Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:35

Токтогул акын: мамлекет жана тагдыр


Токтогул Сатылганов.
Токтогул Сатылганов.

Быйыл кыргыз коомчулугунда, түрк дүйнөсүндө кеңири белгиленип жаткан улуу акын Токтогул Сатылгановдун 150 жылдыгынын маани маңызы, улут үчүн, мамлекет үчүн анын орду, акындын өмүрүнө, чыгармачылыган байланышкан жаңы жагдайлар тууралуу “Сыябан” түрмөгүндө кеңири кеп болот.

"Сыябандын" коноктору философия илимдеринин доктору, профессор Жамгырбек Бөкөшов жана тарых илимдеринин кандидаты, жазуучу Арслан Койчиев.

Жамгырбек Бөкөшев: Токтогулдун сүргүнгө айдалганын Керимбай болуштан көргөн жери бар эмеспи. Менин иликтөөмдө Токтогул Керимбай менен бирде жакшы, бирде жаман мамиледе болуп, кайсы бир деңгээлде атандашуучулук болгонун байкайбыз. Биротоло эле араздашып душман болгон эмес. Токтогулдун ырында таарынганы Керимбай болуш ортого түшүп, сүргүнгө айдатпай алып калганга жардам бере албады деп гана таарынычын жазган.

Арслан Койчиев: Белгилүү окумуштуу Омор Соороновдун “Биз билген, биз билбеген Токтогул” деген китебинде буга чейин окурмандарга белгисиз жаңы фактылар, жаны өңүттөр жөнүндө кеп болот. Мисалы, Токтогул ал кездеги борбор шаарыбыз Фрунзеге келгенде, ошол учурдагы интеллигенция өкүлдөрүнүн ортосундагы интригалардын айынан таарынып, кайра Кетмен-Төбөгө кетип калганы, ж.б. фактылар жөнүндө жазылат. Токтогулдун биз билбеген дагы көп кырлары болушу мүмкүн, аны биз ачышыбыз керек.

Берүүнүн толук аудио вариантын бул жерден уга аласыз.
Токтогулдун улуулугу жана бийиктиги
please wait

No media source currently available

0:00 0:24:56 0:00
Түз линк

XS
SM
MD
LG