Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:50

Букаевдин өлүмүнө шектүүлөр кармала элек


Сүрөт Бакыт Букаевдин Фейсбуктагы жеке баракчасынан алынды
Сүрөт Бакыт Букаевдин Фейсбуктагы жеке баракчасынан алынды

Белгилүү алып баруучу жана шоумен Бакыт Букаевдин киши колдуу болуп жан бергени коомчулукта ар кыл пикир жаратты.

Ленин райондук ички иштер бөлүмү Букаевди жакшы тааныган кишилер өлтүрүшү мүмкүн деген версиянын үстүндө тергөө жүргүзүп жатканын кабарлады. Ал эми шоумендин жакын достору анын өлүмүнө кадимки эле талап-тоноо себеп болгонун айтышууда.

Таанымал алып баруучу жана шоумен, 44 жаштагы Бакыт Букаевдин сөөгү 13-ноябрдын кечинде Бишкектин Жаш Гвардия жана Москва көчөлөрүнүн кесилишиндеги өзү жашаган батирден табылган болчу. Моюн жана төш жагынан төрт жолу бычак менен сайылганы, көкүрөгүндө тамекинин күйгөн тактары бар экени аныкталган. Бул боюнча учурда Ленин райондук ички иштер бөлүмү кылмыш ишин козгоп, тергөө жүргүзүүдө.

Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат өкүлү Олжобай Казакбаев “Азаттыкка” билдирди.

- Азыркы мезгилде бул факт боюнча, тергөөчүлөр, оперативдик кызматкерлер иштеп жатат. Азырынча шектүү адамдар кармала элек. 3 версиянын негизинде тергөө жүрүп жатат. Алар акчасына кызыккандар, кесиптик ишмердиги жана жоро-жолдоштор арасындагы пикир келишпестик. Ушул 3 версия тең иштелип жатат.

Бакыт Букаев ошол күнү кечинде "Атлас" кафесинде тамадалык кылмак. Ал телефонун көтөрбөй койгондо той ээлери шоумендин жакын санаалашы саналган актер Нурдөөлөт Копоевге кабар беришет. Копоев өзүндөгү ачкыч менен батирди ачып, канга боёлгон жансыз денеге күбө болот. Ал шоуменди өлтүргөндөр анын акчасына кызыккандар деп ишенет.

- Бакыт байке кийимине акчаны аячу эмес. Эл аны бай алып баруучу деп ойлошот. Машинеси, үйү жок десе эч ким ишенбейт. Менимче аны акча тоногону келгендер эле өлтүрдү. Үйүн аңтарып, жадагалса муздаткычтан бери карашкан.

Копоевдин айтымында, шоуменди өлтүргөндөр анын ноутбугун жана башка баалуу буюмдарын уурдап кетишкен. Каракчылар маркумдун буту-колун байлап, денесине тамекинин чогун басып, мыкаачылык менен кыйнашкан. Нурдөөлөт Копоев мунун баарын акча талап кылууга байланыштырды.

- Анын буту-колун байлап алып, шашпай кукси ичишкен экен. Менимче алар акчанын кайда экенин сурашкан. Куксилердин бири толугу менен, экинчиси жарымына чейин ичилген. Эки бычак табылып жатпайбы, менимче алар экөө болгон.

Бакыт Букаевдин өлүмү коомчулукта ар кандай пикирлерге жол ачты. Өзгөчө социалдык тармактарда каргашаны шоумендин жеке турмушуна байланыштыргандар да жок эмес. Алып баруучунун жакын досторунун бири Элмара Турсуналиева Букаевдин тегерегинде айтылган ар кандай сөздөрдү суу кечпейт деп четке какты.

- Социалдык тармактарда ар нерсени жазып жаткандар оозуна ээ боло албагандар. Мындай сөздөр чындыкка коошпойт. Бакыт мындан 15 жыл мурда үйлөнүп, ажырашып кеткен. Кийин Жылдыз деген кызга үйлөнгөн. Жакшынакай эле жашап, эки балалуу болушту.

Ырчы Айчүрөк Иманалиева Букаевдин касташкан деле адамдары болбогонун айтууда. Ал Бакыт Букаев белгилүү болгон үчүн эле резонанс жаратты, болбосо мындай окуялар болуп эле жатпайбы деп кейип алды.

- Бакыт белгилүү болгон үчүн резонанс болуп жатат. Болбосо Кыргызстанда буга окшогон кылмыштар катталып эле жатат. Мындай окуяларга чара колдонуп, коңгуроо какпаса, арты жакшылыкка алып барбайт.

Бакыт Букаев 44 жашта болчу. Алгач калың журтка 90-жылдардын башында Кыргыз телекөрсөтүүсүнөн (азыркы КТРК) чыкчу "Жаштык ыры" аттуу телеберүүнү жаңычыл, жеңил форматта алып барып таанылган. Азыркы таанымал ырчылардын көбүнүн тушоосу ушул берүүдө кесилген эле.

2000-жылдан тарта жыл сайын өлкөнүн булуң-бурчунда сулуулук сынактарын уюштура баштаган. 2003-жылы Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу Жалал-Абад шаарында жигиттердин кароо-сынагын да өткөргөн.

Акыркы жылдары журналистиканы таштап, тамада болуп иштеп жүргөн. Ошону менен катар шоу-бизнес өкүлдөрүнүн катышуусунда түрдүү кечелерди уюштуруп келген.

"Азаттык" үналгысынын жамааты Бакыт Букаевдин жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Маркумдун сөөгү 14-ноябрда туулган жери Ысык-Көлгө жөнөтүлдү.

XS
SM
MD
LG