Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:51

Момушева: Сахнасыз жашай албайм


Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Гүлмайрам Момушева алтымыштан ашса да сахнадан түшпөй ырдап жүрөт.

Кезинде кыргыз-казакка таанымал ырчы, мукамдуу үнү менен ар бир кыргыздын үйүнө мээрим чачкан Гүлмайрам Момушева тууралуу дагы деле болсо ар кандай кептер айтылып жүрөт.

Мен да Гүлмайрам Момушева Сокулукта жашаарын, турмуш-шарты оор экенин уккам. Сураштырып, айтылуу ырчынын ал-акыбалы менен жакындан таанышсамбы деп жүргөм.

20-апрелде Улуттук филармонияда Кыргыз эл акыны, сатирик Эсенгул Ибраевдин 80 жылдык эскерүү кечесине барып калдым. Кече ортолоп калганда алып баруучу “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Гүлмайрам Момушева, Динара Акулова, Гүлбүбү Иманалиева сахнага чыгат”, - деп кулактандырганда эле залдагы көрүүчүлөр дүркүрөтө кол чабышты.

“Сыр аяктын сыры кетсе да, сыны кетпейт" дегендей, өткөн доордун 60-70-жылдары жылдыз сымал жарк этип чыккан чыгаан ырчысы Гүлмайрам Момушева сахнада кыргыздын бешик ырына айланган композитор Эсенбек Мааданбековдун “Балама” ырын созуп атканда, "баягы карагаттай болгон мөлтүр кара көздөрү жаш кезиндегидей эле экен" дешти көргөндөр.

Гүлмайрам Момушеванын жылаажындай тунук үнү кимдердин гана жүрөгүнөн түнөк тапкан жок. Анын толмоч, сулууча келген, жаркылдаган, жаш келбети, карагаттай каректери миңдеген жүрөктөрдө калгандыр. Айтылуу ырчы азыр Сокулук районундагы Шалта айылында эмгек эс алуусунда экен.

- Азыр Сокулук районундагы Шалта деген айылда жашайм. Мына бүгүн ушул концертке чакырды. Чакырган жерге барып ырдайм. Азыр ардактуу эс алуудамын. Мен телевидение, радио деп чуркабайм. Мындай чакырык концерттерде дайыма эле чыгып жүрөм. Динара Акулова, Айчүрөк Иманалиева менен чогуу эл алдында концерттерде ырдадым. Азыр болсо өз кыздарымдай болуп калган “Кыз бурак” тобу менен чогуу гастролдорго чыгып атам. Мен чыгармачылыктан кол үзө элекмин. Себеби сахна - менин жашоом. Менин өмүрүм. Мен сахнасыз эч качан жашай албайм.

Кезинде “Кыргыздын Роза Баглановасы” аталган республиканын эмгек сиңирген артисти Гүлмайрам Момушева “Күн чыгышым", "Албырып шаттык жүзүңдө", “Жүрөк эңсейт”, "Толкундар”, "Койчунун ыры” ж.б. ондогон ырларды аткаргандан кийин алар элдик ырга айланган.



Табийгат берген талант Гүлмайрам Момушева элдик ырчы болуп, атагы чыгып турганда да бийлик төбөлдөрүнө барып, айрым өнөрпоздорго окшоп наам, даража, үй сурабаптыр.

- Мен филармонияда иштегенден баштап бир дагы жолу чоңдордун кабинетине барып, эшигин каккылаган эмесмин. "Мага наам бергиле, орден бергиле" деп бир дагы жолу барган жокмун. Баргым деле келбейт. Кээде көп эле угуп калам. Азыр акчасы барлар эл артистин алат экен, эмгек сиңирген артисти болушат экен деп. Азыр фонограмма менен ырдаган жаш кыздар, балдар эл артисти болуп атышса анан эмне дейин? Мен өмүр бою сахнадан түшпөй келатам. Азыр да сахнадан көрдүңүз. “Баламаны” ырдаганда эл кандай кабыл алды! Эл дагы эле жакшы көрөт, сыйлайт. Анан мага наам бергиле деп бийликтегилерге эч качан айтпайм.

Өмүрүн сахнага арнап койгон айтылуу ырчыга кезинде бут тосуулар болуп, артынан эмне деген кеп, эмне деген сөздөр ээрчиген эмес. Гүлмайрам аты чыгып турганда анын тилин кесип кетишиптир десе, айрымдары анын жүрүм-туруму тууралуу ойго келбеген ушак кептерди айтышчу.



Өнөр адамдары сахнадагы жашоо бир башка, сахнанын артындагы жашоо бир башка болгонун айтып калышат. Себеби фонтан сыяктуу оргуштап атылып чыккан табигый таланттардын душмандары көп болот тура. Алардын чыгармачылыгына эле эмес, жеке турмушуна да кийлигишип, көрө албастык кылышып, бут тосуп, жаманатты кылууга, бетине көө сүрткөнгө аракет кылышат экен.

- Менин жеке турмушумда эмне деген гана бут тосуулар болгон жок. Айтпаган сөздөрдү айтышып, тири укмуш ушактарды чыгарышты. Мурун ойлочумун "мени ушинтип атышат деп ичим күйүп, ызаланчумун. Анан жөн жерден чыккан кептерге чычалабай, нервимди бузбайынчы деп тим болдум. Өзүңдүн ишиң менен, талыкпаган чыгармачылык изденүүң менен элге көрсөтүшүң керек экен. Ошондо эл аябай сыйлап, баркатайт экен. Ушул элим бар үчүн мына мен быйыл 65ке чыгып атсам да заңкылдап ырдап сахнага чыгып жүрөм.

1970-жылдардын башында кыргыз музыка өнөрүндө жарк этип чыккан ырчылардын ири алдында Гүлмайрам Момушева, Зейнеп Шакеева, Гүлсүн Мамашева, Эрмек Мойдунов, Кеңешбек Кожомкулов, Айша Базарбаева, Алтынбек Сапаралиев эле.

Гүлмайрам Момушева 1948-жылы 23-октябрда Ысык-Көл облусунун Аксуу районундагы Сары-Камыш айылында жарык дүйнөгө келген. Ошол айылдагы орто мектепти аяктагандан кийин Нарын облустук музыкалык драма театрында чыгармачылык чыйырын баштайт. Ал жерден Фрунзедеги филармонияга которулуп, Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестринде 25 жыл солист болуп иштейт. Учурунда Советтер союзунун бардык чоң шаарларында, Дания, Сирия, Түркия өңдүү мамлекеттерге барып өнөрүн тартуулап келген.

Өмүрлүк жолдошу, обончу Кадырбек Кадыралиев мындан жыйырма жыл мурда каза болгон. Ал “Фрунзенин оттору” жана башка обондорду чыгарган. Азыр Гүлмайрам Момушеванын эки уулу, бир кызы, неберелери бар.
XS
SM
MD
LG