Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:08

Жапон добулбасынын добушу


Жапон добулбасчыларынын Бишкектеги концерти, 18-ноябрь, 2012.
Жапон добулбасчыларынын Бишкектеги концерти, 18-ноябрь, 2012.

Жекшембиде Улуттук консерваторияда, дүйшөмбү күнү Улуттук филармонияда жапон добулбасчылар тобунун концерти өттү.

“Леонард Это” тайко тобунун концерти башталар алдында Жапониянын Кыргызстандагы иштери боюнча ишенимдүү өкүлү Есимо Саудимо аталган тайко тобу өздөрүнүн улуттук маданиятын жайылтууда чыгармачылык менен жигердүү иштеп жатканына токтолуп, алар АКШ, Европа жана Африкада дагы өнөрлөрүн көргөзүшкөнүн белгиледи.

- Кыргыз эли менен жапон эли сырт келбети менен эле окшош болбостон, ички руханий дүйнөсү жагынан дагы өтө жакын келишет. Анын бир үзүмүн биз жапондордун добулбастан турган салттуу музыкасы аркылуу көрсөтсөкпү деп турабыз.

Сахнада ар түрдүү көлөмдөгү 7 добулбас турду. Жапондордун вадайка деген добулбасын көтөрүп, чыгармачыл топтун жетекчиси Леонард Это менен Михо Уэсуги деген кыз сахнага акырын басып келишип, чакан добулбас менен үн ыргактары аркылуу баарлашып жаткандай таасир калтырды.
Жапон добулбасчыларынын добушу



Алар добулбасты таякча менен жөн эле койгулай бербей, кандайдыр бир окуяны айтып жатышкансып, образга киришип, бирде кабагын карыштыра түйүп, бирде жылмайып, ар бир добушту сезиминен өткөрүп эргип бараткандай таасир калтырып турду.

Бул добулбасчылардын чыгармачыл тобу “Леонард Это” деп аталат. Топтун аталышы анын жетекчиси добулбасчы Леонард Этонун ысымынан коюлуптур. Это анын фамилиясы экен. Ал АКШнын Нью-Йорк шаарында туулган. Жапондордун эски добулбастарынын негизинде өзүнүн ыкмасын түзүп, Жапонияда добулбасчылардын тобун уюштурат. Ал мыкты аткаруучу болбостон композитор катары дагы таанымал.

Ал эми топтун мүчөсү Михо Уэсуги аттуу кыз 16 жашынан баштап добулбас ургулаганды үйрөнүп, азыр жапондордун вадайка добулбасынан баштап, бир нече түрүн өздөштүрүп алган.

Топтун дагы бир мүчөсү Кеничи Коидзуми кичинесинде мектепте окуп жүргөндө эле добулбас ургулаганга кызыгып, чебер добулбасчы гана болбостон мыкты музыкант, таанымал ырчы болууга жетишет. Аталган топто 10 жылдан бери добулбас урат.

Дагы бир музыкант Юра Хидэнори болсо жапондордун “Фурюдагаку Мацурисю” тобунда добулбасчы болуп жүрүп, Канадада “Хидэ Кейт” ансамблин түзөт. Чет мамлекетте таанымал музыканттыкка жетишет.

Токиодо туулуп өскөн Доджи деген жигит Степ бийинин чебери экен. Ал таманы менен такасына темир кадалган бут кийимин кийип алып, тарсылдатып чечотка менен степ бийин добулбасчыларга кошулуп бийлегенде, көрүүчүлөрдүн бүйүрүн кызытты.

Концерттен кийин көрүүчү Наргиза Шамшиева менен баарлашып калдык. Ал Токтогул атындагы адабият музейинде илимий кызматкер болуп иштейт экен.

- Негизинен мени жапондордун тарыхы, маданияты, адабияты аябай кызыктырат. Мындай концертти мен биринчи ирет көрүп жаткан жокмун. Бишкекте кыргыз балдардан турган “Ооэдодайко” деген добулбасчылардын ансамбли бар. Мен ошолордун концертине да дайыма барып турам. Бүгүнкү концерттин айырмачылыгы - негизинен оркестрде барабан “аккомпанирующий” аспап болуп келсе, бул концертте добулбасты биринчи катарга алып чыгып, “солирующий” аспап кылгандыгы жапон элинин маданиятты даңазалай билүүсү деп баалайм.

Наргиза Шамшиева жапон маданияты, адабияты, тарыхынан башка алардын тилин дагы үйрөнүп алыптыр.

- Мен жапон тилин кыргыз-жапон борборунда 4 жыл окугам. Жапондор менен эркин сүйлөшө алам.

Дагы бир көрүүчү Эрмек Култашев аксакал жапон добулбасчыларынын концерти абдан жакканын белгиледи.

- Чынында мындай концертти мен биринчи жолу көрүп жатам. Биз үчүн жаңылык. Жапондордун улуттук колорити көрүнүп турат. Бизде дагы илгери добулбастар болгон. Майрамдарда чоң добулбас, орто добулбас, кичи добулбас деген аспаптарды чертишип, шаанисин чыгаруучу. Ыраматылык атам дагы добулбастын түрлөрүн айтып калчу. Илгери кыргыздар жоо менен беттешерде дүңгүрөтүп добулбас урушчу тура. Эгерде Маданият жана туризм министрлиги ушуну колго алып, консерватория сыяктуу музыкалык окуу жайлар биздин балдарды дагы окутса, бизде деле жанданат эле.

Кыргызстан менен Жапониянын дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 20 жылдыгына байланыштуу жапон добулбасчылар тобунун концерти Улуттук консерваторияда жана Токтогул Сатылганов атындагы филармонияда көргөзүлдү. Буга чейин дагы Жапониядан белгилүү пианисттер, ырчылар, музыканттар Бишкекке келип, өнөрүн тартуулап кеткен.
XS
SM
MD
LG