Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:10

Шамшиевдин ойго салган обондору


Таланттуу обончу, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Жеңишбек Шамшиев быйыл 68 жашка чыкмак.

Атактуу кинорежиссер Төлөмүш Океевден "эгер сизди бир аралга жиберип салса, жаныңызга кайсы обончунун музыкасын алар элеңиз" деп сураса, "Жеңишбек Шамшиевдин комуз ырларын" деп жооп бергенин жергиликтүү басылмалар жазышты эле. Салттуу өнөрдүн учугун улап, өмүрү өткөнчө комузун колунан түшүрбөгөн обончу Жеңишбек Шамшиевдин үй музейи ачылып, фонду түзүлдү.

1960-жылдардын аяк ченинде кыргыз өнөрүнө өзгөчө муун келген: Атай, Мусадан кийин эле Рыспай Абдыкадыров, Асанкалый Керимбаев, Токон Эшпаев, Түгөлбай Казаков сыяктуу топ жарган жоон таланттардын өзгөчө мууну биринен сала бири обон жаратып, жеңил-желпи эмес, салмактуу чыгармалары менен калың элдин сүймөнчүлүгүнө айланышкан.

Башкалар нота тааныган, аккордеондун коштоосунда ырдаган обончулар болсо, тоолуу Кара-Кулжадан чыккан Жеңишбек Шамшиев комузу менен эле таанылган райондун экономист кызматындагы инсан эле. Бирок ошондой деңгээлде таанылып, ошондой эле сүймөнчүккө айланган ырчы катары белгилүү болду.

Анын чыгармаларын укканда бала кези эске түшүп кетерин айткан музыка таануучу, композитор Турдубек Чокиев Шамшиевдин ырларынын уккулуктуулугу анын жөнөкөйлүгүндө деген баасын берет.

- Элдик ыр десек да болот. Бирок ошол эле Атай, Муса, Бектемир Эгинчиевдикинен башкачараак нукта чыгып, ырлары жөнөкөй, уккулуктуу, комуз ырларын ошол кездеги ыкка салып, өзүнчө жаңылык киргизгендей сезилет. Кайрыктары элдик ырларды улайт. Бирок ошол эле учурда бул кишинин өзүнө гана таандык болгон стили бар. Азыр ушундай ыр чыгарып, комуз менен таанылган обончу жок. Албетте ойкуштап-кайкыштаган, профессионал музыканттар издеген татаалдык жок, бирок ошол жөнөкөйлүгү менен эсте калды. Кийинкилерден комуз менен мынчалык таанылган ырчы көрө элекмин. Анын ырларын эстрадага салып жүргөндөрүн көрүп калам. Бирок өзү комузу менен өзү таанылткандай орун алган жок.

Таланттуу обончу төрөлүп, өскөн жер Кара-Кулжа районунун Алайкуу өрөөнү. Окуучу кезинде алгачкы жазган ыры да “Алайкуу” деп аталат. Ырында чагылдырылган көркөмдүү жер, көк асманда ак шумкары шаңшыган аймак борбордон 120 чакырымча алыс жайгашкан, эки жагы жалама аска зоо, кыштын күнүндө айлап жолу жабылып калчу. Обонун укканда салмактуу үнүнө куюлушуп, кыргыздын кымыз жыттуу ошол керемет аймагы көз алдына тартыларын айтпай коюуга болбостур.

“Кусалык”, “Толгонуу”, “Өчпөс мүнөттөр”, “Кыркынчы жаздан бир ыргак”, ”Эстечи”, “Атам менен апама”, “Карагым келет”, “Балбылдап жанат сүйүү оту”.

“Ойлончу” сыяктуу 80ге жакын обону жарыкка чыккан. Кыргыздын ырларынан улуттук колориттеги ырлар кайсы десе, кийинкилерден ушул Шамшиевди айтар элем дейт обончу замандашы Түгөлбай Казаков:

- Бул киши 60-жылдары чыккан атактуу обончулардын катарында турат. Башкалар аккордеон менен чыкса, ошол эле деңгээлдеги обонду комуз менен жаратты. Мыктыны мыкты деш керек. Бизде музыканы изилдөөчү жок. Болбосо бул кишинин чыгармачылыгын терең изилдесе болор эле. “Ойлончу” деген обонун биринчи укканда кимдики экенин алгач билбей калып, анан уккан соң таң калгам. Анын ырларын гана жанына алгысы келген Төлөмүш Океев деле ортозаар талант менен мыктыны айырмалаган инсан эмеспи. Байыркы салттуу өнөрдү улаган мындай обончу андан кийин чыккан жок. Анча-мынча комуз менен ырдап жүргөндөр бар. Бирок салттуу өнөргө көп эмгеги менен салым кошкондор жок.

Таланттууларга демөөр болор Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти наамын кеч болсо да алганына кубанды эле. Оор басырыктуу мүнөз күткөн обончу өзү деле андай наамдарга умтулбаган инсан болчу. Өмүрү өткүчө Кара-Кулжадагы тоо койнунда жашагандыктан, үнү деле жаш убагындай таза, тунук бойдон сакталганын жердештери көп эскерет. Ал ушуга гана топук кылчу.
  • 16x9 Image

    Карамат Токтобаева

    1998-жылы КМУУнун журналистика факультетин аяктап, 1997-2003-жылы “Асаба”, “Агым” гезиттеринде эмгектенген. Баткен окуясында курман болгондорго арналган “Жоокерлер кушка айланып учуп жүрөт” аттуу эскерүү китептин автору. "Азаттыктын" блоггери, Прага шаарында жашайт.
XS
SM
MD
LG