Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:04

Кыргызча жаңырган гитара


Нурлан Асанканов
Нурлан Асанканов

Каражаттын жоктугунан кыргыздын айтылуу алгачкы гитарчысы, маркум Даниэл Назарматовду эскерүү концертин өткөрө албай, шакирттери убара тартууда.

Кыргыз-түрк “Манас” университетинин Консерваториясынын окутуучусу жана Бишкектеги музыкалык мектептин мугалими Нурлан Асанканов гитарада мыкты ойнойт.


Испан мелодиясы Нурлан Асанкановдун аткаруусунда




Ал Бишкекте башка улуттун өкүлдөрү өткөргөн кароо-сынактарга таланттуу кыргыз гитарчылары катышып, байгелүү орундарга жетишкенин, бирок бул сынактарда кыргыздын музыкасын ойноого болбостугун айтты:

- Бишкекте орустун гитарчылары Агибалов, Анестесян жана башкалар чогулуп кароо-сынактарды өткөрүп жатышат. Бирок ал сынакта славян элинин музыкаларын эле ойнош керек. Кыргыздын музыкаларын ойногонго болбойт. Алар славян элинин музыкасын жакшы жайылтып жатышат. Айла жок, кыргыздын таланттуу гиатрчылары ошол кароо-сынактарга катышат.

Дагы өкүнүчтүү нерсе, Кыргызстанга алгачкылардан болуп гитараны жайылткан Даниэл Назарматовдун элесине эскерүү концертин уюштуралы деп каражаттын жоктугунан өткөрө албай калдык.

Эгерде демөөрчүлөр болсо кыргыздын музыкасынын негизинде гитарчылардын сынагын уюштурат элек. Каражат кендирди кесип турат.


Даниэл Назарматов
Даниэл Назарматов
Абдылас Малдыбаевдин “Жылкычылар бийин” безеленте ойногон Нурлан Асанканов жаштарды гитара черткенге үйрөтүп, кыргыз күүлөрүн, обондорун гитарага ылайыкташтырып кайрадан иштеп чыгып, атайын окуу китебин түзүүгө ниети бар экенин айтты.

- Биз орус мектебинин, музыкасынын негизинде гитара черткенди үйрөндүк. Себеби гитарага ылайыкташтырылып нотага түшүрүлгөн кыргыз музыкасы жетишсиз. Мисалы, балдарды үйрөтө баштаганда эле “Ехал казак на Дунай”, “Во поле береза стояла” жана башка ырларын черттиребиз. Эмне үчүн “Беш ыргай”, “Паризат” менен үйрөнүүгө болбойт? Ошондуктан мен кыргыз музыкасын пропаганда кылуу максатында өзүбүздүн ырларды кайрадан иштеп атам. Буйруса, өзүнчө жыйнак кылып чыгарсамбы деген ой бар.

Нурлан Асанканов Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Төрт-Күл айылындагы орто мектепти бүтүп жатып, гитарага кызыгып калып, алгач мамлекеттик искусство институтунан, кийин консерваториядан билимин улантат. Анын айтымында, жаштарды гитарага кызыктырса, алар тетири жолго басышпай, бош убактыларын музыка дүйнөсүндө пайдалуу өткөрүшмөк эле.

Негизинен гитаранын жаралышы чыгышка таандык. Арабдарда элаут, ситар, дутар деген музыкалык кыл аспаптары болгон экен. Алар XIII кылымда Европаны басып алышканда элаут, ситар, дутарын кошо ала келишкен экен. Анан испандар элаутту башка формада жасап, алгач төрт кыл, анан беш кыл, он бир кыл кылып көрүшкөн. Бирок алты кыл ылайык келип, испандар алты кылдуу гитараны жасап улуттук аспап катары дүйнөгө таратып жиберди. Бизде улуттук аспап комуз болсо, испандарда гитара.
XS
SM
MD
LG