Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:53

Инспекторлор Кыргызстанды иликтей баштады


Бажы биримдигинин айрым инспекторлору Кыргызстандагы эпизоотиялык абалды текшерет. Ат-Башынын мал базары. 2014-жыл.
Бажы биримдигинин айрым инспекторлору Кыргызстандагы эпизоотиялык абалды текшерет. Ат-Башынын мал базары. 2014-жыл.

Бажы биримдигинин инспекторлору Кыргызстанга келди. Алар Кыргызстандын кайра иштетүү тармактарынын, бажы бекеттеринин Евразия экономикалык биримдигинин стандартында иштөө мүмкүнчүлүгүн текшеришет.

Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине кошулуу боюнча келишимге өткөн жылы декабрь айында кол койгон. Ал келишимдер учурда биримдикке мүчө өлкөлөрдүн парламенттеринде ратификациядан өтүү алдында турат.

Кыргыз өкмөтү май айына чейин ратификациялоо аяктап, 9-май - Жеңиш күнүнө карата Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигинин толук кандуу мүчөсү болуп калат деп жарыялаган.

Мына ушундай иштердин алдында Кыргызстанга Евразия экономикалык биримдигине мүчө болгон Орусия, Беларус, Казакстан жана Армениядан инспекторлор келип, 18-февралда өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев менен жолугушту.

Өкмөттүн маалымат кызматынын кабарлоосуна караганда, инспекторлор беш багытта иш жүргүзөт. Алардын бир тобу Кыргызстандын мал чарба продукциясын экспорттоону көздөгөн ишканаларын текшерсе, экинчиси республикадагы эпизоотиялык абалды карайт. Калган топтору лабораториялардын, чек арада текшерип өткөрүүчү бекеттердин материалдык-техникалык абалын жана ветеринария тармагында дары-дармектердин колдонулушун текшерет.

Каркыра жайлоосу
Каркыра жайлоосу

Өкмөт башчынын кеңешчиси Олег Панкратов инспекторлордун сапарынын башкы максаты тууралуу буларды билдирди:

- Бажы биримдигине экспорттоо үчүн биздин айыл чарбасын өндүргөн ишканаларыбыз тизмеге киргизилиши керек. Ал үчүн биз “жол картасы” талап кылган иш-чараларды аткаруубуз шарт. Инспекторлор эртерээк келип, биздин ишканаларды текшерип көрүп, аларды жалпы тизмеге киргизүүнү көздөп жатышат. Алар сүт, эт азыктарын өндүрүү боюнча ишканаларды карашууда. Бул текшерүүнүн натыйжасында экспортко продукция чыгара турган ишканаларыбыздын саны өсөт деп үмүттөнүп турабыз.

Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын ветеринардык-санитардык көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Алмаз Шаршеновдун “Азаттыкка” билдирүүсүнө караганда, жалпысынан он сегиз инспектор келди. Алардын максаты - Евразия экономикалык биримдигинин талаптарына жетишүүгө жардам берүү. Алар кайсы ишканаларды текшерип жатканы тууралуу Шаршенов буларды билдирди:

- Бажы биримдигине экспорт жасай турган ишканаларды текшерип жатышат. Бүгүн “Шер”, “Риха” аттуу эт азыктарын чыгара турган ишканаларды текшеришти. Эртеңден баштап сүт азыктарын өндүргөн ишканаларды текшеришет.

Алмаз Шаршеновдун айтымында, инспекторлор Кыргызстандагы эпизоотиялык абалга да көңүл бөлүп, керектүү дары-дармектерди бөлүп берүү сунушун дагы даярдашат.

Көз карандысыз ветеринар Калысбек Жумакановдун пикиринде, Кыргызстан биринчи кезекте эпизоотиялык абалга көңүл бурушу керек:

- Биринчи кезекте эпизоотиялык абалдын туруктуулугун камсыздоо керек. Бизде ар кандай лабораториялары салып, иштетип койгондон кийин деле эпизоотиялык абал жакшы болбосо, анда экспортко шарт түзүлбөйт. Орусия да, Казакстан да биздин мал чарба продукцияларын албайт. Бизде дүйнөлүк стандартка жооп берген лабораториялар иштеген күндө да ал кайрадан биздин кемчиликти ачып, ооруларды аныктап берет.

Каркыра жайлоосу
Каркыра жайлоосу

"Мына ошондуктан республикада эпизоотиялык абалды турукташтыруу зарыл" дейт Жумаканов. Адистин айтымында, азыркы мезгилде Кыргызстанда бир катар мал ылаңдарын кыскартууга жетишилди. Маселен, бруцеллёз төрт эсеге кыскарды. Бирок дагы эле бир катар мал ылаңдары кошуналарды да чочутуп турат:

- Транс чек аралык ылаңдар деп коет. Алардын вирусу ез эле тарап кетет. Мисалы, шарп. Кыргызстанга эң чоң зыян келтирип, чек араларды жаптырып жаткан ушул шарп. Анан кой-эчкинин кыргыны деп коет, кара тумоо же орусча айтканда чума. Чечек оорусу же болбосо гүл ылаңы деп коет. Кыргызстанда катталган көп оорулар бар. Казакстан да, Орусия да ушул ылаңдардан сактанып, Кыргызстанда кандай болуп жатат деп карап турушат.

Жумакановдун айтымында, бул ылаңдардан арылуу же азайтуу үчүн биринчи кезекте сапаттуу вакциналарды алып келип, жеке ветеринарлар менен натыйжалуу иштөөнү жолго коюу керек. Мына ошондо мал чарба продукцияларын экспорттоого жол ачылат.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG