Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:32

Кыялым - жашоомдун маңызы


Мындан 50 жыл мурда АКШнын жарандык активисти, эли үчүн өзүн курмандыкка чалган Мартин Лютер Кинг көкүрөгүн өйүгөн маселени миңдеген адамдардын алдында айтып чыккан. Элүү жылдан кийин анын кыялы ишке ашканын өзү көрбөй калса да, анын замандаштары буга күбө болуп, кыялдар орундалаарына дагы бир жолу ынанышты. Болгону ошол кыялыңа чын жүрөктөн ишене билиш керек.

Мен да кыялданам. 12 жашымдан бери көкүрөгүмдө жаткан бир кыялым бар. Адам баласы бирдей укукта төрөлөт. Бирок жашоо жана коом ар кимге ар кандай ролдорду бөлүштүрүп коёт тура! Мени мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын тагдыры өтө тынчсыздандырат. Алар бала чагынан эле жашоонун ачуу-таттуусун татып, ары-бери түртүлүп, көкүрөгүндө ыза топтоло берерин жакшы билем.

Ошол балдар башкалардан айырмаланбастан, балалыктын таттуу күндөрүн өткөрүп, өздөрүн бир нерседен кем сезбесе экен деймин. Эгерде өнүккөн мамлекеттер бул жаатта бир топ ийгиликтерге жетишип, алга кадам таштап, майыптарга болгон шарттарды түзүп бере алса, Кыргызстанда азырынча мындай аракеттер көп деле байкалбайт.

Мен чоң имарат тууралуу кыялданам. Ал имарат 2 кабаттуу болот. Биринчи кабатында балдар тамак ичип, оюн ойноп, китеп окуу менен убакыт өткөрсө, имараттын экинчи кабатына кечке ойной берип чарчап, таттуу уйкуга батканы барышат. Чоң үйдө майып балдардын арабасына ыңгайлаштырылган атайын лифттер, өзү жылган көпүрөлөр болот. Балдар эч качан өзүн бир нерседен кем сезишпейт.

Бул үйдүн короосу да кенен болот. Ал короонун тегерегине бак-дарактар, укмуш кооз гүлдөр отургузулат. Балдар өзүн коопсуз сезип, таза аба менен дем алышат. Атайын ыңгайлаштырылган бассейн, тренажерлор да болот.

Менин балдар үчүн ыңгайлаштырылган борборумда атайын адистер, дарыгерлер, мугалимдер иштейт. Алар балдарга өз баласындай мамиле жасап, сакайып кетүүсү үчүн болгон күчүн жумшашат.

Балким айтаарсыз, бул жөн гана кыял, ал орундалбайт деп. Орундалат. Анткени бул - менин кыялым жана мен анын орундалышы үчүн көптөн бери аракет жасап келатам. Азыр айлыгы дурус жерде иштейм, ай сайын айлыгымдын 30% ошол кыялымдын орундалуусу үчүн бөлүнөт. Мындан тышкары майыптардын акцияларына катышып, атайын семинарларга барганга аракет кылам. Ошондой эле адистешкен китептерди окуп, психология курсунда сырттан окуп жатам. Ооба, кыялдарымдын орундалуусу үчүн бул өтө аз. Демөөрчүлөр керек, имарат зарыл, оңбогондой акча сарпталат. Бирок узак жол алгачкы кадамдан башталат эмеспи.

Мартин Лютер Кинг деле 50 жыл мурда кыялы тууралуу айтып эле койбостон, кадам-кадамы менен өз кыялын ишке ашыра албадыбы. Ал пайдубалын түптөп, өз кыялын бара-бара ишке ашырбадыбы. Эгерде дүйнөнү өзгөрткөн Кингдин ошол кыялы ишке ашса, анда менин чакан кыялым эмне үчүн орундалбайт?

Ооба, кээде мен да чарчайм, мен да баарын таштап, эл катары турмушумду өткөргүм келет. Бирок ошондой маалда эгерде кыялымдан баш тартсам, жашоом маанисиз, маңызсыз өтөөрүн түшүнөм дагы, ошол замат кайра өзүмдү колго алам.

Мен бул эссени сыйлык үчүн жазган жокмун. Менсиз деле сыйлыкка татыктуу эсселер толтура экен. Болгону санаалаштарымды тапкым келет, кыялданып, бирок анысын ишке ашыруудан корккондорго дем бергим келет. Кыялданалы, достор. Мартин Лютер Кингдин кыялы ишке ашпадыбы. Эмне үчүн биздики ишке ашпайт? Сөзсүз орундалат!

Жамал Ибраимова
XS
SM
MD
LG