Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:05

Жакшы тилек – жарым ырыс


Мартин Лютер Кинг албетте дүйнөгө өзүнүн эбегейсиз чоң эрки, кайраты, ишеничи жана эмгектери менен таанымал. Мартин Лютер Кингдин ата-энеси баласына ат коёрдо, ал чыгаан адам болорун билишсе керек, анткени алар тарыхта өзүнүн атын дүйнөгө жаңырткан Мартин Лютер деген ысымды тандашкан. Баарыбыз билгендей Мартин Лютер 1517-жылдары католик чиркөөсүнүн калкты басмырлоо идеологиясына каршы чыккан лидер адамдардын бири эле.

Мартин Лютер Кингдин зор эмгегинин эң негизгиси - бул расалык инсаниятка тийгизген таасири. Расизм адаттагыдай көрүнүшкө айланып, бүтүндөй дүйнө жүзүн басып алган эле. Дүйнө караңгылыкка батып, адилеттиктин руху да, нуру да жок болуп, адамзаттын жарым бөлүгү тагдырына баш ийип үмүтсүз жашоого думугуп жаткан учурда Мартин Лютер Кинг жарык нурдуу жашоону көрө алган. Анткени ал кыялкеч адам эле жана өз кыялдары кайсы бир күнү чындыкка айланарынан эч күмөн санаган эмес.

Мына, туугандар, кыргызда "жакшы тилек – жарым ырыс" деген макал чын экенин дагы бир жолу далилдеп турат. Анткени анын кыялы чындыкка айланып, азыр Америка Кошмо Штатынын президенти - кара денелүү Барака Обама.

Мен да бүгүн кыялдарымды жаңыртууну чечтим,
Жүрөктү ойгон сезимдерден бөлүшүүнү чечтим.
«Кыялдануу - куру иш» деп айтса дагы,
Кыялдануу – келечектин дайнеги деп чечтим.


Ооба, кыялдануу, ойлонуу, аракет кылуу, максатка жетүү – прогрессти, жаңыланууну, жакшылыкты тынымсыз алдыга сүйрөгөн ушулар эмеспи. Биздин коом, ар бир коомго окшоп эле өзүнүн кемчилиги да, артыкчылыгы да бар.

Мамлекет болуп калыш үчүн, ата-бабаларыбыздан калган уулу мурасты кийинки муунга өткөрүп бериш үчүн, мамлекетибизди гүлдөтүп-өнүктүрүш үчүн – биз өзүбүздүн баалуулуктарыбызды билип, аларды сактап калышыбыз керек. "Улут болсом – тилим менен улутмун" дегендей, мен ар бир кыргыз жараны кыргыз тилин билип, сыйлап, колдонуп жүрсө деп кыялданам.

Билим берүү тармагыбыз жетишерлик денгээлде кыргыз тилинде билим берсе, кыргыз тили өнүгөт эмеспи. «Элита» деп эсептелинген биздин интеллегенциябыз, аткаминерлерибиз карапайым элиме үлгү болуп, нукура кыргыз тилинде сүйлөшүп, ишин алып барып турса, кыргыз тили өнүгөт беле.

Ар бир бала, ар бир жаран татыктуу билим алса деп кыялданам. Базарларда бири тачка сүйрөгөн, көчөлөрдө бири кайырчы, бири рэкет болуп криминал жолун көздөгөн балдарды көрүп жүрөк ооруйт. Эгерде алар татыктуу билим алышса өздөрүнө, үй-бүлөлөрүнө, мамлекетке чоң жардам бере алышат беле.

Мамлекетибиздин экономикасы күчтүү болсо деп кыялданам. Өзгөчө Орусияда мигрант бөлүп жүргөн, үй-бүлөсүн багып жүргөн, тынымсыз кыстыктоого алынган, жакшы иштесе да сыңга алынган, талыкпай иштесе дагы куугунтукка дуушар болгон туугандарыбыз өз мекенинде иштей алса деп кыялданам.

Мамлекетибиздин экономикасы күчтүү болуп, чыныгы эгемендикке жетсек деп кыялданат элем.

Коррупция – жүрөктү сыздаткан проблема болуп келүүдө. Кайсы жерди караба, бүт жер коррупцияга малынып бара жаткансыйт. Окуу жайынан баштап, медицинаны аралап, сотторго чейин болуп кетиши өтө өкүнүчтүү. Коррупция бюрократиянын кесепеттеринен да чыгып жатканы баарыбызга маалым. Мен коррупция мамлекет, коом үчүн өтө терс көрүнүш экенин бүт жарандар түшүнүүсү жана буга жол бербөөсү тууралуу кыялданам. Анткени коррупцияны биз гана токтото алабыз.

Эмнегедир укуксуздук жашообузда өтө терең орун алып алгансыйт. Абдан сонун мыйзамдарыбыз бар, бирок алар кагаз бетинде калып жатканы адамды кайгыртпай койбойт. Эмнегедир бир адамдарды мыйзам өтө катуу жазалайт, а бирөөлөргө болсо өтө эле жумшак, кээ бирде көз жумуп коёт. Мен кыялданат элем, ар бир адамдын укуктары бирдей болгон соң, ар бир адам мыйзам алдында бирдей болсо деп.

Дарбазасы дайым ачык же кароосуз ачык калган үйдүн байлыктарын тартып алууну көздөгөн жаман адамдар көбөйөт эмеспи. Эртеби же кечпи, ал үй өзүнүн байлыктарынан айрылат. Биздин да мамлекетибиздин чек арасы күнү-түнү бекем кайтарылып турса деп кыялданам. Моде Шаньюнун айткан сөзү бар: "мамлекеттин негизи – бул анын жери". Мен да биздин жерибизди көздүн карегиндей сактасак деп кыялданат элем.

Ынтымакта, биримдикте жана тынчтыкта өнүгүү болору баарыбызга жакшы таанымал. Ага карабастан түндүк-түштүк деп өзүбүздү бөлгөнүбүз жакшылыкка жатпайт эмеспи. Биз чоң дарак сымал өсүп жаткан мамлекетпиз. Биздин илгертеден бери келаткан бир, терең, катуу тамырларыбыз бар. Кантип дарак өзүн экиге бөлүп салышы мүмкүн? Жараланган бак көпкө чейин жакшы өсө албайт. Тынымсыз ажыраган дарак акыры дүйнө жүзүндөн жок болуп кетиши ыктымал.

Туугандар, менин чоң кыялым бар, ар бир Кыргызстандын жараны - кыргыз, орус, өзбек, корей, таджик, казак, дунган, түштүктөн же түндүктөн болсун - өзүнүн улутуна, динине, расасына карабастан мен КЫРГЫЗСТАНДЫКМЫН деп сыймыктанып айтса, менин кыялым орундалат эле. Кыялымда ар бир адам мамлекети, ата-мекени, сүйүктүү жери үчүн күйгөн чыгаан патриот болушун кыялданат элем.

Кун сайын кандай гана учурларга дуушар болбойлу, ар дайым адам болуп кала береличи. Туугандар, келгилечи, бири-бирибизге кайдыгер мамиле жасабайлы, бири-бирибизге адамгерчиликтүү бололу, адамдык сапатыбызды жоготпойлу.

Кыргыз калкынын уулу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун айткан сөзү бар: "Адамга эң кыйыны - күн сайын адам болуу". Мен да ар бирибиз күн сайын адам болушубузду кыялданат элем!

Русланбек Акимканов
XS
SM
MD
LG