Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:16

Акыр заман аңыздары айрымдарды дүрбөттү


Бул жылы чыккан акыр заман темасына арналган "2012" аттуу тасма дүрбөлөңдү ого бетер күчөттү.
Бул жылы чыккан акыр заман темасына арналган "2012" аттуу тасма дүрбөлөңдү ого бетер күчөттү.

21-декабрда кыямат кайым болоору тууралуу аңыз кептер айрымдарды дүрбөтсө, бирөөлөр акыр заман болбосо да бир нерсе болот деп азык-түлүк камдоодо. Башкалары буга ишенбейт, үчүнчүлөрү – такыр уккан эмес.

Бул күнү эмне болору тууралуу: планеталар бир катарга тизилип алып, Жерде бир жума Күн болбойт дегенден баштап, Нибиру аттуу планета Жерге урунуп, дүйнөгө акыр заман келет дегенге чейин ар кандай имиштер айтылууда. Мындай сөздөргө Борбор Америка чөлкөмүндө турган майя элинин байыркы календары ушул жылдын 21-декабрында бүтөөрү себепчи болуп жаткан экен.

Бирок жылнаама бүткөндөн кийин майялардын ата-бабалары эмне күн көрөөрү тууралуу маалымат калтырбаганы дүйнөнүн төгөрөк бурчундагы элдер арасында дүрбөлөң салып, 21-декабрь жакындаган сайын ар кайсы жерде жалпыга маалымдоо каражаттарынын башкы темасы айлаган кез. Ар ким акыр замандан сактанабыз деген үмүттө жер казып, баш калка камдап, же бир жумага жетерлик азык-түлүктөрдү жана шамдарды камдап жатышканы тууралуу кабарлар жайнайт.

Кыргызстанда да бул тема кызуу талкууланып, жергиликтүү интернет-форумдардын биринде акыр заманга арналган тема 21 баракка узарып кетти. Ар кандай социалдык тармактарда колдонуучулар коркуп жатканын билдирет. Биз болсо Бишкектин көчөлөрүнө чыгып ар кимдин оюн сурадык.

Айрымдары 21-декабрда акыры заман болбосо да, сөзсүз бир нерсе болот деп кооптонуп, алдын-ала камданып жатышса, башкалары буга ишенбейт, үчүнчүлөрү ал күнү эмне болору тууралуу таптакыр уккан да эмес экен.

Бишкек тургуну Гуля Мирзоева бул күнү бир нерсе болот деген ойдо. Анын айтымында, жаратылыштын бүлүнүп жатканы, жер ресурстарынын какшып баратканы кандайдыр бир апааттарга алып келет.

- Эми акыры заман болот деп мен ишенбейм, бирок бир жерде планеталар бир катарга туруп, Күндү жаап анан Жерде бир жумадай жарык болбойт дегенде кичине чындык бар деп ойлойм. Эмне болсо да шам, суу алып койдук, жакында бир аз азык-түлүк камдап коёбуз.

Мирзоева башында бул кептерге ишенбей, бирок интернетте жана досторунун арасында көп айтылып жаткан үчүн ойлонуп калганын кошумчалай кетти. Ал эми Наргиза Турдубаева акыр замандын качан келери Кудайдан башкага белгисиз экенин, бирок тегеректе баары кеп кылып жаткан үчүн эмне кылаарын билбей калганын айтты.

- 21-декабрда акыры заман болот деп айтып жатышат, бирок бул нерсе Кудай каалаган бир күнү болот да, биз биле албайбыз. Анан бүт жерде айтылып атат, билбей да калдым - ишениш керекпи же жокпу деп? Досторумдун арасында шам камдап, балонго газ толтуруп кой дегендер бар. Билбейм эми...

Ал эми шаардын башка тургуну бул куру сөз деп ойлойт.

- Америкада жашаган майялардын байыркы календары боюнча заман 21-декабрь менен бүтөт турбайбы. Бирок мен буга ишенбейм. Эч ким майялардын маалыматын текшерип, далилдеп көргөн жок. Ошол үчүн 21-декабрда кадимкидей эле күндү кечирем, Жер айланат, биз жашайбыз, басабыз-турабыз.

Эл арасында бул темага ар кандай пикирлер болуп жатса, окумуштуулар акыр заманга эч кандай ишенбейт жана өз анализдерине таянып, ал күнү Жерге эч кандай физиологиялык өзгөрүүлөрдү сала турган процесстер болбой турганын айтышты.

Олег Жидков, Кыргыз-Орусия Славян университетинин физика жана микроэлектроника кафедрасынын доценти:

- 21-декабрь катардагы күндөй эле болот, климат сезонго жараша өзгөрөт. Болгону бул күнү Жердин гравитациялык талаасы кичине кеңейет, анткени күн системанын планеталары бир катарга туруп гравитация өзгөрөт. Бирок бул өзгөрүүлөр олуттуу же биз сезе тургандай болот деген ойдон алысмын. Эч кандай жер титирөөлөр, суу агымдар болбойт деп айта алам. Буга чейин деле көп жолу акыры заман болот деп айтышкан, бирөөсү да боло элек.

Жидков жакынкы жылдары да кандайдыр бир чоң өзгөрүүлөр болбой турганын кошумчалады.

“Астрон” борборунун жетекчиси, астролог Андрей Рязанцевдин пикиринде да, 21-декабрда акыры заман болбойт жана жакынкы арада мындай кооптонууга негиз жок.

- Негизинен акыр заман келатат деп айтылганда, маселен, астрология жана философия доктриналарында чын эле акыр заман болот дегенди эмес, мындай биз көрбөгөн, руханий жактан жаңы доор башталып жатат, адам баласында көз караш өзгөрүп жатат дегенди билдирет десек болот. Эмне үчүн майя эли 21-декабрга басым кылды? Балким алар кандайдыр бир кризисти алдын ала сезип, элди өзгөрүүлөргө, ойлонууга чакырышты. Ушул өңүттөн караш керек.

Буга чейин да бир нече жолу акыр заман келет же топон суу каптайт деген маалыматтар дүйнөгө дүрбөлөң салганы маалым. Бирок тилекке жараша ушул күнгө чейин бири да ишке ашкан жок. Балким ким бирөөлөр элге атайын дүрбөлөң салып жатабы деген ой келет. Иши кылса, 21-декабрь кадыресе күн болсо, жакшылык болсо деп тилейли.

Тасмада: Бишкектен көчө пикир

Акыр заман аңыздары
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:28 0:00

XS
SM
MD
LG