Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:15

Мыскал Өмүрканова: триумф жана трагедия


Атактуу ырчы Мыскал Өмүрканова (сүрөт качан тартылганы белгисиз.)
Атактуу ырчы Мыскал Өмүрканова (сүрөт качан тартылганы белгисиз.)

Мыскал Өмүрканованын өмүрү жөнүндө атайын эмгектер жазылбаса да, атактуу ырчынын оомолуу-төкмөлүү тагдырынын негизги этаптары жана бурулуш учурлары жөнүндө кызыктуу маалыматтар азыркыга чейин эл арасында легенда, аңыз болуп айтылып келет.

Мыскал Өмүрканова: триумф жана трагедия
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:47 0:00
Түз линк

Биринчи легенда - Мыскалдын жөнөкөй айылдык ырчыдан бүт Кыргызстанга аттын кашкасындай таанымал сахна жылдызына айланышы. Азыркыга чейин айтылып келаткан уламышка караганда, айыл арасында ара-чолодо ырдай коюп жүргөн Мыскалдын кереметтүү үнүн борбордон келген бир белгилүү адам 30-жылдардын ортосунда кокусунан угуп калган экен. Болгондо да айыл четиндеги талаада. Көрсө, ал киши Мыскал туулуп-өскөн Жумгал районунун Эпкин айылынан өтүп баратканда астындагы машинеси бузулуп, машина оңдолгуча айыл четинде ары-бери басып жүрүп калат. Ошол арада талаада дыйканчылык иште жүргөн аялдардын бири улам-улам обон созгонун угуп, анын алыстан жаңырган кооз үнүнө маашырланган жолоочу бир чети таң калса, экинчи жагынан ырдаган киши ким экенине абдан ынтызарланыптыр. Сураштыра келгенде ырдаган киши Мыскал аттуу айылдык кыз экени билинет, жергиликтүү элге эртели-кеч эрмек, аз да болсо мактаныч экенин угат. Акыры Мыскалды өзү да суранып ырдатып, уккан кулагына ишенбеген ал адам жаш ырчыны адегенде Нарынга, андан бир аз өтпөй Фрунзеге чакырткан экен.

Ошентип Мыскал Өмүрканованын өмүрүндө таптакыр жаңы тилке, жаңы турмуш башталып, уккандын моокун кандырган, алкоосуна арзыган жаш ырчынын аты кыргыз элине чагылгандай тез тараптыр. 1936-жылкы Эл чыгармачылыгынын 1-олимпиадасына катышып, анда Мыскал биринчи орунду ишенимдүү жеңип алган. Акыры Мыскал Атай, Муса, Абдылас, Бектемир Эгинчиев сыяктуу атактуу ырчылардын катарына үйрөнчүк же шакирт катары эмес, тең ата ырчы жана аты узун элдин учуна тараган, кайда болбосун шатырата алакан чаптырган, уккандардын кыйкырык-сүрөөнүн жараткан аткаруучу катары кошулган экен.

Дээрлик 30 жылга созулган байсалдуу чыгармачылык өмүрдө Мыскалдын башынан нечен тарыхый окуялар өткөн. Ошолордун ичинен эң эле атактуусу, азыркыга чейин легенда болуп айтылып келатканы - анын Москвадагы атактуу Чоң театрда Иосиф Сталин катышкан 1938-жылкы чоң концертте айтылуу “Алымканды” аткарганы, ошондо генералиссимус Сталин баштаган чоң зал тура калып кол чапканы десек туура болот го.

Атактуу ырчы Улуу Ата Мекендик согуш учурунда фронтко барып ыр ырдаганы, нечен тоо-токойлорду аралап, Польшадагы аскерлерге чейин барып концерт бергени тарыхтан белгилүү. Айрыкча Мыскалдын Кытай Эл Республикасына гастролго барганы, ал жерде кытайлык кыргыздар менен уйгурлар Мыскалды такыр жерге түшүрбөй, жыгачтан жасалган секичеде ыйык таберик катары колдон түшүрбөй көтөрүп жүрүшкөнү, казганактаган элдин ушунчалык көптүгүнөн көрүүчүлөрдүн бирин-бири тепсеп кетүү коркунучу туулуп, кара таандай каптаган калкты аскер күчтөрү араң токтоткону - чынында эле болгон окуялар, ошону менен бирге легендага, аңыз кепке айланган чоң тарыхтын маанилүү барактары.

Албетте, атагы таш жарган ырчылык карьера, бүткүл элдик урмат жана сый, Ленин ордени баштаган ордендер менен медалдар, Кыргызстандын Жогорку Кеңешине депутат болуу Мыскал ырчынын тегерегине ар кандай адамдарды топтогон. Бири чын дилден мактаса, экинчисинин ичи тарыган, үчүнчүсү атайын туура жолдон чыгарууну көксөгөн. Башкача айтканда, атак-даңктуу адамдарды кандай кыйынчылыктар менен азгырыктар коштоп келсе, ошол кыйынчылыктар менен азгырыктар легендарлуу ырчы Мыскалды да эч бир айланып өткөн эмес. Бул жагынан Мыскал Өмүрканованын жеке турмушу жана чыгармачылык жолу атактуу Мерилин Монро же Грета Гарбо, же болбосо Бакен Кыдыкеева же Таттыбүбү Турсунбаева сыяктуу зор таланттуу инсандардын тагдырынан эч бир айырмасы жок десек эч бир жаңылбас элек. Эгерде өзүн сактап, аны атайын тайгак жолго азгырган адамдардан алыс жүргөндө, көрө албастык менен ичи тарлыктын курманы болбогондо атактуу ырчы 62 жаш эмес (1915-1976), андан да көп жашамак, оору кезинде да эч бир бузулбаган бийик үнү кийин деле кадимкисиндей сакталмак.

Кыскасы, Мыскал Өмүрканова - кыргыз музыкасындагы бүтүндөй доор. Легенда жана тарых. Триумф жана трагедия.

Көзү тирүү кезинде ушунчалык зор атак-даңкка жетишип, кереметтей үнү не бир атактуу залдарда жаңырып, созгон обону уккан-көргөндөрдүн оозун ачырган, үнүнүн укмуштуудай бийиктиги жана кенен диапазону кимди болсо да таң калтырган Мыскалдай ырчы кылым кыйырын аралаган кыргыз музыкасынын тырыхында да сейрек кездешкен көрүнүш. Анын ырлары азыр да кимди болбосун таң калтырат жана ушул калыбында дагы нечен заман эскирбей да көөнөрбөй жашай берээрине эч бир шек жок.

Мыскал деген сөз азыр да биз үчүн “ыр” деген сөз. Азыр да ырдын пири, үндүн бийиги, ат көтөргүс атак менен даңктын символу деген сөз.

Мыскал - бул обону көктү аралап, доошу булут сабалап, кыргыз ырларынын көркүн чыгаруу, ажарын ачуу, өлбөстүккө көөнөргүс мурас калтыруу деген сөз.

XS
SM
MD
LG