жетектейт.
Райкан Алканов Кыргызстандагы эң бай адамдардын бири. “Алканов жана компания” деген жоопкерчилиги чектелген коомду жетектейт.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин билдиришинче, бычакталган белгилүү ишкер Райкан Алкановдун абалы оор, бирок туруктуу. Ага кол салган болушу мүмкүн делген 16 жаштагы кыз кармалды.

79 жаштагы Алкановду 26-октябрга караган түнү Талас шаарында өзүнүн үйүндө белгисиз бирөөлөр бычактап кетти.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, ишкер Райкан Алкановго 18 жолу бычак сайылган. Министрликтин маалымат кызматынын өкүлү Елена Баялинова ага облустук ооруканада чукул операция жасалганын билдирди:

- Ишкер Алканов ушул тушта реанимация бөлүмүндө жатат. Кол салуудан Алкановдун ашказаны, көк боору, ичегиси, боору жана башка органдары жабыркаган. Жергиликтүү дарыгерлер чукул операция жасашты. Аны азыр шаарга которууга болбойт. Анын абалы туруктуу болгону менен оор. Ошондуктан аны кайсы бир жакка алып жөнөө өтө опурталдуу.

Бул окуяга байланыштуу жергиликтүү милиция ыкчам иликтөө тобун түздү. Облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Максат Абдысейитов 27-октябрда буларды билдирди.

- Шектүү адамды аныктоо максатында учурда текшерүү иштери жүрүп жатат. Тергөөнүн кызыкчылыгына байланыштуу азырынча башка маалымат бере албайбыз. Аныкталса эле дароо маалымдайбыз.

Ал эми 28-октябрда Ички иштер министрлиги Райкан Алкановго кол салууга шектүү катары 16 жаштагы кыз кармалганы боюнча маалымат таратты. Маалыматка ылайык, кармалган жаран Талас облусунун тургуну. Учурда ал сурак берип жатат.

Министрликтен кылмышка башка адамдардын да катышы бар болушу мүмкүн экенин кошумчалашты.

Маалыматка караганда, ишкер Алканов 25-октябрда Таласка облустун 70 жылдык мааракесине барган. Тойдон кийин кечинде айдоочусу аны Таластагы үйүнө жеткирип койгон. Бычакталган Алкановду 26-октябрда эртең менен айдоочусу ооруканага алып келген. Азыр бул окуянын бир канча версиясы каралып жатат. Үй-бүлөлүк чырдан улам болушу ыктымал деген жоромол да бар.

Райкан Алканов Кыргызстандагы эң бай адамдардын бири. “Алканов жана компания” деген жоопкерчилиги чектелген коомду жетектейт. "Дордой" базарына канатташ жайгашкан жалаң Кыргызстанда тигилген кийим-кечектер сатылган “Алкан” аттуу ири базары бар. Жеңил өнөр жайчылар ассоциациясынын аткаруучу директору Фархад Төлөгөнөвдун айтымында, Райкан Алкановдун бизнесин незинен Чыңгыз аттуу уулу жүргүзөт:

- Биз алар менен бир канча жылдан бери көргөзмөлөрдү бирге өткөрөбүз. “Алкан” базарында биздин тикмечилердин контейнерлери турат. Сыртка товарларды жөнөтүп турушат. Алар базарга кете турган жолду оңдоп беришти. Базардын ичинин баарына таш төшөп, үстүн жаап, шарт түзүп беришти. Биздин тигүү ишканаларыбызга жакшы эле жардам берген киши.

Райкан Алкановдун бизнестеги өнөктөшү, белгилүү ишкер Аскар Салымбековдун баамында, меценатка кол салуунун артында анын бизнесине көз арткандар турушу ыктымал:

- Маданиятка, спортко жардам берип жүргөн адам. Анын эч кимге карызы деле жок болушу керек. Саясий каршылаштары деле болгон эмес. Менимче бул анын байлыгына көз арткан, көралбагандардын эле иши. Ал тың эле болчу. Өзүнүн ден-соолугун жакшы карап, Германиядан дарыланып, саламаттыгы абдан жакшы болчу. Элибизге ал кишинин жардамынан башка жамандыгы тийген жок. Мен ал кишини көп жылдардан бери билем. Өлкөгө, эл-журтка, жердештерине жардамын аяган эмес.

Саясатка ачык деле аралашпаган Райкан Алканов 2010-жылы “Бүтүн Кыргызстан” партиясы менен шайлоого барып, тизмеде 5-орунда турган.

Алканов бокс боюнча спорттун чебери. Ушул тушта Кыргызстандын бокс жана карате федерацияларынын ардактуу президенти. Андан сырткары “Көк-Бөрү” улуттук федерациясынын вице-президенти, Улуттук олимпиада комитетинин мүчөсү.

XS
SM
MD
LG