Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:07

Жийдеш: Руслананы туурады дегендер жаңылышат


Ырчы Жийдеш Идирисова
Ырчы Жийдеш Идирисова

Тurkvizyon-2015 сынагынын жеңүүчүсү, ырчы Жийдеш Идирисова “Азаттыктын” кабарчысына өзүнүн чыгармачылыгы тууралуу айтып берди. Ал 21 өлкөнүн ырчылары катышкан бул эл аралык сынакта 194 балл алып, биринчи орунду ээлеген.

"Азаттык": Алгач жеңишиңиз тууралуу сүйлөшөлү, Тurkvizyon-2015 сынагына кантип катышып калдыңыз?

Жийдеш Идирисова: Негизи мен мындай сынактарга катышам деп ойлогон эмесмин. Анткени сынакка катышуунун өзү эле стресс, кишини көптөгөн түйшүктөргө салат. Чыгармачыл адам үчүн бул эки эсе баш оору. Чынында ошол көйгөйлөрдөн качып, мындай сынактарга катышам деген оюм болгон эмес. Бирок жолдошум "биздин бул сынакка катыша турган күчүбүз бар, байкап көрбөйлүбү” деп сунуштап калды. Макул болуп, Бишкекте өткөн сынакка катышып, Стамбулга жолдомо алдык. Андан кийин төрт ай бою тынбай даярданып, жөнөп кеткенбиз.

"Азаттык": Атаандаштарыңыздын күч-кубатын байкадыңыз да. Күчтүүлөрү көп беле?

Жийдеш Идирисова: Чынында күчтүү атаандаштар бар болчу. Болгариядан келген эстрадалык топтун ыры атайын "Түрквизион" үчүн жазылган экен. Негизи бүт катышуучулар бул сынакка арнап ыр жаздырганбыз. Болгарлардын ырынын тексти да аталган эл аралык сынакка арналып "Бул кечеде биз Стамбулда "Түрквизионго" катышып жатабыз” деген маанидеги түрк тилиндеги ыр экен. Вокалисти да аябай күчтүү эле. Анан Румыниядан келген ырчынын да даярдыгы мыкты экенин байкагам. Бирок даярдык учурунда биздин ырдаганыбызды, бийлегенибизди көрүп калган атаандаштар: “Кыргызстан - силер чынында катуу даярданган экенсиңер, силер биринчи орунду аласыңар го” дей башташты.

Жийдештин чыгармачыл сересинде
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:06 0:00

"Азаттык": Анда сиз башында эле өзүңүздүн жеңишиңизге ишенген турбайсызбы?

Жийдеш Идирисова: Чынында мен "Түрквизионго" катышабыз дегенден баштап эле психологиялык жаткан өзүмдү даярдап, ушул жолу жеңишке жетишибиз керек деген максат койгом. Бул жакта төрт ай даярданганыбызды Стамбулга барып текке кетирбейли, эч кандай сүрдөө, эч кандай толкундануу болбойт. Өз ырыбызды татынакай, эч кемчиликсиз ырдашыбыз шарт деп ойлодум. Коркууну жоготтум. Эмоцияларга алдырбайм деп шерденип, аны акырына чейин кармаганга умтулдум. Чынында аябай эле кыйын болду. Бирок мен болгон күчүмдү жумшадым.

"Азаттык": Сынакта сиз ырдаган “Ким билет?” деген ырдын сөзү кимдики эле?

Жийдеш Идирисова: Акын Кыялбек Урмамбетов жазып берген. Мындай саптары бар:

- Жайнагыла, ар бир күн айлангыча майрамыңа,

- Талбагыла, талпынып бакыт кушун кармагыла.

- Балаңа мурастай, бактарды кулатпай таягыла.

- Көрк кошуп таалайыңа...”

Негизинен ырдын мазмуну жалпы адамзат темасында.

Жийдеш: Ар бир күн майрам болсун
please wait

No media source currently available

0:00 0:11:42 0:00
Түз линк

"Азаттык": Социалдык түйүндөрдө сизди Украина ырчысы Руслананын ырын туураптыр деген пикирлер да айтылып кетти. Буга кандай карайсыз?

Жийдеш Идирисова: Биз “Ким билет?” аттуу ырды жаздырып жатканда көп нерсени эске алдык. Музыкалык жасалгалоодо сөзсүз түрдө кыргыздын музыкалык аспаптарын колдонуу керек деген талап койдук. Аны угуп көрсөңүз кыргыздын көптөгөн улуттук аспаптары ойнолгон. Айрымдардын Русланага окшоштуруп жатканына такыр түшүнбөйм. 2004-жылы "Евровидениеге" катышкан Руслананын ыры такыр башкача эле. Ал ырдын музыкалык жасалгасы, гармониясы, ритми такыр башка. Украиндер менен кыргыздардын ритми кантип бири-бирине туура келип калсын?

Азыр социалдык түйүндөрдө улан-кыздардын “Руслананын ырын туурап барып биринчиликти алып келип эмнеге эле кыйын болуп атат” деген пикирлерин мен деле окуп жатам. Бул жерде эч кандай плагиаттык жок. Эң жөнөкөй эле маселе Руслананын ырында кыргыздын музыкалык аспаптары колдонулушу мүмкүн беле? Жок. Аны кыргыздар гана колдоно алат. Демек бул жерде мени Руслананы туурады деп айтуу жаңылыштык.

"Азаттык": Сиздин музыкалык билимиңиз барбы?

Жийдеш Идирисова: Жок. Мен Улуттук консерваторияга тапшырып, бирок акча керек болгондуктан аны таштап кеткенге туура келген. Музыка жаатында толук эмес жогорку билимим бар. Он жылга жакын той-топурларда, кафе-ресторандарда ырдап, тажрыйба топтоп келем.

"Азаттык": Ата-энеңиз тууралуу да айта кетсеңиз?

Жийдеш Идирисова: Апам Нарында айылдык мектепте музыка сабагынан мугалим. Атам менен апам мен кичинекей кезимде эле ажырашып кеткен экен. Бир туугандардан экөөбүз. Учурда иним Германияда иштеп жүрөт. Өзүмдүн бир кызым бар. Ал быйыл тогуз жашта.

"Азаттык": Маегиңизге рахмат! Чыгармачылык ийгилик каалайбыз!

Жийдеш Идирисованын Тurkvizyon-2015 сынагындагы ыры

  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG