Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:09

"Борбор Азиядагы Сиху көлүн тартабыз"


Кыргыз-кытай сүрөтчүлөрүнүн жолугушуусу. Бишкек, 24-август, 2012.
Кыргыз-кытай сүрөтчүлөрүнүн жолугушуусу. Бишкек, 24-август, 2012.

24-августта Маданият жана туризм министрлигинде кытайлык сүрөтчүлөр менен Кыргызстандын кыл калем чеберлери жолугушту.

Анда эки тараптуу чыгармачылык байланышты өнүктүрүү жана тажрыйба алмашуу маселелери каралды.

Кытай Эл республикасынын Чжэцзянь аймагындагы Сиху көлүнүн жээгиндеги Ханчжоу шаарынанн Гу Хон жетектеген 14 сүрөтчүдөн турган делегация Маданият жана туризм минстрлигинде министр Ибрагим Жунусовдун катышуусунда кыргыз сүрөтчүлөрү менен чыгармачылык жолугуу өткөрүшүп, тажрыйба алмашты.

Сиху эл аралык сүрөт ассоциациясынын төрагасы Гу Хон Кыргызстанга келген чыгармачылык сапарынын максатына токтолду.

- Биздин негизги максат - Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин жана башка өлкөлөр менен биргеликте Кытай-Кыргызстан ортосундагы гуманитардык жана маданий байланыштарды бекемдөө болуп эсептелет. Биздин келишимдүү сүрөттөр аркылуу тынчтыкты, достукту, жарыкты тартуулоо. Биз бул сапарыбызда кыргыз сүрөтчүлөрү менен дагы кеңири тажрыйба алмашабыз. Буга чейин кыргыз чеберлери Сиху көлүнө келип сүрөт тартып кетишкен болчу.

Жолугушууга катышкан Кыргыз эл сүрөтчүсү Сүйүтбек Төрөбеков буга чейин үч ирет кытайда Шанхай, Ханчжоу шаарларына барып көргөзмөсүн уюштуруп, устаттык сабак өткөрүп келгенин айтып, кытайлык сүрөтчүлөр кыргыз кыл калем чеберлеринен тажрыйба алып жатышканын кошумчалады.

- Булар негизинен кытайлыктардын жибекке тарткан салттуу сүрөттөрүн тарткан чеберлер. Алардын өзгөчөлүгү байыркы улуттук сүрөт өнөрүн аздектегени. Кагазды кытайлар биринчи ойлоп табышпады беле. Анан кагазга сүрөттөрдү түшүрүп, каллографиялык живописти өркүндөткөн. Анан биз барып европалыктардын боёк менен сүрөт тартуу ыкмаларын үйрөтүп, жаш сүрөтчүлөргө устаттык сабак өттүк. Азыр Кытайда майлуу боёктор менен тартуу абдан мода болуп жатат. Кадимки биз Москва, Ленинграддан окуган ыкмаларды өздөштүрүп жатышат. Учурда орустун, батыштын сүрөт искусствосунан билим алган кытайлыктар дагы көбөйө баштады.

Маданият жана туризм министри Ибрагим Жунусов болсо эки өлкөнүн сүрөтчүлөрү эле эмес жалпы маданият жана көркөм өнөр жаатындагы байланыш мындан ары дагы өнүгөөрүн белгилеп, мурдагыга караганда маданий иш-чараларды байма-бай өткөрүп туруу пландаштырылып жатканын билдирди.

- Мына 2-сентябрда Үрүмчүдө ЭКСПО көргөзмөсүөтөт. Ага кыргыз делегациясын президент Алмазбек Атамбаев өзү жетектеп барат. Анда дагы кыргыз маданиятын, өнөрүн көрөзөбүз. Андан кийин Артышта дагы өнөрпоздорубуз катышкан иш-чара болот. Жакында ШКУнун саммитинин алкагындагы маданий иш-чарада биздин комузчу кыз менен манасчынын өнөрүнө өтө жогору баа беришип, алар менен жалпы Кытай боюнча турне өткөрүү боюнча сүйлөштүк. Негизинен Кытай менен биздин маданий байланышыбыз ар тараптуу өнүгөт.

Кыргыз-кытай сүрөтчүлөрү тегерек үстөлдө баарлашып, мындан ары байланышты чыңдоо жана өнүктүрүү тууралуу пикир алмашышты.

Сиху эл аралык сүрөт ассоциациясынын төрагасы Гу Хон кыргыз-кытай сүрөтчүлөрүнүн ортосундагы тадрыйба алмашуу, сүрөт көргөзмөлөрүн уюштурууну жандандыруу зарылдыгын айтты.

Ал эми Гапар Айтиев атындагы сүрөт музейинин жетекчиси, Кыргыз эл сүрөтчүсү Юруслан Шыгаев Кытайдын байыркы сүрөт өнөрүн Кыргызстанда жайылтууга кызыкдар экендигин билдирди.

Кытайлык 14 сүрөтчү экономикалык жана маданий жактан өнүккөн Ханчжоу шаарынан келишкен. Ал Сиху көлүнүн жээгинде жайгашкан. Калкы 8 миллиондон ашуун.
Кытайдагы абдан кооз жерлердин бири Сиху көлүнүн жээги. Ал кытайчадан которгондо “батыш көлү” дегенди түшүндүрөт. Болгону туурасы 3 чакырым, узуну 3 чакырымды түзөт.

Байыркы уламыштарга караганда көк асмандан алтын ажыдаар менен алтын Феникс керемет берметти колдорунан түшүрүп жиберип, ал бермет жерге түшкөн аймакта кооз көл пайда болот.

Дагы бир уламышта ал көлдүн түбүндө алтын бука жашайт. Ал эми окумуштуулар бул көл 2 миң жыл мурда пайда болгонун ырасташкан.

Сиху көлүнүн жээгинен келишкен кытайлык кыл калем чеберлери өздөрүнүн сүрөт өнөрүндөгү салттуу ыкма - каллиграфиялык үлгүдө тарткан жүздөн ашуун сүрөттөрүн Гапар Айтиев атындагы улуттук сүрөт музейде “Борбордук Азиядагы Сиху көлүн тартабыз” деген аталыштагы көргөзмөгө койду. Андагы мыкты 20 сүрөттү музейге белекке беришти.

Кытай сүрөтчүлөрүнүн көргөзмөсүнөн сүрөт баян

XS
SM
MD
LG