Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:18

Ажонун жан сакчысы


“Саламатсызбы, эже? Ден соолугуңуз, иштериңиз жакшыбы?

Сизге кат жазып жаткан, жазган каты менен жүрөгүндөгү оюн, көңүлүндөгү
кыялын билдиргиси келген, 25 жылга эркинен ажыратылган, Кыргызстандын биринчи ажосунун жан сакчысы деп билиңиз.

Бул катты алгандан кийин мен жөнүндө китеп жазасызбы же жазбайсызбы өз эркиңиз. Бирок менин каалаганым, менин кыялдарым ишке ашаарын жакшы билем. Жүрөгүм менен сезип, жүрөгүм менен туюп турам.

Ооба. Мен өз күнөөмдү билем, мойнума алам. Ошондо да калыстыкты туура көргөн, Жер жүзүндөгү адамдар бирдей жашоого укуктуу деп, адамдын адамдык сапатын жогору койгон америкалык Мартин Лютер Кингдин жүргүзгөн саясатына баа берем. Ал акылман адам экен. Адамдардын өңү-түсүнө, улутуна карабастан адам укугу, теңчилиги жөнүндө тайманбай күрөш жүргүзгөн, адамзат тарыхында адамдар бири-бирибизди кордобойлу деген ураанды алып чыккан асыл адам экен...

Ажого жан сакчы болуу менен көп нерсени көрдүм. Кыргызды кыргыз басынтканын көрдүм, кыргызды кыргыз кордогонун көрдүм. "Легендарлуу
парламенттин” айрым депутаттарынын акмакчылыктарын же болбосо аларга жардамчы болуп иштеген кыз-келиндерди сойкулукка мажбур кылган зөөкүрлөрдү көрдүм. Өлкөбүз жаңы гана эгемендүүлүккө ээ болуп, элибиз жакырчылыкты башынан өткөрүп жаткан мезгилде элдин акчасына чөмүлүп, алтынды алтындай чачкан ажонун үй-бүлөсүн жана дагы алардын жан-жөкөрлөрүн көрдүм.

Мен дагы Мартин Лютердей кыргыз элиме бирдей жашоо, бакубат турмуш
куруу жөнүндө кыялдандым. Акчалуу бай адамдар адам болуп саналып, акчасы жок, үйү жок кедей адамдар адам катарынан чыгарыла баштаганы мени абдан өкүндүрдү. Ажого кызмат кылбай, элиме жакшылык кылууну көздөдүм. Кантип? Кантип элди жакырчылыктан чыгарып, кантип жашоосун жакшыртам деген ой эртели-кеч тынчымды алды. Ажобуз айткандай, эгер Кыргызстан демократияны туу туткан өлкө болсо, анда элибиз эмне үчүн жакыр жашайт? Анда эмне үчүн бийликтегилер казына байлыгын каалагандай чачышат? Элдин жашоосу үчүн жумшаса болбойбу?

Эмне үчүн бай адамдарга, бийликтегилерге акча мыйзамы, байлык мыйзамы кызмат кылат, карапайым элге калыстыгы жок мыйзам өкүмүн чыгарат? Эмне үчүн? Мартин Лютер “Жер жүзүндөгү адамдар өңү-түсүнө, социалдык абалына карабастан баары бирдей эркиндикте жакшы жашоого укуктуу” деп айткандай биздин укугубуз бирдей болсо кана?

"Дордой" менен Ош базарында түштүктөгү селден жапа чегишип, үй-жайы жок күнү-түнү балдары менен базарлардын ар кайсы бурчтарында жашаган адамдарды көрүп зээним кейиди. Аларды мен эле эмес, ажонун баласы да көргөн, бирок эч кандай жардам кылган жок, ал тургай садага катары да чөнтөгүндөгү толтура акчадан бергенге жараган жок.

Барскоон окуясында цианиддин көлгө түшүшү чыр-чатактарды чыгарды. Ошондо чогулган элдин алдында өзүн ажымын деген имам ата ажонун уулуна мындай деген: "Балам, кыргыз эли көтөрүмдүү эл, элдин да убал-сообу бар. Силер тутамдап кармаган акчанын да, силер чет өлкөгө ташыган алтындын да сурагы бар. Алтын – Жараткандын кыргыз элине ыйгарылган ыракматы деп билишиңер керек. Алтын казылбаганда да кыргыз эли өлгөн эмес. Суук колун акчага, алтынга малгандар азап менен жашашкан. Ошон үчүн байлык, бийлик колдун кири деп илгеркилер туура айткан".

Байлыкка кызыгып калган үй-бүлөнү токтотуу мүмкүн болбосун жакшы түшүндүм. Менин көп иштерге күбө болгонум бара-бара жакпай баратты. Жан сакчылык күбөлүгүмдү алып, иштен бошотушту. Ажонун үй-бүлөсү менен жалгыз күрөшүүнү чечтим. Кыргыздын алтынын, акчасын бир үй-бүлө чачса, мен андай акчаны жакыр жашаган, үй-жайы жок адамдарга үй сатып берейин деп, Бишкектеги банктардан акча уурдап чыгып, базардагы элдерге тараттым. Ошондогу элдин жүзүндөгү кубаныч-ый дагы деле көз алдымда тартылып турат. Ооба, уурдабасам болмок. Бирок ошол ишке барганым менен көп адамдар үйлүү болушту, жер алышты. Мен алардын ким экенин сурабастан машинемдеги акчамды тараттым. Экинчи банкты уурдаарда, өзүмдү коргойм деп жатып, мага ок чыгарган милиционерлерди атып алдым...

Ошол кездеги мыйзам боюнча уурулук жана киши өлтүрүү деген беренелер менен өлүм жазасына кетмекмин. Ошол сот болор күнү ажобуз өлүм жазасына мораторий жарыялап, мен аман калдым...

Андан бери канча жыл өттү. Мен кызмат кылган ажо качып кетти.
Мартин Лютердин саясаты жөнүндө (кайсы жылы экени эсимде жок) кыргыз теле берүүсүндө атайын демократия темасындагы берүү болуп, ошондо угуп, ошондо көргөм. Ошондо эле кандай кыйын адам, өзүнүн айтканынан кайтпай, элдин жүрөгүндөгү ойду ачык айтып, ак сүйлөп, калыстыкты, Жер жүзүндөгү адамдардын биримдиги жөнүндө ойлонуп, артынан жактоочуларды ээрчиткен деп суктангам. Себеби мен да "Ажобуз элди ойлой албай калды. Кыргызстанды, кыргыз элин сактап калалы!" деп кыйкырып көчөгө чыгып, артымдан миңдеген адамдарды ээрчитким келген. Бирок анте алган жокмун. Ал кезде, кыргыз эли экиге бөлүнүп, туура жолдон адашкандар көп болгон.

Чыныгы элдик демократия Кыргызстанга келип орнооруна жүздөгөн жылдар керек экенин түшүндүм. Түрмөдө жатсам да эки ажонун жосунсуз жоруктары кечиримсиз экени дүйнө элине маалым болгонун жакшы билем.

Беш маал намазымды окуп, түн киргенден таң атканга чейин, таң аткандан кечке чейин кыялданам. Кыялымда кыргыз элим менин күнөөмдү кечирсе, мага окшогон, күнөөсүз күнөөлүүлөр акталып чыгып, үй-бүлөсү, эли-журту менен жакшы жашаса дейм.

Мен жакшы көрүп, мен өсүп, мен окуп тарбия көргөн Ата журтум, Кыргызстаным, мени алдейлеген кыргыз элим бара-бара оңолооруна, дүйнө элдериндей өнүккөн жакшы жашоого жетерине ишенем. Өз камын эмес, эл камын ойлогон, мекенчил ажо келерине көзүм жетет. Эркиндикти сүйгөн, жөнөкөй, карапайым кыргыз эли ата-бабалар туу туткан салты, маданияты менен бири-бирин кордобой, бири- бирин басынтпай, баары бирдей адамдын адам деген асыл атын туудай бийик көтөрүп жашайт деген жакшы кыялым жүрөгүмдө жашап турат".

Жаңылкан Бегалиева
Москва району. Беловодск айылы
XS
SM
MD
LG