Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:11

Чубактын эрте өчкөн чагылганы


Чубак Сатаев
Чубак Сатаев

“Жан дүйнө” түрмөгүнүн кезектеги чыгарылышы 90-жылдары популярдуу обончу катары таанылып, күтүлбөгөн жерден өмүрдөн эрте кеткен сахна жылдызы Чубак Сатаевге арналды.

90-жылдары Кыргызстандын музыка жаатында саналуу гана жылдыздар болгон. Мына ошол саналуулардын арасында өзүнүн чагылгандай ырлары менен элге тез алынып кеткен обончу Чубак Сатаев бар эле. Чагылгандай дегенибиздин дагы бир себеби аз эле убакытта узун элдин учуна, кыска элдин кыйырына таанымал болгон ырчы 33 жаш гана өмүр сүрдү.

Композитор Атайбек Бөдөшевдин айтымында, Чубак Сатаев атайын музыкалык билим албаганы менен көргөңгөсүнөн нукура обончулук касиетке ээ инсан болгон:

- Өзү көрөңгөсүнөн таланты бар обончу, композиторлор үчүн сөзсүз эле кесипкөй музыкант болуштун кажети жок. Чубактын жөндөмү тубаса болчу. Ал өзүнүн ар бир обонунда улуттук, салттык колоритти бекем камтыган. Бир дагы обонунда азыркы жаштар жараткан обондордой сырттан кирген түшүнүксүз кайрыктар учурабайт. Ошондуктан анын ырлары элге бат алынды. Анан калса жаңылыктарды ачууга аракеттенген изденүүсү бар эле.

Чубак Сатаевди эскерүү концертинде достору, кесиптештери
Чубак Сатаевди эскерүү концертинде достору, кесиптештери

Атайбек Бөдөшев кесипкөй музыкант катары Чубак Сатаевдин обондорунда мыкты иштелген элдик кайрыктар, ырынын текстинде жөнөкөй, бирок жугумдуу, акындык өнөрдүн кенжеси эсептелген жамакчылык касиеттер бар экенин белгиледи.

Жазуучу Данияр Исановдун айтымында, Чубак Сатаев жаңы чыккан убакта анын ырларынын текстин жеңил-желпи деп сындагандар болгон.

- Чыгармачылыгы негизи кыргыз элинин улуттук фольклору менен заманбап чыгармалардын аралашмасынан келип чыккандай таасир калтырат. Ошондуктан карапайым калктын жүрөгүнө абдан жакын болуп, өтө тез кабыл алынды. «Кең дүйнөсү» да, «Ак батасы» жана башка ырлары деле. Эми тексттерине келе турган болсок, ошол кезде анын ырлары кесипкөй жазгыч акындарга жакпай, сынга кабыл болгон учурлары болгон. Бирок анын ырлары бүгүнкү күндөгү чала сабат ыр жазып ырдап жүргөн жылдыздарга караганда төөчөлүк өйдө, он эсе бийик турат.

Кезинде Чубак Сатаевдин ырдаганын уккан Данияр Исанов Сатаевдин аткаруучулук жөндөмү да бийик болгонун, ал өзүнүн ырларын бүт дити менен берилип ырдаганы да күйөрмандары үчүн өзгөчө таасир бергенин кошумчалады.

Чубактын эрте өчкөн чагылганы
please wait

No media source currently available

0:00 0:11:07 0:00
Түз линк

Чубак Сатаевдин тун уулу, ата жолун жолдоп, атасынын ырларын аткарып, өзү да обон чыгарып, чыгармачылык жолдо келаткан Кубаныч Сатаев, чындыгында азыр Чубак Сатаевдин ырларын өзүндөй кылып аткарган ырчы жок экенин айтат:

- Ар бир аткаруучунун, обончунун өзүнүн стили, элге берген башкача бир энергиясы болот. Атамдын ошол энергиясы эч кимде жок. Көп эле аткаруучулар ырларын окшоштурабыз деп окшоштура албай келет. Атамды өзүндөй ырдаган эч кимди көрө элекмин. Бул адамдын өзүнүн өзгөчө касиети, үнүнүн боёгу бар эле. Чыгармада жүрөгү башкача согуп, жан дүйнөсү башкача берилчү. Бүт дүйнөсү менен кирип кетчү. Азыркыга чейин "ырдаганда моюнундагы күрөө тамыры жарылчудай болуп турар эле" деп айтып жүрүшпөйбү.

Кубаныч Сатаев атасы өлөрүн да алдына ала билгенин, досторуна өзүнүн тегерегинде кандайдыр бир сырдуу окуялар болуп турарын айтканын да эскере кетти. Досторунун айтымында, Чубак көзү өтөр кезге жакын өзүн кимдир бирөөлөр асманга алып учуп кеткенин, Таласка баратканда ал бараткан унааны ак боз ат коштоп баратканы көрүнгөнүн айткан экен.

Бир айга чукул аншлаг менен өткөн концерт

Замандаштарынын арасында Чубак Сатаев жылдызы жанып, элге таанымал болуп турган учурда да карапайымдыгын, жөнөкөйлүгүн сактай билгени ооздон оозго айтылып жүрөт.

Кезинде Сатаев менен үзөңгүлөш жүргөн досторунун бири, Кыргыз Эл артисти Күмөндөр Абылов “эл Чубакты көргөн жерден конокко чакырууну сыймык көрүшчү. Кээде чакыргандар кезекке туруп, “сеникине барбайт, мен коюмду союп, күтүп жаткам” деп мушташып кеткен учурлары да болгон”, - деп эскерди.

Күмөндөр Абылов
Күмөндөр Абылов

- Чубак өзү ак көңүл, бирөөгө кара санабаган, байлык менен бийликти көргүсү келбеген, адамкерчиликке, чыгармачылыкка башын ийген жигит эле деп айтсам болот. Өзү элге белгилүү болгондон кийин да кээде Чубакка арнап кой союп коноктоп аткан жерден күтүлбөгөн жерден эле жок болуп кетчү. Мындай учурда биз аны жатаканага барып, ыр жазып отурган жеринен тапчубуз. "Эмнеге баса бердиң?", деп сурасак, "бир нерселер оюма түшө калды", - дечү. Чубак сырттан караган кишиге алаңгазар адамдай сезилер эле.

Күмөндөр Абылов Сатаевдин концерти 1990-жылы Бишкектеги филармонияда 29 күн бою залга эл батпай өткөнүн, мындай окуя филармониянын тарыхында болбогонун кеп салды:

- 29 күн аншлаг менен концерт коюу Чубак Сатаевден башка кишиде болгон эмес. Баягыда Каримова деген кыз Оштун театрында бир топ күн концерт койгон экен. Бирок ал киши деле Чубакка жетпей калды окшойт. Чубактын концертине айылдан атайын келип көрүп кеткендер болгон. Экинчиден, Сатаевге эл өзүнүн каалоосу менен келген.

Күмөндөр Абылов ошол эле учурда Чубак Сатаевдин азыркы эстрада ырчыларынан дагы бир чоң өзгөчөлүгү анын концерти жандуу үн менен өткөнүн, ал кезде фонограмма колдонулбаганын белгилеп кетти.

Рыспай Абдыкадыров менен Чубак Сатаевдин мамилеси ата-баладай болгону айтылып келет. Эмгек сиңирген артист Бек Борбиев Сатаев менен Ош филорманиясында таанышып, ошондон кийин чыгармачылыкта тыгыз байланышты жүргөнүн кеп салды:

Бек Борбиев
Бек Борбиев

- Кийин мени Рыспай Абдыкадыров менен алгач тааныштырган да Чубак акем болду. Ал өзү Рыспайды ата дейт экен. "Рыспай ата, мына, дагы бир балаңызды алып келдим", - десе, Рыспай Абдыкадыров «сен балам болосуң, бул жигит неберем болсун» деди. Айтор Чукем менен өмүрүнүн аягына чейин чогуу чыгармачылык байланышта жүрдүк. Бири-бирибиздин чыгармаларды алмашып аткардык дегендей.

Борбиев Сатаевдин атагы таш жарып, элдин баары сыйлап турган учурда отуз жаштын тегерегинде болгонун, бирок жаштык кылып азыркы тил менен айтканда "жылдыз оорусу" менен ооруп, атак-даңкка манчыркап кетпегенин белгиледи.

Сырдуу “3” жана ырчынын тагдырындагы аялдар

Замандаштары Чубак Сатаевди сырдуу “3” деген сан коштоп жүргөнүн белгилеп келишет. Туулган күнү – 13-январь, 3 уулу, хитке айланган 33 ыры бар. 1993-жылы каза болгон. Мезгилсиз көзү өткөн обончу тууралуу эл ичинде «киши колдуу болгон» деген имиштер да айтыла калат. Бирок атасы каза болгондо эс тартып калган уулу Кубаныч Сатаевдин айтымында:

- Сураштырып көрсөм атам бала кезинде эки-үч жолу жол кырсыгына туш болгон экен. Биринчисинде 7-классында жел араба менен баратса машина уруп кетип, таш жолго башы менен тийген экен. Ооруканага жатпай кетип калыптыр. Экинчи жолу Токтогулдан автокырсыкка учурап, буту сынган эле. Кудай көп жолу сактаган. Дарыгерлер аны дайыма дарыланып турсун дешкен экен. Бирок атам такыр дарыланган жок. Күнү-түнү концерт коюп, талаалап жүрдү. Бул анын ден соолугуна чоң зыян кылыптыр.

Ошол күнү Чубак Сатаев Таласта концерт коюп жатып сахнанын артына өтүп, башын мыкчып, “кежигем тырышып жатат” деген боюнча жыгылып калат. Реанимацияда эки күн жатып көз жумат. Дарыгерлердин айтуусунда, мээсине кан куюлуп кеткен экен.

Кубанычбек Сатаев
Кубанычбек Сатаев

Эл ичинде ырчынын үй-бүлөлүк турмушуна кызыккандар да арбын. Уулу Кубаныч Сатаевдин айтымында, атасынын тагдыры эки аял менен байланыштуу болгону ырас. Биринчи жубайы Айшадан Кубаныч өзү, Бакыт, Таалай аттуу үч уулдуу болот. Чубак кийин жылдызы жанып турган маалда экинчи жубайы Кенжеге үйлөнөт. Бирок экөөнүн ортосунда бала болбойт.

- Бирок биз атамдын мээриминен өксүгөн жокпуз. Ал башка аталардай болуп апам менен ажырашкандан кийин таштап алып басып кеткен жок. Бизге мурдагыдан да тез-тез кайрылып турду. Таятам, таенемдер урушса деле болбой үйгө кирип келип бизди бир жыттап алар эле. Атам менен Кенже эже жети жыл өмүр сүрүшүптүр. Тилекке каршы балалуу боло алышпады.

Чубак Сатаев 1960-жылы 13-январда Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Боо-Терек айылында туулган. Быйыл тирүү болгондо элүү беш жашка чыкмак.

  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG