Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:49

Италияда кыргыз үнүн жаңырткан Жеңишбек


Опера ырчысы Жеңишбек Ысманов төрт жылдан бери Италиянын театрларында классикалык чыгармаларды аткарып келет.

Тенор үндүү ырчы Жеңишбек Ысманов Ош облусунун Ноокат районундагы Кулатов айылында карапайым үй-бүлөдө төрөлүп, беш баланын кенжеси. Ал 2000-жылы орто мектепти аяктап, Бишкектеги улуттук филармониянын эки жылдык студиясына кирип, Эл артисти Улукмырза Полотовдон тарбия-таалим алат.

Андан кийин улуттук консерваторияда Эл артисти Керим Тураповдун классынан вокалдык өнөрдүн сырларын өздөштүрөт. Бала кезинде Жеңишбек опера ырчысы болом деп деле ойлобоптур.

- Ырчылык өнөргө аралашып калганым Жараткандын буйругу болуш керек. Өзүм деле башында опера ырчысы болом деп ойлогон эмесмин. Кудайдын буйругу менен классикага 2000-жылдан баштап аралашып калдым.

Жеңишбек вокалдык өнөрдү канчалык терең өздөштүрүп, классикалык чыгармаларга сүңгүп кирген сайын, операнын мекени болгон Италиядан окууну максат кылат.

- Классикалык жанрга түшүнүк болгондон кийин мен Италияда билимимди өнүктүрүш керек деп алдыма максат койдум. Ошондон баштап эле кетүүнүн жолдорун издеп, талыкпай даярдана бердим. Анан Кудайдын буйругу менен Италиядан да билим алып, эми анын театрларында келишим менен иштеп жатам.



Ал Улуттук опера жана балет театрында ырчы болуп иштеп жургөндө Санкт-Петербург шаарындагы кароо-сынакка катышып, ал жерден италиялык мыкты устат Николо Мартинуччинин көңүлүнө түшөт. Италиянын Таранто шаарында Мартинуччиден таалим алып, учурда Туриндеги Реджио, Палермодогу Массимо, Венециядагы Ла Фениче театрларында Пуччининин “Богема”, Жузеппе Вердинин “Ригалетто” операсынан партияларды жогорку чеберчиликте аткарууга жетишти.

- Музыкалык адистер менин үнүмдү лирикалык тенор дешет. Менин репертуарларымдын негизин лирикалык жанрдагы чыгармалар түзөт. Ошондуктан “Богема”, “Ригалетто”, “Травиата”, “Лучини” деген операларда башкы партияларды аткарам.

Жеңишбек төрт жылдан бери ырчылык өнөр менен кошо италия тилин да жакшы өздөштүрүп алган. Ал буга чейин бир катар фестивалдарда сыйлыктарды жеңип алган. 2005-жылы Шымкент шаарында “Романсиада” эл аралык фестивалында II орунга, 2006-жылы Астана шаарында өткөн “Шабыт” эл аралык сынакта I байгеге татыктуу болот.

2008-жылы Санкт-Петербургда Лучано Павароттинин элесине арналган СССРдин эл артисти Е.Образцова атындагы эл аралык сынакта да байгелүү орунга жетишип, Астанадагы вокалисттердин III эл аралык конкурсунда I байгени жеңип алат. 2008-жылы Санкт-Петербургда Н.Римский-Корсаков атындагы эл аралык конкурстун дипломанты, Саратов шаарындагы Собинов искусство фестивалында II орунду жеңип алат.

Ал 2005-жылы “Прелюдия” деген президенттик программанын жана “Алтын шатынын” стипендианты, 2006-жылы “Чыгармачылык ачылыш” номинациясы боюнча жылдын мыкты адамы деп табылып, 2010-жылы Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты болгон.

Жеңишбек Ысманов Италияда шык-жөндөмүн арттырып, келечекте дүйнөлүк деңгээлдеги ырчылардын катарынан орун алып, кыргыздын атын чыгаргысы келет:

- Мен Европада жүргөнүм бул жакка келбей калуу дегенди түшүндүрбөйт. Тескерисинче, Европада чыгармачылыгым менен Кыргызстандын, кыргыздын атын дүйнөлүк деңгээлге чыгаруу керек деген ойдо аракет кылып жүрөм. Бул жакта жүргөндө Кыргызстандан чыкпай, өнөрүңдү эч ким баалабай, баркталбай, канчалык таланттуу болсоң да көпчүлүктүн катарында калаарың анык. Классика өзгөчө Европада бааланат эмеспи, анын сыңары мен шык-жөндөмүм аркылуу кыргыздын үнүн таанытууга аракет кылам.

Ал классикалык чыгармалар сыяктуу эле романстарды, кыргыздын композиторлорунун ырларын дагы ийнине жеткире аткарат. Жакында Улуттук консерваторияда жаш ырчы Элнура Самарбекованын жеке концертине катышып, белгилүү композитор Калый Молдобасановдун “Селкиге” деген ырын созолонтту.

Келечекте атактуу “Ла-Скала” театрынын сахнасында ырдоону тилек кылып, Италияга “Лючию ди Ламмермур" операсынын репетициясына жөнөп кетти.
XS
SM
MD
LG