Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:33

Теңдик өкүм сүрсүн


"Менин төрт балам өңү-түсүнө эмес, адамкерчилигине, моралдык сапатына карап мамиле кылган өлкөдө жашаса деген тилегим бар".

Жакшы үмүт, кыял жакшы ийгиликтерге жеткирет. "Жакшы тилек – жарым ырыс" демекчи, жакшы тилек тилеп, ак ниет менен кабыл кылуу, бир гана өзүнө эмес, бүтүн өлкөгө салым кошуу.

Мартин Лютер Кингдин адам баласын өңү-түсүнө жараша эмес, адамдык сапатына карап баалоо керек деген сөзү мени ойлондурбай койгон жок. Кингдин патриоттук сезими, өз элине болгон боорукерлиги, ишеними – бул билгичтик деп эсептейм.

Азыр заманбап өнүгүү учурунда ар ким эркин сөз сүйлөөгө, өз укугун коргоого ээ. Мартин Лютер Кинг өзүнүн сөзү менен төмөндөгү сөздөрдү жеткиликтүү айткан. Адамдар өңү-түсүнөн, физиологиялык өзгөчөлүктөрүнөн, ден соолугунун чектелүүсүнөн башкача мамиле кылуу керек эместигин жактап айткан. Бул айтылган сөздөрүндө Американын келечеги үчүн болгон сезими айкын болгон.

Менин тилегим дайыма адам тең укуктуу, өз оюн кенен жана ачык айта алган, материалдык абалына жараша бай же кедей деп бөлбөй, улутуна, диний көз карашына карап бөлбөй, ынтымакта жашоосуна тилектеш элем.

Биздин Мекенибиздин тагдыры элибиздин тагдыры менен бирге ажыраткыс жип менен байланышкан. Дискриминацияга болгон күрөш жашоонун бардык этаптарында болуп келатат, адамдар алдыга жылып, бийиктикке, жетишкендиктерге жетүү үчүн.

“Ырыс алды - ынтымак” демекчи, эл арасында дегеле дүйнөдө ынтымак болсо бардыгы өз алдынча, өз ордунда, тизген мончоктой ирээттүү болот. Жакшы жашоо, кереметтүү кеч кечирүү теңдиктин алдынкы көрсөткүчү. Теңдик десек, тезекти эки капка тең бөлүп алуу сыяктуу элестетүү эмес, анын түп тамырынан, сабагын жана келечекке бере турган түшүмүн теңдеп, ысырап кылбай коромжусуз колдонуу. Бул ойго көмүлүп отуруп, төмөндөгү сөз эске түшөт: “Теңирим теңдикти сүйүптүр”, теңдик өкүм сүргөндө, кайыктай болуп, мен “бул жерге сиз үчүн келдим” дегендей жылуу сезим тартуулап, белги берет.

Эркиндик – бул мыйзам чегинде, эркиндикти колдоно билип, аны талапка ылайыктуу пайдалануу, жогоруда айтылган ачык айтуу, укук коргоо, эркиндик, теңдик. Менин оюмча бул сөзгө жандын бардыгы жан дили менен макул болду, ошондо Мартин Лютер Кинг кандайдыр бир кубанычтын кабарын айткандай. Бул ошол убакытта биринчи түрткү болгон эле. Өз табиятын сүйгөн жана баладай бапестеген эл. Мартин Лютер Кинг менен бирге болгон эл өз жерин Ата Журт, ата конуш деп атап, ата деген сөздү баалап-барктап айтканы бекеринен эмес деп ойлоп жүрөм.

Бардыгыбыз билгендей эле аракеттин жана сабырдуулуктун бардыгы бизге керектүү болгонун түшүнүүбүз зарыл. Анткени адамдарга дагы ийгиликке жетүү үчүн көптөгөн аракеттерди жумшап, көп убакыт күтүүгө туура келет.

Карина Кожокулова
XS
SM
MD
LG