Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:00

"Үмүт" - бийге айланган каада-салт


"Үмүт" спектаклинин катышуучулары
"Үмүт" спектаклинин катышуучулары

Арсен Өмүралиев атындагы Бишкек шаардык театры 14-августта “Үмүт” деген эксперименталдык спектаклди канадалык белгилүү бийчи Сашар Зариф, Кыргызстандагы “Устат шакирт” салттуу музыкалык ансамблдин музыканттары менен көрүүчүлөрдүн сынына койду.

Спектакль жаратылыштын добушун, жаныбарлардын үнүн кыябына келтирген кыл кыяк, чоор, сыбызгы, комуздун мукам кайрыктары менен башталды. Бир кезде сахнанын түпкүрүнөн ак кементай кийинген, башында жаңы туулган айдай кайкайган ак калпак кийген манасчы Самат Көчөрбаев “Манас” баянын бапылдатып айтып отурду.

Бир топко чейин "Манас" эпосунан үзүндү айтылган соң манасчы ордунан акырын туруп, караңгы сахнанын түпкүрүнө жуурулушуп кеткенде, комуз күүсү шаңдуу коштоду.

Бир кезде чоор, сыбызгы, кыл кыяктын жүрөктү эзип чыккан добушунун коштоосунда каралжын түстөгү чепкен кийген жигит бий кыймылы менен көрүүчүлөрдүн көңүлүн бурду.

Сашар Зариф
Сашар Зариф

Бул жигит канадалык бийчи, устат-педагог Сашар Зариф. Ал Чыгыш элинин, ортоазиялыктардын улуттук бийлеринин кыймылдары менен көчмөн турмуштун кээ бир элементтерин кошуп, устат-шакирттин өнөрпоздору менен эки апта катуу даярданып, өзүнчө музыкалык эксперименталдык бий спектаклин түзүптүр. Спектаклди эмне үчүн “Үмүт” деп атап койгонун Сашар Зариф мындайча чечмеледи.

- Мен эки жума Ысык-Көлдү кыдырып, кыргыздардын каада-салты, үрп-адаты, фольклору менен таанышып жүрүп, мазарды көрүп калдым. Ал мазарга адамдар чүпүрөк байлап жакшылыктан үмүт кылып сыйынышат экен. Ошонун негизинде, адамдардын жакшылыктан үмүтү өчпөсүн деп, спектаклдин аталышын дагы “Үмүт” деп койдук.

Сашар Зариф ошондой эле бул бий спектаклинде чыгыш менен батыштын маданиятын жуурулуштуруп, кыргыздын салттуу музыкасы менен бий кыймылын кошуп бир бүтүн чыгарманы жаратканын кошумчалады.

Ал эми “Устат шакирттин” музыкалык жетекчиси Кутманаалы Султанбеков музыканттар канадалык бийчи Сашар Зариф менен эки-үч апталык чогуу иштешүүдө кыл кыяк, комуз, чоор, сыбызгы, темир комузда ойноп атканда кантип образ түзүүнү, аваздын ыргагына жараша ийкемдүү кыймыл-аракет жасоону үйрөнүшкөнүн, кыргыздын улуттук музыкалык аспаптарынын коштоосунда бий койсо болорун үйрөнүшкөнүн айтты.

- Сашар Зарифтин бизге ой-толгоолорун айтып, чогуу иштешкени абдан эле пайдалуу болду. Биз алдыга умтулуп, салттуу музыканы башка маданият менен айкалыштырып өнүктүрүшүбүз керек. Кыргыздын улуттук аспаптары деп эле отуруп алып комузду чертип, темир комузду кагып отура бербей, башкача өңүтүн дагы ачып бергенибиз жөндүү болот, деп ойлойм.

Канадалык бийчи, устат-педагог Сашар Зариф койгон “Үмүт” спектаклин кыргыздын элдик ырлары дагы коштоп турду.

Сашар Зариф азыркы ааламдашуу доорунун шартында улуттук бийлерди өүктүрүүгө зор салымын кошуп келет. Ал өзүнүн 20 жылдык чыгармачылыгында отузга чукул мамлекетте бий коюп, семинарларды, устат сабактарын өткөргөн.

XS
SM
MD
LG