Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:07

Куудул Жаныбек Алыкуловдон айрылдык


Жаныбек Алыкулов "Аста секин, колукту" комедиясында. Бишкек, апрель, 2009.
Жаныбек Алыкулов "Аста секин, колукту" комедиясында. Бишкек, апрель, 2009.

20-июлда “Шорпо” деген ат менен кыргыздын кыйырына таанымал, белгилүү куудул жана пародист Жаныбек Алыкулов 54 жашында дүйнө салды.

Маркум Жаныбек Алыкулов 1980-жылдардын орто ченинде чоң сахнага келген. Ал өз чыгармачылыгында кыргыз куудулдарынын ичинен биринчи болуп саясый сатирага негиз салып, эгемендикке чейин эле өлкө башчылары Михаил Горбачевду, Апсамат Масалиевди, кийинчерээк Аскар Акаевди туурап чыккан. Мындан сырткары куудул эл алдына “Помидор”, “Зым карагай” сыяктуу улуттук куудулдук өнөргө жаңылык катары кирген монолог-сатираларды жараткан.

Өз өмүрүндө улуттук маданиятка, анын ичинен сатиралык жанрга өз чыйырын салган куудул ооруканада эки күн тилсиз жатып, 20-июль күнү таңда узады.

Биз сөөк узатуу зыйнатына барып, Жаныбек Алыкулов менен чыгармачылыкта үзөңгүлөш жүргөн Кыргыз эл артисти Күмөндөр Абыловду сөзгө тарттык:

- Жаныбек эң биринчи жакшы адам эле, дегеним ал баладай жашык, боорукер, ак көңүл, кыргызды сүйгөн мекенчил, баласаак эле. Менимче, анын ден соолугунун көбүн да ушул жакшы сапаттары алды окшойт деп ойлойм.

Күмөндөр Абыловдун айтканына караганда, маркум Жаныбек Алыкулов акыркы кезде кант диабети менен жабыркап жүргөн. Ал эми Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер, «Досум Үсөн» эстрадалык тобунун жетекчиси Юрий Бобков куудул менен жакын санаалаш болгонун белгилеп, анын куудулдук өзгөчөлүктөрү тууралуу кеп салып отурду:

- Жаныбекти элдин баарын жакшы көрчү. Артисттерден да аны карапайым калк өтө жакшы көрөр эле. Өзүнүн да элдин баары менен мамилеси жакшы болчу. Бирок баса айта алам, ал экөөбүздүн мамилебиз өзгөчө эле. Ал экөөбүз концерт коюп көп жүрүп калдык. Биз аны Орусия артисти Владимир Винокурга теңеп койчубуз. Биз Жакем экөөбүз өзгөчө жакын элек. Ал 1987-жылы чыкты. “Шорпо” деген ырынын бир, эки куплетин мен кошком.

Куудулдун өкүл баласы, обончу Кубан Тойчуевдин айтуусунда, көзү тирүүсүндө Жаныбек Алыкуловдун эмгеги бааланган жок:

- Учурда биз кайра жаралбай турган жылдызды жоготуп отурабыз. Жаныбек атам чындыгын айтканда билими жагынан да өз чөйрөсүндөгүлөрдөн бийик турчу. Биз аны көзү барында баалай алган жокпуз. Бул жагынан Маданият министрлигине да таарынычыбыз бар. Эл тааныбаган артистерге берилип жаткан эмгек сиңирген наам ага буюруган жок.

Шакирттери Жаныбек Алыкулов акыркы кезде жаш куудулдар менен улуу муундагы куудулдардын чыгармачылык байланышын чыңдоо боюнча долбоордун үстүндө иштеп жатканын айтышты.

Маркум Жаныбек Алыкуловдун сөөгү 21-июлда, саат ондо Бишкектин Ала-Тоо жаңы конушундагы көрүстөнгө коюлат. Ал 1960-жылы Жалал-Абад дубанынына караштуу Аксы районунундагы Малкалды айылында туулган.

"Азаттыктын архивинен: Жаныбек Алыкулов башкы ролду аткарган "Аста секин, колукту" комедиясынан бир үзүм

“Аста-секин колукту” комедиясынан бир үзүм
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:26 0:00

  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG