Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:36

Эненин тилеги


Жаным кызымдын төрөлгөнүнө беш ай толду. Ойгонгонунда адаттагыдай эле алтыныма кутман таң кааладым. Көзүн жүлжүйтө жылмайып, күчүнүн жетишинче керилип коёт.

Эртең мененки көнүгүүнү атасы экөө аткарат. Дарыгерлер табыштагандай эмизүүнүн алдында беш мүнөт ичине жаткыруу зарыл. Андай абалын жактырбай, тыбырчылып жиберет.

Кыңкыстаса эле коркунучтардан коргоп, кызың каалаганындай кылгың келет экен. Колдун келишинче оюндагысын орундатып турам. Кызым азыр кызыгуу менен оюнчуктарды кармалап, тегеректи текчейе изилдегенди үйрөнүп калды. Азыр ал ааламдын чоңдугу жөнүндө, айланадагы кызыктар туурасында эч нерсе билбейт деле. Экөөбүз көчө кыдыра сейилдеп жүргөндө көптү ойлоном. Кыялданам...

Менин бир кыялым бар. Кызымдын дени сак болуп, бактылуу балалыкта чоңойсо деген. Кокустуктардын бетин ары кылсын деп тилегеним тилеген. Бул аны курчап турган айланадан көз каранды. Ааламдагы аба кирдебей, таза жаратылышта бейпил дүйнөдө өмүр сүрсө. Там туң басып, анан тили булдурап сүйлөй баштаганда жалаң жакшы көрүнүштөргө күбө болсо... “Ал эмнеге андай? Апа, бул эмне?” – деп калганында, адилетсиздик, зомбулук тууралуу жооп издегим келбейт.

Саясий абалы туруктуу өлкөлөрдүн эң кичине жарандары өз курагына таандык суроолорду берип, шайлоодо кайсы партияга добуш берүү керектиги жөнүндө баштары оорубайт.

Биздин кичинекей мекендештерибиз болсо, Атамбаевден баштап Ташиевге чейин ким экенин айтып турат. Мисалы, менин кызым алты жашында саясий оюндар тууралуу чоңдордун сөздөрүн укпай эле койсо экен. Ал маалда өлкөбүздө майнапсыз митингдер токтоп, ар бир жаран эмгек менен алек болсо болду. “Апа, эмнеге күндө эле адамдар Ак үйдүн алдына барып алып ар нерсени талап кыла берет, үйгө барып оокат кылышпайбы”, - десе, кантип жооп берем?

Акыл-эс кирип калганында: “бул жакта жашагандан көрө башка өлкөдөн башпаанек таппайлыбы, качан бул ызы-чуулар токтолот”, - деп коркутпаса болду. Улуу элденбиз, түпкүлүгүбүздө шумдук даанышман адамдар өткөн дейсиңер, анан калкым кайсы себептерден улам жакырчылыктан башы чыкпайт деген кейүүсүн уккум келбейт.

Ал бери жагы эле, кызым мектепке барганда, теңтуштары баңгизат жана башка балээлерге кызыктырбаса деген тилек. Же болбосо курбулары бети-башын жамынып алып, түшүнүксүз диний агымдарга үгүттөбөсө болду. Светтик өлкөнүн жарандарыбыз, кыргыздын кыздары эч качан бетин жапкан эмес, белин кымча бууп, беш көкүл чачын өрүп жүрчү деген энесинин тарбиясы кайда калат? Андан көрө билимдин кызыгына батып, ааламдагы кызыктарды багындырганга аракеттенсин.

Кызым түпкү тегин, тарыхын жүрөгүндө алып жүрүп, акылы менен азыркы кылымдын инсаны болушун кыялданам. Мүнөт сайын өнүгүп жаткан өлкөлөргө барып, аалам канчалык кызык жана чексиз экендигин сезип көрсүн. Ылайым ал убакка чейин чоң мамлекеттерди багынтабыз деген террористтердин аракеттери токтолсун.

Кээ бирөөлөрдүн, түшүнүксүз курмандыкка чалуулары үчүн эч бир күнөөсү жоктор каза болбосун. Дүйнө эмнеге мындай каардуу, мындай жашоону каалабайм деп, Айтматовдун Кассандра мөөрүндө айтылгандай, кызымдын бул ааламды жек көрүү сезимине күбө болгум келбей эле. Кызым дүйнөлүк согуш жөнүндө бир гана тарых китебинен билгендей болсо... Химиялык чабуул, атомдук тирешүүлөр жөнүндө бир дагы жаңылык болбосун.

Менин бир кыялым. Келечек жаркын болот. Бул кыялдын орундалуу мүмкүндүгү көп. Анткени бул ар бир эненин кыялы. Ал орундалат. Мен ишенем.

Качандыр бир кезде Мартин Лютер Кинг да ишенген. Кара түстөгү адамдар дүйнөдө өз ордун табат деген. Качандыр бир кулчулук өкүм сүргөн чоң мамлекет демократияны туу туткан Америкага айланаарына ишенген. Ал кезде кара түстөгү адам Кошмо Штаттарды башкарып, президент болоору анда эч кимдин түшүнө да кирбеген эле. Бул кандайдыр бир асмандагы Айды колуна кармоого барабар болчу. Ошондо да илгери үмүт ашкерелеп турган. Бирок убакыт бардыгын өз ордуна койду. Кара түстөгү адамдарга адилеттик тартуулады. Мына ушундай эле менин кыялдарым да орундалат...

Бала эмизүү башкача, сөз менен түшүндүрүп бергис бакыт экен. Өзгөчө курсагы тоюп, бирок энесинин көкүрөгүнөн ажырагысы келбей, жөн гана жылмайып ойной баштаганычы! Эзилип, көкүрөгүмдө сөз менен айтып бергис сезимдер пайда болот. Энелик касиет деген ушул тура. Эмнени каалап жатканын көзүнөн билип коём, кандайча ыңаалаганына тыңшап туруп. Ачка болгонун же жалаяк алмаштыруу маалы келгенин түшүнүп коём. Ошондой эле менин бүгүнкү кыялымдын орундалышы, кызымдын жаркын келечегинин кепилдиги экенин билем.

Салтанат Адылбекова
XS
SM
MD
LG