Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:19

Ырчылар да сынактан өтөт


Белгилүү ырчы Шакира
Белгилүү ырчы Шакира

Маданият министрлигинин алдында көркөм эксперттик кеңеш түзүлдү.

Кабыл алган эрежеге ылайык тигил, же бул чыгармачыл топ, же жеке адам комиссиянын кароосунан өтүп, күбөлүк алгандан кийин гана концерттик программа тартуулоо укугуна ээ болот.

Талкуунун катышуучулары: Маданият жана туризм министрлигинин алдында түзүлгөн көркөм-эксперттик комиссиянын мүчөсү, оркестр-киши деген ат менен белгилүү Курмангазы Азыкбаев жана Маданият ишмерлер ассамблеясынын вице-президенти, белгилүү режиссер Жаныш Кулманбетов.

"Азаттык": 3-февралда Маданият жана туризм министрлигинин алдында көркөм-эксперттик комиссия алгачкы уюштуруу жыйынын өткөрдү. Комиссиянын курамына аттуу-баштуу өнөр адамдары кирип, анын башында композитор, коомдук ишмер Түгөлбай Казаков турат экен. Маалыматтарга караганда, бул комиссия театралдык оюн-зоок, концерттик иш-чараларды иргеп, күбөлүк берип, жарактуусун чыгарып туруу милдетин алган экен. Ушул комиссиянын түзүлүшүнүн түпкү максаты эмнеде болуп атат?

Курмангазы Азыкбаев: Убакыт жетти деп ойлойм. Себеби маданият тармагында башаламандык болуп кетти. Көркөм кеңеш сөздүн мазмунун, ырдын аранжировкасын жана чеберчиликти өтө профессионалдык деңгээлге жеткириш үчүн угуп, көрүп, анын жыйынтыгы менен булар сахнага чыкса деген ой. Биз буларга балта чаап, чолок кылып басынтуу эмес, бул көркөм кеңеш умтулган жаш муундарды алдыга чыгарып, деңгээлин дүйнөлүк аренага чыгаруу максаты бар.

"Азаттык": Күбөлүк берилгендер гана концерт, оюн-зоок койо алышат деп атасыздар. Күбөлүк алалбай калгандар кандай болот? Мисалы күбөлүк албай туруп концерт коюп кетип калса, аларга кандай чаралар көрүлөт?
Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:





Курмангазы Азыкбаев: Аларды жерлеринде текшерүү керек. Себеби бизде көбүнчө фонограмма менен ырдашат, анан сөздөрү чак-бап келбеген, кыргыздын болбогон ырларын ырдап атышпайбы.

"Азаттык": Жаныш мырза бул комиссиянын түзүлүшүнө караманча каршы. Кечээ сиз бул боюнча Башкы прокуратурага, өкмөт башчыга чейин кайрылган экенсиз. Сиз өзүңүздүн кайрылууңузду жана каршылыгыңызды негиздеп берсеңиз.

Жаныш Кулманбетов: Биринчиден, Конституциянын беренелери бузулган. 18-беренеде "ар ким мыйзам тарабынан тыюу салынбаган иш жасоого акылуу" деп жазылып турат. Андай болгондон кийин башка бир дагы орган Конституциядан жогору тура албайт.

Экинчиден, 20-беренеде "адамдын укугун жана эркиндигин чектей турган мыйзамдар Кыргызстанда кабыл алынбайт" деп турат. Бизде өкмөт, Жогорку Кеңеш тарабынан атайын лицензияны ким берет деген токтому бар. Маданият жана туризм министрлиги өзүнө лицензенттин милдетин алып атат. Ага ким андай укук берди? Өкмөттөн, же Жогорку Кеңештен ошондой токтом чыктыбы?
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.
XS
SM
MD
LG