Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:26

Мезгил оңдойт, убакыт таразалайт


Эркиндик, теңдик үчүн канчалаган кан төгүлдү, көз жаш акты. Ата-эне балдарынан, балдары болсо ата-энесинен ажырады. Кандай гана кыйын күндөрдү баштан кечирип, акыры “кара” деп бөлгөн эл, эркиндик туусун желбирете алды. Тең укуктуулукка жетти.

Мына бүгүн сиз менен биз мыйзамда көрсөтүлгөндөй адамдарды өңү-башына, жынысына, диний ишенимине, социалдык тегине эмес, адамдык асыл сапаттары менен барктап калдык. Жеке жөндөмдөрү менен кадырлап алдык. Билимине карап баа берип калдык. Акылына карап таразалап алдык.

Адамзаттын тарыхында болгон бул өзгөрүүдө, бул кадамда Мартин Лютер Кингдин эбегейсиз чоң орду бар деп билем. Жүрөктөн айтып, жүрөккө жеткирген анын таамай айтылган таасирлүү сөздөрү күнү бүгүнкүдөй унутулбай жашап келет. Эркиндикти, теңдикти баалаган, анын кадырына жете билген инсан катары мен да анын алдында башымды ийип таазим этем.

Биздин айыбыз бир, күнүбүз бир, атүгүл сыздаганда жардам сурап кайрылган Жараткан бир. Бир күндүн, бир айдын нурунда канчалык кубат алсак, мына ошол нурдун, жарыктын кубаты менен жашайбыз. Анткени биз бирдей төрөлөбүз, бирдей өлөбүз. Ушул дүйнөгө адам болуп жаралып, айбан кылбаган ишти кылгандар көп. Эркиндиктин туусун тепсеп, тең укуктуулукту көзүнө илбегендер көп. Бирөө ыйлап жатса, башкасы карап күлгөн көп.

Менин кыял-тилегим бар, адамзаты аска зоодой бийиктигин барктайт, эненин көз жашынан коркуп бири-бирине каршы согуш ачпайт. Анткени эң оболу согушту эне жек көрөт. Адамдардын эң көп ырыскысы согуштук курал-жарактарга сарпталат. Эркиндиктин кымбаттыгын билип, керт максаттары үчүн бирөөнүн азаттыгы кыйылбайт. Канатын кенен жайып, асман тиреп учкан куштардай бүткүл эл журт ар дайым эркиндиктин туусун желбиретип жашайт жана ал күнгө жеткенине каниет кылат деген кыял-тилегим бар.

Биз жашап жаткан күндөр өтөт, бирок бул күндөргө тарых кайрылат. Кимдин кандай болгонун, кимге ким бут тосконун, тынч жашоосун бузуп ынтымагын ыдыратканын тарых таразалайт. Коомчулук баа берет. Мына ошондой чыныгы баа берчү күн келгенде балдарыбыздын, Мекендин, дүйнө коомчулугунун алдында башыбызды бийик көтөрүп, кылган иштерибиз менен сыймыктанчу күн келет деген кыял-тилегим бар.

Жашоого бир жаралып келгенден соң Жараткандын, жалпы журттун алдында ар бирибиз инсандык парзыбызды, бизге жүктөлгөн жоопкерчилигибизди так аткарып, бири-бирибизге эки жүздүүлүк кылбай турган күн келет деген жүрөктөн сыздаган улуу кыял-тилегим бар.

Бир күн келет, адамдардын кылган иштери, көрсөтүп жаткан кызматтары өз кызыкчылыктарын көздөгөн кандайдыр бир саясий максаттан улам эмес, өздөрүнүн чын жүрөгүнөн ишке ашат. Канчалаган адамдарды ачкалыктан арылтат, караңгылыктан жарыкка чыгат. Жер жүзүндөгү бардык табигый ресурстар рационалдуу пайдаланылат жана бардык элге бардар жашоо, жыргалчылык алып келет.

Мына ошол күндөрдү эңсеп жашайм, күн санап күтүп жашайм, Жараткандан жалбарып, ар дайым сурап жашайм. Анткени ар бир адам бул жашоодо бактылуу болууга укуктуу! Ар бир адам бул жашоодо өз ырыскысын өзү татып жашаганга укуктуу! Биз эч качан тынч жаткан элдин арасына от жакпашыбыз керек! Биз бирөөнүкүнө эч качан кол салбашыбыз керек! Анткени биз акыл-эс менен айырмаланган, жаманды жакшыдан ажырата алган жер жүзүндөгү аты улук АДАМ деген атты алып жүрөбүз.

Ныяз Ташматов
XS
SM
MD
LG