Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:58

Сабыров: Адабият - фанаттардын кесиби


Журналист Мамат Сабыровдун жаңы жарык көргөн “Дублер палван” аталыштагы аңгемелер жыйнагы окурман дүйнөсүндө талкуу жаратты. Автордун буга чейин "Жол", "Балалыктын теректери", "Ажылык сапары" деген жыйнактары жарык көргөн.

“Азаттык”: - Дублер палван бул турмушта бар кишиби же ал сиздин ой-чабытыңыздан жаралган каарманбы?

Мамат Сабыров: - Жогорку Кеңеште Малик Осмонов аттуу бир депутат бар. "Республика" фракциясында. Көп жылдан бери ага-ини болуп жүрөбүз. Малик аке өзү палван. 17 жыл күрөшкө түшкөн. Дублер палванды ушу киши аркылуу таанып калдым да. Ушундай фанат экен, айласыз таң бересиң. 25 жыл күрөшкө түшүптүр, бир да жолу утпаптыр. Анын ордунда башка болсо, бир-эки жыгылганда эле токтомок. Дублер болсо жалкыбайт экен да. Эски велосипеди бар. Ага минип алып, эки күндүк жердеги мелдешке барат.

"Азаттык": - Чыгармада палваныңыз байге утуп жатат го, болгондо да БМВ?

Мамат Сабыров: - Быйыл Жеңиш күнүнө карата Ноокатта мелдеш өттү. Дублер палван да келиптир, калбай. Адатынча күрөшкө түштү. Бир маалда эле баш байгени утуп жатпайбы. Эч ким күткөн эмес да. Эл дуулдап эле калды. Өзү уткансып кудуңдап жүргөндөр канча? Ыйлап алгандар андан көп. Ошол көз ирмем мага катуу таасир берген. Мурдатан эле ушул киши тууралуу бирдеме жазсам деп жүргөн элем. Тигини көргөндөн кийин бир дем менен кагазга түшүрдүм.

"Азаттык": - Китептеги башка каармандарчы, алар дагы тирүү адамдарбы?

Мамат Сабыров: - Эми жүз пайыз тирүү кишилер дебейм. Анда көркөм чыгарма эмес эле, автобиография же публицистика болуп калбайбы. Бирок негизги өзөгү мен билген, мен тааныган адамдар, баштан өтпөсө да, болгон окуялар.

Каармандардын баарынын эле прототиптери бар. Кай бири эки-үч образдан түзүлгөн жалпы каармандар. Мисалы, бирөөнүн кызык окуясы болсо, ага дагы эки-үч окуяны кошосуң дегендей.

"Азаттык": - Китептин мазмунуна токтолсок, менде эмнегедир Кубатбек Жусубалиевди туурап жазганыңыздай сезим калды. Ал киши сиздин устатыңыз эмеспи, балким ошол нерсе да таасир бергендир?

Мамат Сабыров:-Эми андай да болушу мүмкүн. Себеби раматылык Мелис Эшимканов экөөбүз 20-21 жашыбызда Кубатбек Жусубалиев менен “ооруп” калдык. “Тоолорго жаз кеч келет”, “Күн автопортретин тартып бүтө элек”, “Толубай сынчы” деген чыгармаларын жазданып жатчубуз. Ар бир сабын жатка билер элек. Китепканга ошол кишинин чыгармасын окуш үчүн барчубуз. Кубат акенин жазганы ошол кездеги адабияттан асман-жердей айырмаланып турчу. Биз үчүн жаңылык эле да. Бара-бара өз стилиңди табат экенсиң. Бирок мен Кубат акенин таасиринен канчалык деңгээлде чыга алдым, аны айта албайм. Кубат аке Мелис экөөбүздүн устатыбыз эле дебедимби. Андыктан тууроонун болушу бул - мыйзам ченемдүү нерсе.

"Азаттык": - Жыйнактагы чыгармалардын дээрлик баары түштүк диалектисинде жазылган экен. Адабий тилдин нормасынан эмнеге четтеп кеттиңиз?

Мамат Сабыров: - Каарман нарындык же чүйлүк болсо, ошол тилде бергенге аракет кылат элем да. Бирок Оштогу “Дублер палванды” адабий тил менен берүү мүмкүн эмес. Образ ачылбай калат. Толстойдун айтканы бар эмеспи, “жазуучу башкача жазат, мужик башкача сүйлөйт” деп. Ал өз доорундагы орус адабиятынын кемчилигин айткан да. Азыр бизде да ушундай абал. Адабият башка тилде, эл башка тилде сүйлөйт. Мен ошого колдон келишинче жол бербеске тырыштым.

"Азаттык": - Китепте эки сценарий да жүрөт, алар кантип аңгемелерге аралашып калды?...

Мамат Сабыров: - Мен өзүм бала кезден киного аябай кызыкчумун. Москвадагы ВГИКке тапшырам деп кыялданар элем. Бирок өзүң айылдык мектепти бүтсөң, орусча нанды араң сурап жесең, анан кайдагы ВГИК? Балалык кыялым ошентип орундалбай калды. Бирок режиссер болбой калганым менен жүрөгүмдө бир арман, бир эңсөө калды.

Китептеги эки сценарийдин бирин - “Гумжардамды” көп жылдан бери жазып жүргөм. Ал эми экинчисин Айбек Карымовдун заказы менен жазгам. Сүйүү тууралуу болсо деген эле. Мен аны улуу аял менен жигит үй-бүлө куралабы деген мааниде бергим келди. Эми ал тартылабы же тартылбайбы али белгисиз. Бирок китепке киргизип койдум. Андан тышкары дагы үч-төрт сценарийди жазып атам.

"Азаттык": - Баса, “Гумжардамда” канчалык жашырбаңыз, тунгуч президенттин образы көрүнүп калыптыр?

Мамат Сабыров: Ушундай суроолор болорун күн мурунтан эле билгем. Башында айтпадымбы, аңгемелердин көбүндө конкреттүү каарман жок. Чогултулган образдар гана. “Гумжардам” аркылуу мен коомдогу кошоматчылыкты, тууганчылыкты, митинг-пикетти юмор аркылуу бергим келген. Болгону ошол. Сюжетин болсо бирөөдөн уккан элем. Кайсы бир айылда жер титирөө болсо, жогору жакта отурган чиновник гумжардам бермей болуптур. Айылдагы аттуу-баштуулар катуу даярдык менен тосуп алат да. Караса, алып келгени бир чемодан. Бул болгон окуя. Мен аны балык менен алмаштырып койдум.

"Азаттык": - Батышта чыгарма товар катары бааланат эмеспи. Автор сатат, пайда көрөт. Бирок байкасам китепти 500 нуска менен эле чыгарыпсыз, эмне себептен?

Мамат Сабыров: - Мен баш-аягы төрт китеп чыгардым. Болгону 500 нуска менен чыгарам, аны жалаң тааныштарга таркатам. Базарга алып чыгайын, пайда табайын деген ниетим деле жок. Болгону жазганың жарык көрүп калсын дейт экенсиң. Анүстүнө адабият азыр фанаттардын эле кесиби болуп калды. Жазгандары массалык түрдө өтүп, пайда тапкандар чанда. Бир-эки окурман окуп, жакшы пикирин айтып койсо, ошого сүйүнүп жашап калдык...
XS
SM
MD
LG