Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:27

Манас жана Моисей: тарых табышмактары


Улуу сынчы Виссарион Белинский орус адабиятынын эң эле орошон таланты жана бүтүн Орусиянын опол тоодой алпы деп саналган А.С. Пушкиндин генийине ар дайым тан берип, бирок аны ар бир доордо улам жаңы кыры менен көрүнө бере турган сырдуу кубулуш жана татаал табышмак деп мүнөздөгөн экен.

Чынында да нака генийдин же чыныгы улуу чыгарманын касиети ошондо го -- бир карасаң баары эле жадыбалдай жат көрүнөт, ошону менен бирге ар бир жолу ичине каткан тереңи кайра-кайра өзүнө тартат, булут челген бийиги көз кайкытат. Сыймыктансак болот -- биздин “Манас” да ошондой миң кырдуу, миң сырдуу чыгарма. Жандырмагына караганда табышмагы арбын. Кызык жери, ар бир доордун, ал гана эмес ар бир адамдын өз “Манасы” бар. Символ, парадигма дегендин баары “Манаста”. Каймана ой, сырдуу ишаарат, терең мазмун жана татаал табышмак дегендин баары биздин эпосто.

Баарынан кызыктуусу жана табышмактуусу -- Манас баатырдын өзү. Жасаган иштери, айткан сөздөрү, трагедиялуу тагдыры…

Биринчиден, анын аты, ысмы табышмак. Ар кандай версияны, чечмелөөнү сунуш кыла берип чарчадык. “Семетей” эмне деген сөз, “Сейтек” эмне деген сөз -- бул да табышмак. Манас баатыр чыныгы турмуштан алынган тарыхый инсанбы же калктын көркөм интеллектинен, ою менен кыялынан жаралган учу-кыйырсыз жомокпу? Бул да эч бир башы ачылбаган маселе.

Айта кете турган дагы бир нерсе, дүйнө адабияты менен адамзат тарыхында Айкөл Манас сыяктуу сырдуу да, табышмактуу да, ошону менен бирге жасаган иши, кылган эрдиги адам суктанткан кейипкерлер өтө көп дебейин, бирок бар. Маселен, мындан үч миң жылдай мурун Египет фараондорунун эзүүсү астында тилинен жана дилинен ажырап бараткан, эл болуштан калып, жок болуу коркунучунда турган иудейлерди кырк жыл бою ошол Египеттин чөлдөрүн, Синайдын тоолорун аралата ээрчитип отуруп, акыры аларды эл катары сактап калган Моисейдин тарыхы. Же болбосо караңгыда буюккан караламан элге от берип, үшүгөн-тоңгон мусаапырларга жалындаган оттун жарыгы менен ысык табын берген, бирок ошол жакшылыгы үчүн тирүүлөй жаза тартып, аска-зоонун арасында ит-кушка жем болгон Прометей тууралуу легенда. Же болбосо кул болуп көп жыл жашагыча, эркин болуп бир жыл жашагысы келген Спартак. Санай берсек мындай легендалар адамзат тарыхында бир топ. Бирок булар -- жомокторун жомогу, маданияттуу адамзат абалтан аябагандай аздек тутуп, жанына медер кылган улуу легендалар.

Эң башкысы, аталган кейипкерлердин баары артынан эл ээрчиткен. Азаттыкка жол көрсөтүп, азганактай элин, жерин сактаган. Акыры адамзат эс-тутумунда не бир идеал, өтө бир асыл өрнөк катары сакталып калган. Ал өрнөктөр бара-бара легенда, миф, эпосторго айланган. Улутуна, тегине, чыккан жерине карабай не бир универсалдуу руханий дөөлөттөр болуп дүйнөгө тараган. Баса белгилей кетейин: булардан өткөн, булардан бийик же асыл легендалар тарыхта жок.

Көрсө, адамзат айрыкча аздек туткан, эч качан унутпаган, деле эрдик деген нерсенин эң улуусу деп эсептелген нерсе -- туңгуюкта жол таппай кайсалаган калктарды артынан ээрчитүү, караңгыдан жарыкты көздөй, кулчулуктан азаттыкты көздөй жетелөө тура.

Сыймыктансак болот -- Манас баатыр жана анын династиясы тууралуу эпос ушул катарда турган улуу эпос. Ал да артынан эл ээрчиткен. Туңгуюктан жол тапкан. Манас да, айталы, легендарлуу Моисей сыяктуу таруудай чачыраган элинин башын бириктирип, ыйкы-тыйкысына чыдап, санына сан жетпеген кытайлар менен манжуулардан, ойронуң түшкөн ойроттордон алакандай болгон элин аска-зоо сыңары калкалаган, таалай издеген кыргыздарды Алтайдан Ала-Тоого ээрчитип келген. Канабайрам салгылашта мыкты деген чоролорунан айрылган. Трагедиялардын эң чоң трагедиясы ошентип жаралган. Акыры каза таап, легендарлуу Прометей сыяктуу адам жетпеген аскалардын арасынан жай тапкан. Ошол эле трагедиялуу жана табышмактуу тагдырга кийин уулу Семетей, небереси Сейтек тушуккан. Мен муну улуу Манас парадигмасы деп атап келем. Ошентип кыргыз элинин бай фантазиясынан, не бир күчтүү көркөм интеллектинен, үмүтү менен тилегинен океан сыңары чайпалган “Манас” дастаны жаралган.

Манас жана Моисей… Кээкилер суроо салышы мүмкүн: кыял менен тарыхый чындыктын ширөөсүнөн жаралган бул эки титандын ортосунда кандай жалпылык же окшоштук болушу мүмкүн? Окшоштуктар бир нече: Манас да, Моисей да эл-жер үчүн жанын курмандап, асылдык менен айкөлдүктүн, көсөмдүк менен көрөгөчтүктүн үлгүсүн калтырып кеткен. Элин сактаган, бирок өз өмүрлөрүнөн айрылган.

Моисей да, Манас да эл оозунда ай менен күндүн ширөөсүнөн бүткөн, эрдик менен көсөмдүктү, айкөлдүк менен боорукерликти эриш-аркак ала жүргөн өзгөчө инсандар катары сүрөттөлөт. Моисейди бир даар еврей аалымдары тарыхый инсан, Иисус Христостун жаралышына руханий жактан түрткү болгон пайгамбар дешсе, кээлери тек гана легенда, эл оозунда калган афсана деп далилдеп келишет. Атактуу окумуштуу, психоанализдин атасы Зигмунд Фрейд Моисейди монотеизмдин башына турган, башкача айтканда ташка-сууга же ар кандай кудайларга, пирлерге сыйынган политеизмден бир гана Кудайга, жалгыз гана Жаратканга жана кудурети күчтүү Кудайга сыйынткан алгачкы пайгамбар деп эсептегени белгилүү.

Айтор, жер шарынын кайсы гана булуң-бурчунда болсо да, ар бир элдин ою менен тилеги окшош экен. Көрсө, ар бир элге не бир бийик идеал, өлбөс-өчпөс өрнөк керек экен. Ал идеалды эл же ойлоп таап, же тарыхта болгон кайсы бир окуяга таянып, ар түрдүү легендаларды, керек болсо эпосторду жаратат экен.

Ошону менен бирге дүйнөнүн бир да эли баскынчыны же талоончуну мактап, туу тутпайт -- муну да баса белгилешибиз керек. Бирок Манас сыяктуу айкөлдү, Моисей сыяктуу акылгөйдү, Лакшми-Бай сыяктуу эр жигитче жоо беттеген индус кызын, Жанна д’ Арк сыяктуу эли-жери үчүн жанын курман кылган француз кызын тумар катары сактап, кайсы улут болсо аты-жөнүн таберик тутат. Бекер жеринен легендарлуу Моисейдин айкелин атактуу Микеланджело чегип, Веронезе, Рембрандт жана Леонардо да Винчи сыяктуу адамзат маданиятынын алптары сүрөтүн тартып, Джузеппе Верди менен Шенберг сыяктуу улуу композиторлор Моисей тууралуу опера жазышпаган го.

Демек, бекер жеринен Бириккен Улуттар Уюму өз тарыхында биринчи жолу атайын резолюция менен эпостун, атап айтканда, “Манас” эпосунун 1000 жылдыгын дүйнөлүк кенен масштабда белгилегенге чечим чыгарбаган экен... Баса, “Манас” жана БУУ -- өзүнчө кызык тема, бирок азыркыга чейин эмне үчүн бул эл аралык абройлуу уюм А.С. Пушкиндин 200 жылдык юбилейин белгилегенге же Кинонун 100 жылдык улуу мааракесине добуш бербей, кыргыз эпосун колдогон деген суроо да күн тартибинде жүрүп келет.

Жооп бере кетели: БУУнун кыргыз эпосун 1994-жылы басымдуу көпчүлүк менен колдоп бергенинин негизги себеби -- “Манастын” тээ тереңинде коргошун катары уюп жаткан бир катар улуу да, ошону менен бирге универсалдуу да гуманисттик идеяларда эле. Ошол идеялардын негизгиси -- азаттык, эркиндик үчүн күрөш, улут катары, өзүнчө эл-журт катары сакталып калуу үчүн миң бир эки аракет болчу. Керек болсо курмандык, не бир азаптар менен тозокторго чыдоо, бакыт эңсеп, таалай издеп бир жерден экинчи бир жерге жер которуу, боор эти менен бирдей ата журтун таштап, башка бир жерден баш-маанек, бакыт табуу темасы эле.

Акырында айта турган дагы бир сөз. “Манас” эпосунун көөнөргүс маданий жана руханий казына катары эки түрлүү маанилүү катмары же, илимий тил менен айтсак, аспектиси бар. Ал -- эпостун ички, б.а. улуттук, кыргыздык маани-мазмуну жана ошондой эле анын дүйнөлүк, эл аралык мааниси. Эпостун биз үчүн, кыргыздар үчүн маанисин көп эле айтып да, жазып да келебиз, бирок “Манастын” Европа менен Американын, же болбосо Азия менен Африканын маданий коомчулугу үчүн өзгөчө бөлүнүп көрүнгөн мазмунун, калпый турган философиялык каймагын дале болсо дурустап аңдай албай жүргөнүбүз андай деле жашыруун сыр эмес. Руханий дүйнөбүздүн көз кайкыткан сеңири деп санаган “Манастын" тээ тереңинде уюган не бир сырларын, жалпы адамзаттык маңызын, философиясы менен идеологиясын дале болсо жандырмактай элекпиз.

Ооба, 1994-жылы төгөрөктүн төрт бурчунан келген мамлекеттер БУУнун Генералдык Ассамблеясында “Манас” үчүн добуш берди. Себеби улуттук консолидация жана эл-журт катары көз карандысыздык үчүн талыкпаган күрөш Индия менен Кытайдын, Африка менен Американын, Европанын нечен калктарынын башынан өткөн улуу тарых эле. Бирок ошол окшош тарых менен тааныш тагдыр бир да улутта “Манастагыдай” терең да, кенен да, ошону менен бирге көзгө жаш келтирген көркөм күч менен эч качан айтылган эмес болчу.

“Манастын” көп жандырмагынын бири ушунда эле…

XS
SM
MD
LG