Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:12

"Торгой үнү" - ооруканага байланган өмүр


“Торгой үнү” - социалдык спектакл. Ал залалдуу шишикке чалдыккандардын оорусун басаңдатууга жана аларга кам көрүүгө үндөйт.

Борбордогу онкологиялык ооруканадагы бейтаптардын тагдырын чагылдырган спектакл республиканын бардык аймактарында көрсөтүлгөн. 5-сентябрда Бишкекте жыйынтыкталды.

Бул чыгармада онкологиялык дарт мисал катары тандалган. Максаты - оор дартка чалдыккандардын санаасын жеңилдетүү же паллиативдүү жардам көрсөтүү. Аны коюп жаткан “Эргэнэ” фондунун “Оорусуз жашоо” программасынын координатору Тынара Касымалиева жаны кыйналгандарга жардам берүү ар бирибиздин милдетибиз дейт.

- Биз бул спектакл аркылуу бейтаптын жана анын жакындарынын абалын башкалар да сезсин дедик. Бардык жерде көрүүчүлөр жакшы кабыл алып жатышат. Муну менен бийликтегилердин да көңүлүн бурдурууну каалайт элек. Мамлекет паллиативдүү жардам катары дары-дармек менен камсыз кылыш керек. Бириккен улуттар уюмунун конвенциясына ылайык, ооруп жаткан адамга жардам бербөө кыйноого тете.

Жаш актерлор ойногон бул спектаклди көрүүчүлөр жылуу кабыл алышты. Көзүнө жаш айланып көргөндөр да болду.

Кыргызстанда онкологиялык ооруларга наркотикалык дарынын түрү укол аркылуу гана берилет. Таблетка түрүндөгү дарыларды берүүгө маңзат тууралуу мыйзам жол бербейт. Жарандык коомдун активисттери таблетканы ичүүгө жол берилсе, медициналык мекемелерден, кызматкерлерден алыс жашагандарга, дарыны сактоо шарты жокторго жеңил болмок дешет.

Улуттук онкология борборунун директору Мукаш Бейшембаев болсо бейтаптарга көмөктөшүү маданияты жакшы калыптанбаганына медициналык шарттардын начардыгы, элдин сабаты себепкер деп эсептейт.

- Азыркы учурда эң курч маселелердин бири – оорулууга жардам берүүнүн төмөндүгү. Паллиативдик жардам бардык дарттар үчүн айтылат. Ал ВИЧ/СПИД, кургак учук, инсульт жана башкалар болушу мүмкүн. Бирок ошолордун ичинен рак ооруларына паллиативдик жардам көбүрөөк керек. Анткени Кыргызстанда бул илдетке кабылгандардын ар бир үчүнчүсү өтүшүп кеткенде кайрылат. Жылына 7000 адамдан рак аныкталса, демек анын 2000и акыркы стадияларда болот.

Кыргызстанда онкологиялык дарттан каза болгондордун саны жүрөк оорудан каза тапкандардан кийинки орунда турат. Азырынча бул дарттын дабаасы дүйнө жүзү боюнча табыла элек. Ага жараша илдети өтүшүп кеткен адамдардын калган өмүрүн кыйналбай жашоосуна жана алардын жакындарына моралдык колдоо көрсөтүүгө коом да милдеттүү деп эсептешет уюштуруучулар. Өнүккөн өлкөлөрдө ракты айыктыра албаса да, бейтаптын кыйналуусун жеңилдетүүгө негизги аракет жумшалат.

Драматург Жеңишгүл Өзүбекова спектаклди онкологиялык борборго барып турмуштун негизинде жазган.

"Торгой үнү"- ооруканага байланган өмүр
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:01 0:00
XS
SM
MD
LG