Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:47

Электр тарифин көтөрүүгө кандай карайсыз?


Кыргызстан кайрадан электр кубатынын тартыштыгын башынан кечирүүдө. Энергетиктер менен өкмөт өкүлдөрү электр тармактарындагы жабдуулардын эскириши, системаны жаңыртууга салым кошпогон ортомчулардын болушу, кардар менен көзөмөлчүнүн ич ара келишип уурдашы кышкысын ушундай каатчылыкка кириптер кылып жатканын жүйөө кармашат.

Ал эми айрым байкоочулар энергетика жаатындагы коррупциялык схемалардын жоюлбай жатышы ушундай кырдаалга апкелип жатат деп эсептешет.

Кийинки кезде электр тарифин көтөрмөйүн каатчылыктан чыгуу мүмкүн эмес, атүгүл Кыргызстандын бирден бир байлыгы болгон энергетикадан биротоло кол жууйбуз деген сөздөр кескин айтыла баштады.

Энергетиктердин айтымында, Кыргызстанда электр кубатына баа эң арзан болуп саналат жана бул системаны жаңылоого каражат тумалак жетпейт.

•Электр тарифин көтөрүүгө оюңуз кандай?

•Үйүңүздө жагылган электр кубатына айына канча төлөйсүз, ал эми мобилдик сүйлөшүүлөргө канча акча сарптайсыз?

•Электр тартыштыгын жоюунун кандай жолдорун сунуш кыласыз?
XS
SM
MD
LG