Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:42

Коом өгөйлөгөн аялдар


Ак-Суудагы аялдардын психоневрологиялык жатак үйү. 9-август, 2012-жыл.
Ак-Суудагы аялдардын психоневрологиялык жатак үйү. 9-август, 2012-жыл.

“Куулгандар” даректүү тасмасы «Бир дүйнө - Кыргызстан» адам укуктары боюнча даректүү тасмалардын эл аралык фестивалынын баш байгесин жеңип алды.


Коргондогу тагдырлар

“Куулгандар” деген аталыштагы даректүү тасма Жайыл районундагы психоневрологиялык интернат үйүндөгү аялдардын жашоосун чагылдырат.

Акыл-эси тайкы делген ар курактагы аялдардын жашоого болгон сүйүүсү, бири-бирине болгон жылуу мамилеси, эркиндикти эңсеген кусалыгы, кейиштүү тагдыры кадрдан тизмектелип көрсөтүлүп жатканда жан дүйнөгө бүлүк түшөт.

Психоневрологиялык интернат үйүндө көп жылдан бери жаткан Заринаны Таластан бир туугандары алып келип таштап, кийин отузга чыкканда күйөөгө берээрде алып кетебиз деген экен. Чырайлуу Зарина бир туугандарын "качан келип алып кетет?" деп зарыгып күтүп отурат.

Психоневрологиялык жатак үйдөгүлөр. Ак-Суу, 9-август, 2012-жыл
Психоневрологиялык жатак үйдөгүлөр. Ак-Суу, 9-август, 2012-жыл
Акыл-эсинен жабыр тарткан кыз-келиндердин арасында үй-бүлө куруп, балалуу болууну, эркиндикке чыгууну эңсегендер арбын.

Психоневрологиялык интернат үйүнүн короосуна жакын жерде бейиттер жайгашкан. Жыйырмадан жаңы ашкан кыз андагы жаңы казылган чуңкурду көрсөтүп, эгерде каза болуп калса көмүүгө атайын алдын ала даярдалгандыгын айтып бергени дене-бойду титиретет.

Кыскасы коомчулук маани бербеген, акыл-эс дартынан жапа чеккен адамдардын коомдон сырткары калган тагдыры таасын көрсөтүлөт.

Жаш режиссердун дебюту

Мына ушул “Куулгандар” деген аталыштагы даректүү тасманы 23 жаштагы Алмаз Зарылбек уулу тарткан. Ал быйыл Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтун бүтүрдү. Устаты - Кыргыз республикасынын эл артисти Молдомуса Мамбетакунов. Алмаз бул тасманын идеясы көптөн бери тынчсыздандырып жүргөнүн айтты:

Коом өгөйлөгөн аялдар
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:05 0:00
Түз линк

- Бул идея эки жыл мурда эле пайда болгон. Көмүскөдө жашаган, көрүнбөгөн адамдарды коомчулукка алып чыгуу зарыл деген ойдо жүрдүм. Автордук позициямды, айтайын деген оюмду адамдын ички адеп-ахлагына багыттагам. Адамдарды гумандуулукка чакыруунун негизинде ушул фильм жаралды. Бирок каражат жетишпегендиктен улам идеямды ишке ашыра албай келгем. Кыргыз-түрк “Манас” университетин бүткөн Тынчтык Смаилов менен бирге ушул идеяны кудай буюрса ишке ашырдык.

Каражат демекчи, учурда көптөгөн жаш таланттар каражаттын жоктугунан улам идеяларын ишке ашыра албай келет. Алмазга өзү окуган Искусство институту менен курдаштары жардам бериптир.

Алмаз Зарылбек уулу
Алмаз Зарылбек уулу
- Мен окуп жатканда Искусство институту техникалык жактан жардам берди. Видео камера, жарык берүүчү аппараттар, монтаждоочу компьютерди акы төлөбөй колдонууга мүмкүнчүлүк түзүп беришти. Курдаштарым, студенттер өз чөнтөгүнөн чогулткан акчаны чыгымдарга жумшадык.

Алмаз Зарылбек уулу “Бир дүйнө” эл аралык фестивалына биринчи жолу катышып, баш байгени жеңип алды. Ага бул фестивал чыгармачылык кесипти аркалоосуна, тажрыйба топтоосуна чоң өбөлгө болуптур.

- Чет өлкөдөн келген режиссерлордун тасмаларынан алардын тартуу стилдерин көрүп, биздикинен айырмачылыгы эмнеде экенин үйрөндүм. Ошондой эле идеялык, сюжеттик, техникалык жактарын дагы аңдап билүүгө мүмкүнчүлүк болду. Көбүнчө чыгармачылык, көркөмдүк жагын ачууга, тажрыйба топтоого жакшы шарт түзүлдү.

«Бир дүйнө - Кыргызстан» адам укуктары боюнча даректүү тасмалардын эл аралык фестивалынын баш байгесин жеңип алган “Куулгандар” даректүү тасмасынын режиссеру Алмаз Зарылбек уулу учурда “Замана” студиясында эмгектенет.

XS
SM
MD
LG