Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Ноябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:06

Бишкекке чогулган дүйнөнүн бак-шагы


Бишкектеги Улуттук Илимдер академиясына караштуу Ботаникалык бактагы дендрарий коругунда кызмат көрсөтүүлөр жанданды. Мында адистер каалоочуларга сейрек кездешүүчү бак-дарактардын тарыхы, табияты тууралуу айтып беришет. Ботаникалык бак жыл сайын 38 өлкө менен үрөн алмашып, алардын кыргыз жеринин кыртышына ыңгайлашуусун, көчөттөрдүн өнүмүн изилдейт.

Бизди илимий адис Галина Малосиева дендрарий коругу менен тааныштырып жүрдү. Ал Ботаникалык бакта 1984-жылдан бери иштеп келатат:

- Азыр сиз Түндүк Америкада өскөн даракты көрүп турасыз. Ал Кыргызстандын климатына эң сонун ыңгайлашты. Биздин корук дендрарий деп аталат. Бул статуска 1968-жылы ээ болгон. Дендрарий деген сөз көркөмдүк үчүн өстүрүлгөн сейрек кездешүүчү дарактар эгилген аймакты түшүндүрөт. Бул жерден эки миңден кем эмес жергиликтүү жана башка континенттерден алынган ар кандай формадагы дарактардын, бадалдардын жана чырмалып өсүүчү өсүмдүктөрдүн түрлөрүн көрөсүз. Өсүмдүктөр ботаникалык-географиялык тартипте Кыргызстандын, Борбор Азиянын, чет Азия мамлекеттеринин, Ыраакы Чыгыштын, Европанын, Сибирдин, Крым менен Кавказдын, Түштүк Американын секторлорунда жайгашкан.

Малосиева бул жерде республиканын аймактарын жашылдандырууга ылайыктуу дарактарды сактап калуу, четтен келген үрөндөрдү кыргыз топурагына ыңгайлаштырып, климатташтырып тандап алуу иштери жүргүзүлөрүн белгиледи.

Ботаникалык бакка мэриянын көзү түштү

Ботаникалык бакка мэриянын көзү түштү

Ботаникалык бакта 12 жылдан бери иштеп келаткан агроном Байыш Мусалиев учурда бакчага айрым канаттуулар да келип баш калкалап каларын кеп кылды:

- Өзүңүз көрүп тургандай, бул жерге аба ырайы өзгөргөнүнө байланыштуу каргалар келет. Алардан башка да бир топ түрдүү чымчыктар келип кышташат. Өзүбүздүн фазандарыбыз да бар. 2-3 жылдан бери кекилик кадимкидей эле үйүр-үйүрү менен келип түнөп, күн ачылганда кайра учуп кетүүдө. Жаныбарлар климат кандай болорун, кай жерге кыштаса коопсуз экенин билишет. Аларга тынч жер керек.

Учурда каалоочулар корукка кирип, ал жердеги адистердин коштоосунда саякат жасап, ажайып кооз өсүмдүктөр менен таанышып, таза аба жутса да болот экен. Шаар тургуну Арсланбек Атаев аталган аймакта эс алганды жакшы көрөгөндөрдүн бири:

- Мен бул жерге күн сайын жел араба менен келем. Коруктун аймагына кирерим менен таза абадан улам жеңилдей түшөм. Бул бакта бүтүндөй дүйнөнүн дарактары бар. Түрдүү өсүмдүктөр, гүлдөр көз кумарын кандырат. Дем алуум үч эсе жеңилдейт. Ар бир өсүмдүктү кызыгып карап жүрүп бир топ аймакты басып өтөм. Буга чейин тизем ооруп, баскандан кыйналчумун. Азыр аксабай калдым.

Анткен менен бул керемет аймакка көз боло турган адистер тартыш. Байыш Мусалиевдин айтымында, маянанын аздыгынан ондон ашык кызматкердин көбү кетип, үчөө эле калышты:

- Жаш адистер маяна аздыгынан улам келбей жатат. Бирок акырындап тартканга аракет кылып жатабыз. Практикага окуу жайлар, мекемелер келип жатат. Айрыкча быйыл “АрчаА” демилгеси коомдук фонду жакшы жардам берди. Ботаникалык бакка бир топ каражат сарптап, тазалаганга, коруктун кадырын көтөргөнгө жардам беришти. Коомчулук да кайдыгер болгон жок. Бул адамзат кайрадан жаратылышка кызыга баштаганын түшүндүрөт. Буга чейин Ботаникалык бак эске алынбай келген. Чындап эле азыр бул жерде үч гана адам эмгектенебиз. Үч адам 14 жарым гектар жердеги токойду сугарып турууга жетишпейт.

1938-жылы түптөлгөн ботаникалык бул корукта бүгүнкү күндө миң жылдап жашай ала турган сейрек кездешүүчү дарактар, 5,5 миңден ашык түрү бар бадал, гүл, дары чөптөр өсөт. Корук Улуттук илимдер академиясына карайт.

PS: Макалага пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG